Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Кыргызстандын түштүгүндөгү былтыркы улуттар аралык кагылышка он ай болду. Шаарда турмуш акырындап өз нугуна түшүп баратканы байкалат. Коогалаң учурунда өрттөлүп кеткен үйлөрдүн ээлерине эларалык уюмдардын жардамы менен убактылуу жашап турганга эки бөлмөлүү там курулуп берилген. Кандуу окуялардан дээрлик бир жылдай мезгил өткөндөн кийин абал кандай өзгөргөнүнө кызыктым.

Мен Ошто 8-март күнү болдум. Борбордук көчөлөрдө эл көп эле. Филармонияда жаңы фильм көрсөтүлөт экен деп, анын оозунда да улан-кыздар үйүлүп калыптыр.

Жетелешип жүргөн түгөйлөр, кимдир бирөөлөр гүл көтөрүп алган - аялдардын эл аралык майрамы эле.

Шейит-Дөбө, 8-март, 2011
Базар толо эл, ары-бери өткөн машине көп. Ош мага, бир гана жагдайды эске албаганда, мурдагыдай эле көрүндү.

Ошол эле филармониядан 50 кадам аэропорт тарапка баса бергенде өзбектер көбүрөөк отурукташкан, былтыр июнда өрт-түтүндүн кучагында калган “Шейит-Дөбө” райончосу башталат. Ал жакта мындай майрамдын бир кыпындай да изи байкалбайт.

Бул күнү мен бир эле “Шейит-Дөбөдө” эмес, өзбектер жыш отурукташкан “Черемушкиде”, “Фуркатта” да болдум. Бүт жерде бир эле көрүнүш - бул жерде бүгүн 8-март экенин да унутуп коесуң. Кудум, айланадагы үйлөр кечээ эле күйгөндөй турат... Көчөлөрдө эл дээрлик жок эле.

“Сарт” дебей калышты...

Күн аркан бою көтөрүлүп калган чакта, түшкө жакын “Черемушкинин” көчөлөрүн кыдырып жүрөм... Бирин-серин гана жүргөн адамдар, машинелер көзгө урунуп калбаса, бул жактын эли безип кеткендей сезилет. Күйгөн үйлөрдүн жанына эки бөлмөлүү убактылуу тамдар курулуптур. Эл сыртка деле чыкпайт окшойт. Айрым үйлөрдө такара-тукур курулуш жүрүп жатат. Мына ошондой үйлөрдүн бирине баш бактым. Эшиктин оозунда усталарга эмне кылышты көрсөтүп отурган, жашы 55-60 таяп калган кожоюну мени көрөөрү менен чуркап келе коюп, колун суна саламдашып кирди.

Абдуманнап Балтабаев
“Турмушубуз акырындап жакшыра баштады, - дейт Абдуманнап ака. – Азыр ажааткананы “Save the children” эл аралык уюму куруп жатат. Сиз көрүп турган ушул айланадагы үйлөрдө балдарым менен жашачубуз. Эки уулумду үйлөп, ушул үйлөргө чыгарган элем. Эми баары күйүп кетти. Бир күндө эле ушундай ойго келбеген иштер болуп кетти. Ал эми мына бул эки бөлмөлүү үйдү “Кызыл чырым” уюму салып берди.

Кышты ушул жерде бала-чакам менен өткөрдүк. Көмүрдү “Мехр Шавкат” деген уюм, анан мэрия берген. Аларга бул жардамы үчүн ыраазыбыз. Эки уулумду ижарага батир алып чыгарып койгом. Анткени баарыбыз бул үйгө батпайбыз. Мен өзүм “Фуркаттагы” мал базарда иштейм. Ишке жөнөйүн жеп жатып эле абал тынч эмес экенин угуп калдым. Анан түштөн кийин биздин үйдү да өрттөп кетишти. Биз андай алаамат болуп кетээрин билген эмеспиз. Базарда биздин башчыларыбыз баары кыргыздар. Алар да билишкен эмес да. Болбосо, биз укмакпыз”.

