Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Өктөбүрдүн кеткен кези...


Октябрь революциясынын күнү азыр КМШда Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары белгиленет.
Октябрь революциясынын күнү азыр КМШда Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары белгиленет.

7-ноябрь - Октябрь революциясынын күнү - Борбор Азияда Кыргызстанда гана расмий майрам катары жарыяланган. Ошол эле кезде улуу муун үчүн өзгөчө күндү жаштар кайдыгерлик менен кабыл алышат.

Совет мезгилинде номур биринчи улуттук майрам катары бөтөнчө шаан-шөкөт менен белгиленип келген Октябрь революциясынын күнү жыл өткөн сайын өз шаанисинен ажыроодо. Мисалы, Бишкектеги Лениндин эстелигинин алдында азганактай коммунисттер чогулуп, пролетариат жолбашчысына гүлчамбарларды коюу менен чектелишти.

Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев бул майрамдын кыргыздар үчүн маанисин мындайча эске салды:

- Эгерде Улуу Октябрь социалисттик революциясы болбосо, кыргыздарды азыркы күрттөрдүн, же башка өлкөлөрдүн тагдыры күтмөк болушу керек. Балтика боюндагы мамлекеттер, же Кавказ мамлекеттери бул күндү сындаса да, Кыргызстанда эч кандай чыр болбошу керек. Ошондуктан биз жылына Ленин атабыздын эстелигинин алдына гүл коюп эскерип, кичинекей митинг өткөрүүнү салтка айлантканбыз.

7-ноябрь расмий катары мыйзамда каралганы менен ага мамлекет жетекчилери тарабынан көңүл бурулбаганына жергиликтүү коммунисттер капа.

- Кызыл күн болгон соң, майрам болгон соң ага шарттар түзүлүшү керек эле. Бизде болсо бизге жакпаган Нalloween, Ыйык Валентин деген майрамдарды белгилеп, биздин мамлекет башчыларыбыз дискотекага барып жаштар менен кошо ырдап-бийлеп жүрүшөт. Ал эми өзүбүздүн мыйзамда бекитилген майрамды мамлекет башчыларбызы унчукпай, оозуна “суу толтуруп” алгансып отуруп беришет. Тартынабы, же коркушабы мен түшүнбөйм, - деди Исхак Масалиев.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да бул майрамды кыргыз мамлекетинин түптөлүшү менен байланыштырат:

- Улуу Октябрь революциясы деген эмне? Биринчиден, дүйнөнү өзгөрттү, анын ичинен Кыргызстанды өзгөрттү. Заманбап Кыргыз мамлекеттин түптөлүшү ошондо пайда болду. Илимий, өндүрүш жана маданий жалпы эле элита ошол учурда пайда болду. Үчүнчүдөн, социалисттик идеология эмгекчил элдин эзүүчүлөргө каршы чыккан күнү. Ошол эзүүчүлүк мына бүгүн да болуп жатат. Бүгүн пулу бардын заманы болуп жатат. Ал идеология актуалдуу бойдон калышы керек. Көптөгөн өлкөлөрдө социалдык адилеттүүлүк орун алган. Тилекке каршы, бизде жапайы, баскынчы капитализм, “эбин тапкан эки ичет” деген идеология өкүм сүрүп келе жатат. Мына ушуга каршы күрөшүү үчүн ушундай тарыхый окуяларды колдонуу зарыл.

Ошол эле кезде 7-ноябрды майрамдоону Кыргызстандын эгемендигин тааныбоо деп эсептегендер да бар. Алар негизинен жаштардын арасында.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун директору Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, Советтер Союзунун учурундагы кыргыздарга каршы кыянатчылыгынан соң бул күндү майрам деп кароо мүмкүн эмес:

- Муну майрамдагыдай революция эч кимдин деле эсинде жок. Биз өзбүздүн эгемендүүлүгүбүздү майрамдайлы, жаңы жыл, диний майрамдарды майрамдайлы. Башканын кереги деле болбосо керек. Ардагерлерби, же коммунисттерби, аларга революция күн жакшы болсо жумуштан суранышсын да, өздөрүнчө майрамдай беришсин. Башка майрамдар деле ошондой да. Менин оюмча, социалисттик революцияны алигиче Улуу социалисттик революция деп атоо туура эмес болсо керек.

Намазалиев экономикасы чабал Кыргызстанда майрамдардын эпсиз көп экенин да кошумчалады.

Октябрь революциясынын күнү КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары белгиленет. СССР мураскору аталган Орусияда бул күндү аскер даңкынын күнү катары кабыл алса, Балтика боюндагы өлкөлөр өз эгемендигин жоготуу менен байланыштырып келишет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG