Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Нарын: элдик жыйын араздашуу менен бүттү


14-январда Талас жана Нарын шаарларында нааразылык жыйындар өтүп, анда негизинен электр энергиясына бааны арзандатуу башкы талап катары коюлду.

Нарын шаарындагы нааразылык жыйын мурда болжолдонгондой көчөдө эмес, облустук драма театрдын имаратында өттү. Бул өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыповдун демилгеси менен ишке ашты. Жүздөн ашык адам катышкан элдик жыйынга энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев да келди. Министр өз сөзүндө элге жеңилдиктер каралгандыгын сөз кылды.

Энергетик министри (солдо) элге абалды түшүндүргөнгө аракет кылды
Энергетик министри (солдо) элге абалды түшүндүргөнгө аракет кылды

- Мына сиздердин кайрылууңуздарды угуп, 700 киловатт саатты 70 тыйындан, андан 1000 киловатт саатка чейин 1 сом 22 тыйындан, ал эми андан ашканын 1 сом 82 тыйындан төлөө графигин түздүк. Түшүнүп койсоңуздар, биз светти импортко алып жатабыз. Сиздер деле бир нерсени, мисалы, эки сомдон алып кайра бир сомдон сатпайсыздар да, туурабы?

Министрдин бул сөзүнө канааттанбагандар бирден чыгып, өз ойлорун билдирип жатышты. Алардын бири Бактыгүл Жумабаева мындай деди.

- Биз Бакиевди жөн эле жаман көрүптүрбүз. Ал болгону 1 сом 20 тыйын кылган. Эми бул бийлик 2 сом 5 тыйын кылганын кандай түшүнсөк болот? Биз митингге чыгарда мени бир топ жаманатты кылышты. Бекназаровду үйүнө алып келип, катып жатат, митингдин артында үчүнчү күчтөр бар дешет. Митингге эл өзү кыйналганынан чыгып жатат. Биз уюштурсак башкача болмок. Мисалы, мен эч кимди үгүттөгөн жокмун.

Бактыгүл Жумабаеванын артынан эле сөз алып сүйлөгөн дагы бир апрел баатыры, Нарындын мурдагы губернаторлорунун бири Адыл Эсенбеков убагында өзү да митинг уюштуруп жүргөнүн айтып, бирок бул жолу аны атайын уюштуруу үчүн сырттан буйрутмалар болгондугун белгиледи.

- Мына, чек арада кандай маселелер болуп жатат. Мунун баары Бакиевдин буйрутмасы. Анын ар бир адамы бийликте отурат. Бактыгүл эже, сиз Бакиев жакшы болчу дебеңиз. Ушунун баары Бакиевдин иши. Сиз убагында революция кылып, анын арты менен 800 миң сом алып, кредитиңизди жаап алгансыз. Кредит берип, базардын баарын карызга батырдыңыз.

Нарын
Нарын

Адыл Эсенбековдун мындай сөзү жыйынды башка нукка бурду. Өз ара араздашып кеткен апрел баатырларын тартип сакчылары бөлүп калды.

Бул аралыкта өкмөттүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти. Жыйында эч кандай жыйынтыкка келе албаганына нааразы болгон шаар тургуну Кенже Сатыбалдиева:

- Эмнеге элди бөлүшөт? Бир кездеги эл баатырларын азыркы бийлик эки-экиден бөлүп, эл душманы кылып койду. Жыйынтык чыкпаганына эл нааразы.

Митингден чыккандан кийин Бактыгүл Жумабаева апрел окуясынан кийин алган “Эл баатыры” деген күбөлүгүн өрттөп, "электр энергиясы кымбаттап жаткан учурда баатыр боло албайм" деди:

- Биз 2010-жылы революцияга чыгып жүргөндө бийликке келгендердин убадалары аткарылган жок. Мен ошол кезде баатыр болгонум менен, азыркы кезде мындай күбөлүктүн кереги жок.

Таластагы митингге чогулгандар
Таластагы митингге чогулгандар

Буга чейин Нарында электр энергиясына нааразы болгондор эки ирет чогулушуп, акыркы акциясында өкмөткө 15 күндүк убакыт беришкен.

Таластагы митингде болсо жети талаптан турган резолюция кабыл алынды. Анда электр баасын мурдагы калыбына келтирүү, төө бурчактын баасын көтөрүү, Талас өрөөнүндөгү кен-байлыктарды иштетүүгө мораторий жарыялоо сыяктуу талаптар камтылган. Талас облустук милициясынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов митингге 150гө жакын адам чогулганын билдирди. Ал эми митингге катышкандар миңге чукул адам катышты деп маалымдашты.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты.

XS
SM
MD
LG