Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

"Интернет эрөөлдө" Камчыбек Ташиев болду


Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери, алдыдагы президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан саясатчы Камчыбек Ташиев "Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" түз жыйынында суроолорго жооп берип жаткан учур. Бишкек. 2011-жыл
Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери, алдыдагы президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан саясатчы Камчыбек Ташиев "Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" түз жыйынында суроолорго жооп берип жаткан учур. Бишкек. 2011-жыл

Окурмандарыбыз менен түз баарлашууга бул жолу Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги "Ата-Журт" мекенчил саясий партиясынын парламенттик фракциясынын лидери, алдыдагы президенттик шайлоого катышаарын алгачкылардан болуп айтып чыккан саясатчы Камчыбек Ташиев келди. Түз жыйын бүгүн (21-июлда) Бишкек убакыты боюнча саат 17ге чейин өттү.

Алгачкы 20 мүнөттө алдын-ала берилген суроолорго Камчыбек Ташиев алдын-ала дайындаган жоопторду жарыяладык.

Андан соң К.Ташиев мырза түз суроолорго да жооп узатты.

Жалпы эрежебизге сыйбаган айрым суроолор редактор тарабынан кабыл алынган жок. Интернет редакторлорубуз кабыл алган суроолордун бардыгына К.Ташиев мырза өз жообун берди.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.



"Интернет эрөөлдө" - Камчыбек Ташиев
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00
XS
SM
MD
LG