“Азаттык”: Азыр эми көчөгө чыкканда кыргыздар менен кандай сүйлөшөсүздөр?

Абдуманнап Балтабаев: Баары мурдагыдай эле, жакшы.

Дурдона Балтабаева
Дурдона апа:
Бирок, иним, кечээ жакында бизди китепканага жыйынга чакырышкан. Ал жерде кайрадан доомат коюшту. Токмогун жеп, кайра эле дооматын угуп жатабыз. Үйүңдө бир кичинекей нерсең жоголсо, канча ичиң ооруйт. Бизди болсо “өзүңөр өз үйүңөрдү өрттөп, качып кеткенсиңер” дешти. Бул эми болбогон эле доомат да.

Абдуманнап Балтабаев: Мени эки күн мурда ошол жыйынга чакырышкан болчу. Эл башы кылып, биздин көчөдөн 10 адам болуп бардык. Барсак эле ал жерде өлгөндөрдүн жакындары экен. Аябай өйдө-төмөн сөз болду. Бизди эмне максат менен чакырышканын билген жокпуз да. Болбосо, биз деле жакындарын жоготкондор канча! Мен “силер бизди элдешкенге чакыргансыңар деп ойлогон элоек” деп эле оордуман туруп кетип калдым.

Там-жайы күйүп кеткен көпчүлүк үй-бүлөлөр кышты эл аралык уюмдар курган ушул үйлөрдө өткөрүштү
Дурдона апа:
Башында “сарт” дешчү. Эми андай дебей эле калышты. Жакшы эле сүйлөшөбүз. Бирок мына мындай куру доомат коюшканы жакшы эмес да.

Абдуманнап ака менен Дурдона апа эми мындан ары эки эл бири-бирибизге көзүбүз түз болуп, өткөндүн сабагын гана эске алып, урмат менен жашасак, турмушубуз оңолот дешет. Алар да акырындап турмушун оңдоп-бүтөгөнгө аракет кылып жаткан кези экен.

Чилдеге чейинки чатыр

Бул үйдөн чыгып, көчө бойлой башка үйлөрдү да сүрөткө тартып бараттым.

Бузулган тамдардын биринин алдында жашы алтымыштан ашкан апа турган экен. Мухаббат апанын үйүндө да күн жылыгандан бери эле курулуш иштери жүрүп жатат. Алар жолдошу Исмоилжон ака экөө мага эл аралык уюмдар куруп берген эки бөлмөлүү үйдү көрсөтүштү.

Мухаббат апанын жолдошу, жашы жетимиштен ашкан Исмоилжон Исламов аксакал былтыркы коогалаңда бутунан ок жеп, бир канча убакыт аялы иштеген ашканада эч жакка кача албай калып калган экен. Сүйлөшө келсем, үйү өрттөнүп кеткенден кийин, алар дээрлик кыштын чилдесине чейин чатырда жашашыптыр. Кийин аларга да эл аралык уюмдар эки бөлмөлүү там куруп беришкен. Азыр эми келини, неберелери болуп, баары ошол жерде турушат.

Былтыркы июндагы окуяларда там-жайы күйүп кеткен адамдардын дээрлик баарынын абалы бирдей эле. Көпчүлүк үйлөр кулпулуу турат. Кожоюндары же Кыргызстандан кетип калышкан, же убактылуу башка жакта турушат.

Черемушкиден чыгып, мен шаардын борбордук көчөлөрүнө келдим. Борбордук базардын жанына келгенде эле көзүмө такси айдагандар көрүндү.

“Эч нерсеге ишенбей калганбыз”

Сүйлөшүп калдык. Көрсө, такси айдагандардын бири Санжар Суранбаев былтыркы окуяларда адамдардын үйлөрүндө өрттөрдү өчүрүүгө да катышкан экен. Анткени шаардык өрт өчүрүү кызматында да иштейт.

Санжар Суранбаев
“Ошто жашоо мурдагы калыбына түшүп баратат, - дейт ал. – Көчөдө, базарда кыргыз-өзбектер мурдагыдай эле сүйлөшүп калышты”.

“Азаттык”: Ошол күндөрү сиз канча үйдө өрт өчүргөнүңүз эсиңиздеби?

Санжар Суранбаев: Аябай эле көп болду. Бир күндө 36-37 үй өчүрдүк. Өчүргөнгө кудурет да жетпей калды. Күйгөн үйлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбектердики эле. Кыргыздардыкы аз. Бирок күйгөн үйдү 5-6 жылда тургузса болот. Кыргыздардан адамдар көп өлүп жатпайбы уруштун биринчи күндөрү! Биз өрт өчүргөнү барганда биринчи күндөрү бизге да чабуулдар болду. Өрт өчүргүчтөрдүн биринин башына өзбектер балта менен уруп, ал жигит жакында жарааттан өзүнө келбей өтүп кетти.

Мен Санжардын машинесине отуруп, “былтыр июнда жабыркаган шаардын башка райондорун да көрсөтүп берсеңиз” деп сурандым. Жолдо баратып, ал мага ошол күндөрдөгү окуялардан кеп кылып отурду. Санжар өзү “Ак-Тилек” кичи районунда турат экен. “Ал күнү биздин районго кол салышкна эмес. Биз өзүбүздөгү өзбектердин үйлөрүн да өрттөтпөй сактап калганбыз”, - дейт.

Эл күйгөн үйлөрүн калыбына келтирип, бир топ жерде курулуштар жүрүп жатат
Азыр эми кандуу окуялардан бир жыл өткөндөн кийин артка көз чаптырып, мурдагыны эстеп отуруп, Санжар бир нече күн адамдар тозокто калгандай болду дейт.

Санжар Суранбаев: Ал күндөрү адамдар байлыгына да, башкасына да ишенбей калышты. Мен деле уруш токтоп, азыркыдай тынч жашоого кайтабыз деп ойлогон эмесмин, - дейт Санжар. – Ушунчалык оор болуп кеткен. Шаарда эл көрүнбөйт, түнкүсүн бир жарык жок – капкараңгы.

“Азаттык”: Азыр эми кандай? Келечекке үмүт пайда боло баштадыбы?

Санжар Суранбаев: Азыр эми жаңы бийлик келди. Аны деле айыптагандар көп, түрдүү сөздөр айтылып жатат. Бирок буларга деле бир аз убакыт беришибиз керек деп ойлойм. Баарын убакыт көрсөтөт.

Көкүрөккө батпаган сезим

Ошентип, биз Фуркатка келдик. Алайга карай кеткен жолдун эки жагы бүт күйгөн үйлөр. Кайра эле баягы көрүнүш...

"Фуркаттагы" мурдагы самсакана
Жолдун четиндеги самса саткан жерге барып, экини алдым. Жашы жыйырмалардагы өзбек жигити тандырга ийиле ысык самсыдап алып, адамдарга сунуп жатат. Кардарлардын көбү – кыргыздар. Дал ушул учурда Ош мага кайра мурдагыдай туюлуп кетти. Же мен ошондой туюмду, ошол сезимди издедимби? – Билбейм.

Ошто эл ичинде дале бири-бирине ишенбөөчүлүк күч. Кыргыздар да, өзбектер да сырттан жакшы эле тил табышып, жашап жатышканын айтышат. Бирок былтыркы окуялар жөнүндө сүйлөй келгенде эле бири-бирин күнөөлөп, “ким баштады? ким көп жабыркады?” деген суроолордун үстүндө кызуу талаш башталып кете тургандай сезилет.

Мен самсаканада отурам. Колумдагы самсанын даамы баары бир мурдагы, мен билген Оштун борборундагы “aл-Бараканын” самсысындай сезилбеди. Бул жакта жашоонун өзүнүн да даамы өзгөргөн өңдүү...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG