Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Ош мэриясы базарчылар менен тил табыша албай жатат


Оштун чок ортосунда жайгашкан "Бексултан" базары менен калаа жетекчилигинин ортосундагы талаш бир жылдай убакыттан бери чечилбей келүүдө.

Шаар бийлигинин ал жердеги соода түйүндөрүн көчүрүү демилгесине базар ээси жана соодагерлер нааразы. Базар ээси соода ордун бошотуу акысына мэриядан 22 миллион сом сурап жатат. Шаар жетекчилиги 5 миллион сомдон ашыкча компенсация берилбестигин айтууда.

Кара-Суу көчөсүндөгү борбордук базардын бир капталына жаңы эле коюлган бетон тосмолорду сатуучулар кулатып, сооданы улантышууда. Алар жол боюна орнотулган тосмолор соодага тоскоол болот деген негизди карманып жатышат. Тосмолор базар жайгашкан жолду тартипке келтирүү максатында өткөн жумада коюлган.

“Бексултан” соода жайы Кара-Суу көчөсүндөгү борбордук базардын бир капталында, тагыраак айтканда, Ак-Буура дарыясы тарапта жайгашкан.

Керим Сурапбаев
Керим Сурапбаев
Мэрия менен базар жетекчилигинин ортосундагы талаш 2012-жылдын сентябрында башталган. Шаар бийлиги соода борборунун четинен узундугу 120, кеңдиги 5 метр жерди жол куруу үчүн мамлекетке берүүнү базарчылардан талап кылууда. Мэрия бул жерди көз карандысыз баалоочунун эсептөөсү менен 5 миллион сомго баалаган. Базардын жетекчилиги бул суммага нааразы. Алар кетирилген чыгым 22 миллион сом экенин айтууда.

Базар ээси Керим Сурапбаев мэрия алар сураган акчаны берсе, базардын ордун бошотуп берүүгө даяр экенин айтат:

- 2012-жылдын сентябрь айында мэрия көз карандысыз баалоочуну алып келип, менин менчигимди көрсөтүптүр. Бирок ал үчүн менден уруксат сурашкан эмес. Ал баалоочу мэрия тарапка ыктаган киши окшойт, базардын талашка түшкөн жерин 5 миллион сомго баалаптыр. Бул - ката. Себеби бир эле эт саткан павильонду курууга 8 миллиондон ашуун каражат сарптагам. Контейнерлерди адамдарга саткам, аларга акчасын кайтарышым керек. Мен мэриянын баалоочусуна ишенбей, 3 көз карандысыз баалоочуга кайрылдым. Бири 30 миллион сомго, экинчиси 17 миллионго, дагы бири 22 миллион сомго баалады. Бардыгы лицензиясы бар баалоочулар экен. Үч түрдүү баалоонун орточосун тандап, 22 миллион сом бергиле деп жатам. Эгер ошол сумманы төлөп берсе, мен бул жерди бошотуп берүүгө даярмын.

Базардын талашка түшкөн аймагы шаардын башкы планына ылайык, жол куруу үчүн бошотулушу керек. Мындай негизди калаа жетекчилиги карманууда.

Сатуучулар тосмолорду кулатышты
Сатуучулар тосмолорду кулатышты
Жолду кеңейтүү үчүн ал жердеги 60тай контейнер алынышы зарыл. Контейнерди сатып алган соодагерлер болсо мэриянын бул чечимине нааразы. Алардын бири өзүн Нуржамал деп тааныштырды:

- Мен контейнерди жети жарым миң долларга сатып алгам. Жерди бошот десе эле бошото бербеймин да. Мага ошол акчамды кайтарышсын, анан мен ээлеген жеримди берейин. Аны мэрия береби, базар ээси береби, айтор акчамды берип, анан мага талап коюшун каалайм.

Ош мэриясынан сатуучуларга Жапалак аймактык кеңеши жакка курулуп жаткан жаңы базардан орун берилерин убада кылууда. Шаар башчысы Мелис Мырзакматов бул убаданы соодагерлер менен жолугушкан учурда деле айтты. Ал эми базар ээси Сурапбаев келтирип жаткан жүйөөлөр орунсуз экенин билдирди:

- Ошол кездеги шаардык бийлик мыйзам бузуу жолу менен бул жерди менчикке өткөрүүгө макулдук берген. Шаарды көрктөндүрүү жана элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында ушул базар турган жолду кеңейтип жатабыз. Биз үч-төрт адамдын кызыкчылыгы деп эмес, жарым миллион жашоочунун кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек. Соодагерлердин жолун тоспойбуз. Жапалакка курулуп жаткан жаңы базардан баарына мыйзамдуу түрдө орун берүүгө макулбуз. Шаардын көркү үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Ош менин эле шаарым эмес, элдики. Мен калаа башчысы катары Ошту заманбап шаарга айлантууга аракет кылып жатам.

Маалыматтарга ылайык, талашка түшкөн базардын ордунда 2007-жылга чейин 113-кесиптик лицей болгон. Анын айланасы мурдатан борбордук базар болуп эсептелген. Аталган билим берүү мекемеси шаардын башка аймагына көчүрүлүп, анын орду “Бексултан” базарынын азыркы ээсине сатылган. Ал кезде калаа башчысы Жумадыл Исаков болгон.

Тараптар бул маселени сот аркылуу чечүүнү макул көрүшүүдө. Иш азыр шаардык соттун кароосунда.

Талашка түшкөн базарды көчүрүү соңку жылдарда Оштогу негизги көйгөйгө айланган. Бул жер калаанын эң башаламан аймагы катары да коомчулукта түрдүү пикир жаратып келет. Шаардык кеңеш бир топ жылдан бери ал жерди тартипке келтирүү жаатында иш-чараларды иштеп чыгат, бирок эл өкүлдөрү чыгарган токтом-чечимдер натыйжа бере элек.

Базар аралап өткөн Кара-Суу көчөсүн кеңейтип, аэропортко кеткен жолго улоо иштери өткөн жылы башталган. Учурда ал жерде соода дагы, жол куруу дагы кызуу жүрүп жаткан кези. Аталган базарда тамак-аштан тарта кийим-кечеге чейин сатылат.

XS
SM
MD
LG