Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Өкмөт Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтүп, Программалык кеңсеге айлантуу тууралуу ниетин билдирди.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги уюмдун катчылыгына нота жөнөттү.

Расмий Бишкек өткөн аптада ЕККУнун Варшавадагы жыйынында Кыргызстанда июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз бергенин кескин айыптаган болчу.

Адистер адам укуктары, коопсуздук, экономика жана билим берүү өңдүү маанилүү тармактар боюнча көмөктөшүп келген эл аралык уюмдун макамын төмөндөтүүнүн пайда-зыянын талдай баштады.

"Тарыхый миссия аткарылды"

ЕККУнун Бишкектеги борборун программалык кеңсе кылып өзгөртүү демилгесин Тышкы иштер министрлиги буга чейин да бир нече жолу көтөрүп, сунуштап келген. Бул тууралуу ТИМдин 1-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз тарап ЕККУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын программалык-долбоордук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жаңы талаптарга ылайык, өлкөнүн пайдасы үчүн калыптандыруу маселесин эки тараптуу жолугушууларда айтып келген.

Акыркы жолу бул тууралуу министр Эрлан Абдылдаев 2016-жылы 1-сентябрда Потсдамда өткөн жыйында билдирген деп кошумчалайт Кулукеева:

- Кыргызстан тарап 25 жылдык эгемендик доорунда ЕККУ менен кызматташуу ийгиликтүү болду деп эсептейт жана эл аралык бул уюм Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөр жаатында тарыхый миссиясын аткарды деп айтууга негиз бар. Ошондуктан, мындан ары ЕККУ өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жана коопсуздукту камсыздоого багытталган долбоорлор менен иш алып баруу жагын караганы туура деп ойлойбуз.

Кулукеева ошол эле учурда ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү кабыл алуучу өлкөнүн талаптарына жооп берүүгө тийиш экенин белгилейт.

Кадыржан Батыров ЕККУ жыйынында

Кадыржан Батыров ЕККУ жыйынында

Анын айтуусунда, буга байланыштуу кыргыз тарап ЕККУнун макамын өзгөртүү боюнча жараянды баштоо тууралуу ЕККУнун декабрда Гамбургда өтүүчү жыйынында расмий билдирүүнүн көздөп жаткан. Бирок жакында эле мекенинде кылмышкер деп таанылган Кадыржан Батыровдун уюмдун жыйынында сөз алып сүйлөшү, кыргыз тараптын чечими тууралуу ЕККУга эртерээк билдирүүгө негиз берди.

Айымкан Кулукеева ошол эле учурда Кадыржан Батыров мекенинде саясий, этникалык же дагы башка себептер менен эмес, кылган кылмышы үчүн издөөгө алынганын белгилейт.

"Геосаясий оюндар башталды"

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов макам өзгөртүүнүн шарт-жагдайын коңшу Казакстан менен Өзбекстандын мисалында айтып берди. Ага ылайык, эми эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жаңы келишим түзүлүшү керек:

- Программалык кеңсе болуп кайра түзүлгөндө жаңы эки тараптуу келишим түзүлөт. Кандай маселелерди карары ошол жаңы келишимде көрсөтүлөт. Негизинен экономикалык жана экологиялык жаатта гана иш алып барып калышы мүмкүн. Келишим сүйлөшүүгө, кандай багыттар камтылганына жараша болот. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстанда ЕККУнун борбору программалык кеңсе болуп калганда алар ар бир кадамын ошол өлкөнүн бийлиги менен макулдашып, кеңешип жүргүзгөндөй шарттар киргизилген.

Биздин бийлик саясий упай топтоо максатында ушундай кадамга барып жатат. Анын кесепети өзүбүзгө эле тиет.

Аликбек Жекшенкулов ЕККУнун борборунун макамынын төмөндөшү июнь коогасы боюнча өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон Кадыржан Батыров менен байланыштырды. Уюмдун Варшавадагы жыйында Батыровго сөз берилишин сындады жана геосаясий оюн катары сыпаттады:

- Улут аралык мамиле татаал эмеспи. Кыйынчылыктар көп болуп турганда, коопсуздук маселелери турганда алардын Кадыржан Батыровго сөз бериши ойлонулбаган иш болуп калды. Ал чагымчыл мазмундагы сөздөрдү сүйлөдү. Ачык эле "геноцид" деп атады. Референдумга каршы чыкпадыбы. ЕККУнун кызматкерлери талдап, ойлонуп иш кылса болмок. Мунун баары Борбор Азиядагы жаңы геосаясий оюндун башталышына окшоп да калды. Ушул жагы мени кооптондурат. Эмнеге алар бул маселени төрт-беш жыл мурун көтөрбөйт?

"Демократияга сокку"

Анткен менен кыргыз бийликтеринин ЕККУга байланышкан соңку аракеттерин сындагандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева бул кадам демократияга сокку болот деп билдирди:

- Эгер биз ушундай эл аралык мекемелерден алыстасак жакшы деле жагдай алып келбейт. Биринчиден, өзүбүздүн беделибизге доо кетет. Экинчиден, ЕККУнун эң негизги мандаттарынын бири – бул укук коргоо. Эгер биз алардын макамын ылдыйлатып, адам укугун коргоо жаатында кайсы бир жардамдардан кур калсак анда демократияга доо кетет. Эл аралык чөйрөдө адам укуктары деген маселе ыйык болуп эсептелет. Кадыржан Батыров боюнча алар өз мандатына жараша иштеп жатат. Эми силер ушундай кылдыңар деп аларга эрегишип ЕККУнун макамын ылдыйлатууга жол ачпашыбыз керек. Бул жаман өнөкөт болуп калат. Эми авторитардык мамлекеттерди карап, ошолорду туурай берсек анда бүгүнкү күнгө чейин топтогон демократиялык баалуулуктарды бат эле жоготуп алышыбыз ыктымал.

Жапониядагы Кобэ университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбековдун баамында, расмий Бишкек бир катар маселелерди эл аралык алкакта чечүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы мүмкүн. Анын пикиринде, кыргыз бийликтери ачууга алдырып ЕККУнун борборунун макамын кичирейтүү боюнча чечим кабыл алды:

- ЕККУ – бул биз үчүн эл аралык платформа. Саясий-аскерий, экономикалык-экологиялык жана адамдык деген үч негизги багытта иштешет. Жаңжал болгон жана жаңжалдан кийинки кырдаалдарды чечүүгө жардам бере турган чоң платформа. Бул маселелер бизге айрыкча июнь коогасынан кийин өтө маанилүү. Андан сырткары экология, суу, энергоресурс өңдүү маселелер боюнча алардын инструменттерин туура колдонсок абдан сонун болмок. Биздин бийлик саясий упай топтоо максатында ушундай кадамга барып жатат. Анын кесепети өзүбүзгө эле тиет. Азыр бизде ЕККУнун макамы элчиликтердики менен барабар. Эгер борбордун макамын кичирейтип, Программалык кеңсеге айлантып койсо анда көптөгөн иштери, каржылоо токтойт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУ маселесин өткөн аптада Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында да көтөргөн. Уюмдун жыйынында Батыровго сөз берилгенин өлкөнү сыйлабастык катары кабыл алынганын айткан.

Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тарта мүчө, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG