Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Өткөн жумадан бери Кыргызстандын Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көпчүлүктү шыктандырууда.

Миллиондогон каражат менен эбегейсиз эмгек жумшалган оюндар Кыргызстандын туристтик аброюн көтөрүп, өлкө ичиндеги улуттук биримдикти чыңдайбы? Көчмөндөр оюндарынын эл аралык мейкиндиктеги келечеги кандай болот?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков, Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун ага илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов жана журналист Нарын Айып катышты.

“Азаттык”: Темиркул мырза, Кыргызстан экинчи жолу Көчмөндөр оюндарынын мекени болду. Бул жолку оюн менен кыргыз өзүн тааныды, тапты деген ишеним пайда болду. Демек, бул оюн Кыргызстандын өзүн дүйнөгө тааныта турган эн белгиси болот деп үмүттөнсөк болобу?

Көчмөндөр оюнуна келген Стивен Сигал

Көчмөндөр оюнуна келген Стивен Сигал

Темиркул Асанов: Албетте, Кыргызстан ушул оюн аркылуу эл аралык деңгээлде өзүн тааныта алды. Анткени, батыш өлкөлөрүндө көчмөндөргө же илимий тил менен айтканда номатизмге кызыгуу абдан жогору. Батыш өлкөлөрүндө көчмөндөрдүн атрибуттарын шаарларына коюп, боз үйлөрдү тигип, кызыгып жатышат. Демек, бул биздин визиттик белги болуп жатат деп айтсак болот. Себеби, бизде мындан башка көрсөтө турган маданий жетишкендиктер деле жок. Ошон үчүн ата-бабабыздан бери келе жаткан салт жана оюн-зооктор батыштагылар үчүн өтө баалуу жана кызыктуу.

Кыргызстан экинчи жолу оюндарды өткөрүү менен өзүн таанытып жатат. Ал тууралуу интернет барактарында, маалымат каражаттарында көп жазылып жатат. Чет өлкөлүк катышуучулар да Көчмөндөрдүн оюндарына катышып, өз көздөрү менен көргөндөрүнө сыймыктанып жатышат. Бул Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу.

“Азаттык”: Түгөлбай мырза, Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосу кыргыздардын эле эмес, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын маданиятынын ордосу болуп жатат. Ушундан улам бул оюндар өлкөдө улуттук биримдикти бекемдеген окуя болду, мындай иш-чараларды дагы көбүрөөк өткөрүү зарыл деп айтсак болобу?

Түгөлбай Казаков: Айтсак болот, анткени Бразилиядагы карнавал жыл сайын дүйнөдөгү канча элдердин башын кошот. Биз дагы качандыр бир кезде жоготуп алган көчмөндөрдүн аруу дүйнөсүнө жок дегенде бир жолу кирип чыксак, баарыбыз үчүн жакшы болот. Себеби, көчмөндөр руханий дүйнөнүн азаматтары болчу, биз болсо материалдык дүйнөнүн кулу болуп калдык. Кайра кайтып барып, өзүбүздү рухий дүйнөбүздү тазартып алсак, уктап кеткен сезимдерди ойготуп алсак абдан пайдалуу болот. Ошон үчүн чет жерден келгендер абдан сүйүнүп жатышат. Мисалы, Америкадан келген индеецтер кыргыздар кол чапкан сайын сүйүнүшүп, бир тууганбыз деп жатышат. Муну менен албетте, элдердин башы кошулуп, алысты жакындаткан, жакынды бекемдеген иш-чара болуп жатат.

“Азаттык”: Нарын мырза, экономикалык серепчи Азамат Акелеев Фейсбуктагы баракчасына “Мындай көп чыгым жана эмгек талап кылган иш-чараларды тойго айлантпай, анын келечекке жол салышы үчүн аракет кылышыбыз керек” деп жазды. Сиз ага кошуласызбы? Көп каражат жана уюштуруучулук эмгекти талап кылган ушул оюндар Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрөт деген ишенимдесизби?

Нарын Айып: Абройду көтөрүү деген башка, каражат деген башка нерсе. Адам жакыр болуп туруп деле акыркы акчасына фрак менен галстук сатып алып кийип, тойго барып элге көрүнүп, элдин катарына кошулгансып жүрсө болот. Элдин баары аны кубаттап, биздин катарыбызга кошулдуң, тууганбыз деп саламдашып жүрө берсе болот. Ал эми анын балдары үйүндө ачка жатканын эч ким биле бербейт. Ошон үчүн бул жерде каражат маселеси өтө олуттуу болуп турат.

Көп бизнесмендер тигини жасайсың, муну жасайсың деп салык катары мойнубузга илип салды деп айтып жатышат. Оюндарга катышкан миңдеген артисттерге эмгек акы кандай төлөнүп жатканы да белгисиз. Миңдеген адам өтө чоң роль аткарбай эле массовкада жүрөт. Аларды тамактандырыш керек, жаткырыш керек дегендей.

Оюндардын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев канча каражат кеткендигин айтпай койду, бирок эл арасында 23 миллион доллар кетти деп айтылып жатат. Бул сомго которгондо 1 млрд. 600 млн.сом болот. Ал эми Тамчы аэропортуна 32 млн. доллар кетти деп жазып жатышат. Буга мисал - Индия Пакистан менен чектешкен, эч нерсе жок бош жерге 17 млн. долларга аэропорт курган. Ошон үчүн каражатты аябай жеп жатышат окшойт деген ой бар.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG