Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Өткөн аптада парламент Акыйкатчыга көрсөтүлгөн сегиз талапкердин бирин да шайлабай койду. Мындан улам бул кызматка жаңы сынак жарыяланды.

Фракция лидерлеринин кайым айтышуусун жараткан Акыйкатчыны шайлоо жараяны кандай кызыкчылыктарга байланды? Он жылдан ашуун тарыхы бар, көз карандысыз Акыйкатчы институтуна кандай жетекчи керек? "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкуууга - Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жана “Республика Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев катышты.

Рыскелди Момбеков: Бизде Акыйкатчыны тандоодо фракциялык кызыкчылык болгон жок. Бизде Акыйкатчы институтунун баркын көтөрүү максаты болду. Кандайдыр бир талапкерге мажбурлоо, таңуулоо болгон жок. Кийинки шайлоодо деле биздин Жамгырчиева биринчи турдан өтпөй калбадыбы. Бул эмнени түшүндүрөт? Эгер биз каалаган болсок, эгер биздин фракциянын талапкери утуп кетсе, анда оюн таптакыр башкача болмок. Кызыкчылыктар болду дегенге мен такыр эле кошулбайм. Негизи менин жеке пикиримде сегиз талапкердин бири да татыктуу болгон жок, мени өзүнө тарта ала тургандай болгон жок. Бул жолку талапкерлердин бардыгы шайлоонун биринчи турунда эле бири да 30 добуш ала алган жок. Мен алардын биринин дагы өтпөсүн шайлоого чейин эле билгем. Алардын деңгээли бул кызматка татыксыз болчу.

Кенжебек Бокоев: Парламентте Акыйкатчыны шайлоо болбой эле анын оюнга өтүп кеткени бизди өкүндүрдү. Парламенттин тарыхында үчүнчү турга чейин сегиз талапкердин ичинен суурулуп чыгып, анан аягында өтпөй калышы биринчи жолку таң калыштуу окуя боду. Бул эмнени билдирет? Бул жерде партиялык кызыкчылыктар, саясий коррупция орун алып кетти. Биздин талапкер үчүнчү турга чыкканда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев талапкердин оппозициялык партиядан болушу табиятынан туура эле деп, биздин талапкерди колдоп коюуну өтүндү. Экинчи тур бүткөн соң биз Өмүрбек Бабанов менен чогуу Чыныбай Турсунбековго бардык. Эң көп бийликтин партиясы силерсиңер, мына бир талапкер калды, колдоо көрсөтүп койгула дедик. Ал жерден бизге так эле жооп болду. Текебаев мындай саясий билдирүү жасап койгондон кийин биз колдой албайбыз деп эрегишип чыкты. Бул жанагы саясий оюн деген нерсе, Бабановдун таарынганы ошол.​

Рыскелди Момбеков: Эмнеге бул жолу күчтүү талапкерлер катыша алган жок. Алар баары бир коалициялык көпчүлүк өзүнүкүн өткөрөт деп ойлошкон. Сегиз талапкер тең өтпөй калган соң эми азыркы шайлоо мындан жакшы өтөт. Биринчи шайлоо эми мындан кийинки күчтүү Акыйкатчынын тандалышына шарт түздү. Азыр жеке маалымат боюнча Кайрат Осмоналиев , Чолпонкул Арабаев өңдүү талапкерлер койгону жатат. Азыркы талапкерлердин бардыгы татыктуу болот, арасынан бирөө шайланат деп ишенем.

Кенжебек Бокоев: Бизде Акыйкатчынын шайлоосу качан өтөт? Качан бийлик же КСДП көрсөткөн талапкер өтсө, анда ошол шайлоо "акыйкат" эсептелет. Башка талапкерлер чыкса туура эмес болуп эле кулай берет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG