Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

Кулматовдун иши купулуңузга толобу?


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

"Азия ньюс” гезити Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө бир катар адамдардын ой-пикирин ортого салды.

"Азия ньюс” гезитине журналист Бегимай Бакашеванын “Сентябрда заманбап калпактар сатылат” аттуу, ал калпактар кандайча жасалганын, баасы канча турарын, алардын аялдар жана эркектер кие турган түрлөрү болорун сүрөттөрү менен баяндаган макаласы басылып чыкты.

Ушул эле санга Бегалы Наргозуевдин “Ташиев, сен дагы Атамбаевге коёндой окшошо баштадың”, ал эми Камчыбек Ташиевдин “Бегалы мырза, өрдөк учургандын да чеги болот” деген кайым айтышы басылды.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө бир катар адамдардын ой-пикири да ушул гезитке басылып чыкты.

Мурдагы министр Эмил Үмөталиев: - Мэр жер уурдоолорду токтотуп, башаламан салынып жаткан курулуштарды көзөмөлгө алуусу зарыл,-деп;

“Эркин Эл” партиясынын лидери Аскарбек Мавлянов: - Шаардык депутаттардын ичинде өз кызыкчылыгын көздөгөндөр көп. Десятников, Аманкулов сыяктуу бийлик депутаттары реформа жүргүзүүлөргө бут тосуп жатат,- деп;

Депутат Данияр Тербишалиев:- Мэриянын структурасын кыскартып, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып, мэр шаардыктардын алдында отчет берип турушу керек,- деп;

Саясатчы Дастан Сарыгулов:- Кулматов элге кызмат кылуу үчүн мэр болгон жок. Бишкекти таштандыга толтурду. Элди кыйнабай кетпейби,-деп;

Мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов:- Кулматовдун жакшы иштээрине эч кимдин көзү жетпейт, анын бийликке келишине атасы Кеңеш Кулматов себепчи болгон,- деп;

Саясатчы Уран Ботобеков:- Мурдагы шаар башчылары Түлеев менен Өмүркулов түптөгөн чарбалык иштерди үзгүлтүккө учуратты,- деп жооп берди.

Бүгүн жарык көргөн “Ачык сөз” гезити “Эл кызына көпчүлүктүн пейили ак” деген макаласында колуна салына турган кишенден корккон эргулдар баш прокурор Аида Саляновага тамактары айрылганча асылып келатышканын, парламентке сурданып кирген айымды көбү тике кароодон айбыгышканы деле ачык көрүнүп турганын, бирок артында калбыры барлар айрым депутаттарын айдактап, талатууну көздөшөрүн, талап да келатышканын, негизинен Салянованы кулатуу операциялары азырынча дагы эле токтобой тургандыгын, анткен менен анын кайратынан жанбай тургандыгы көптүн ишенимин бекемдеп келерин жазып чыкты.

“Ачык сөз” гезити башкы редактору Жора Сулаймановдун “Өзүңдөн ашканын элиңден аяба, боордош!” аттуу баш макаласын тартуулады. Автор кыш келатканын, бийлик кыштын чапанын этегине тартса, башы ачык кала турган өлкөнү сууктан кантип алып чыгам деген аракетин көрүп жатканын, бирок ага муштумун түйгөндөр да барын, Кумтөрдү шалтурук кылууну көздөгөндөр жүргөнүн, таягын такымына кысып алып, түштүк-түндүк жолун салууга ниети бузуктар жок эместигин өңдөрү карарып, ГЭСтердин ишин катыра сындаган менен өздөрүнүн колунан кокон тыйын келбегендер жүргөнүн, бир сөз менен айтканда ушул өңдүү ою кокуйлар өлкөдө жакшыны жаратууга ачык эле каршы экенин айтты. Ырас, коррупционер күнөөсү менен камалып жатышат, бирок аларды биротоло кесип жибербегенден кийин байлыктарынын баарын мамлекетке алып, “жылаңачтап” туруп, жылаңачтап дегенибиз, жаңы туулган баладай алды-артын тазалап туруп, андай кыйын болсоң эми ак иштеп байып көр” деп, маселен Нариман Түлеевдин байлыгын мамлекетке алып туруп, элге кошуп жиберсе болот эле го?” деп жазуу менен колдоруна карга тургай алпкара куш чычып койгон кыргызбайларды санады. “Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, Чыныбай Турсунбеков, Феликс Кулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Карганбек Самаков, Акылбек Жапаров, Мелис Мырзакматов сыяктуулардын бирөө-жарымы кыш катуу болсо он вагон көмүрүн, кубаттуу кабелдерди сатып бергенге жарар бекен? Акматбек Келдибеков деле Алайга бир электр подстанция куруп берсе жарашпайт беле?” - деп жаны ачыды.

Ушул эле журналисттин эл сүйүп окуган жазуучу Айгүл Шаршен кызынын оор дартка кабылып, анын азабын тартып жаткан тагдырын, буга дейре 97 китеп жазып, 92си басмадан басылып чыгып эбак элге тарап кеткенин, бирок Жазуучулар союзу аны эмгиче мүчөлүккө кабыл албаганын, эми жазмак тургай жабышкан оорусу менен алпурушуп, айласы кетип турганын, жалгыз тиреги небереси Жанара экенин, аны да мектепке даярдашы керектигин айтып, жанды ооруткан маегин окурмандарга жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG