Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Июнь окуяларынын чыгуу себептерин иликтеген Улуттук комиссиянын ишинин жыйынтыгы "Азаттыктын" түз обосунда талкууга алынды.

Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынын чыгуу себептерин иликтеп жаткан Улуттук комиссия 11-январда өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча “Кабар” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйында комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин билдиргенине караганда, алар түштүктөгү былтыркы улут аралык жаңжалдын тутанышынын бир нече себептери бар деген бүтүмгө келген. Ал себептердин катарында Эркебаев күн мурунтан белгилүү болгонуна карабастан жаңжалды алдын ала албагандыгы үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт да жоопкер деп айтты.

Талкуунун биринчи бөлүгү:



“Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналып, ага комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев, эксперт Табылды Акеров, Ош шаарынын тургуну Аваз Саипов, мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев катышты.

Жыпар Жекшеев: Биз саясий гана баа беребиз

“Азаттык”: Негизги өзөктүү 22 сунуш берилген экен. Азырынча бул сунуштарды кагаз жүзүндө эч ким көрө элек. Маалымат жыйынында оозеки гана айтылды. Комиссиянын өзөктүү көңүл бура турган негизги чечими кайсы болду?

Жыпар Жекшеев: Өзбектерге да, кыргыздарга да Кыргызстандын жарандары сыяктуу туура мамиле кылууга аракет кылдык. Жаңжалдын болорун билип туруп, алдын ала маалыматтар келип турган. Ал маалыматтар жалаң эле коопсуздук кызматынын маалыматы эмес, жөн эле базарда отурган кишилер да, карапайым эл да “чоң жаңжал болгону турат” деп айта баштаган.

Жыпар Жекшеев Оштун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушууда, 2010-жылдын 5-августу.


Ошонун баарын эске албай, баа, маани бербей ошол убакта иштеп турган жетекчилер, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да катуу сынга дуушар болду. Себеби Убактылуу өкмөттүн ичинде биримдик болгон жок, баары чаржайыт жүрдү, ар кимиси өзүнчө саясат жүргүзгөндөй болуп калды, саясий оюндарга аралашып кетишти. Ошондо алдын ала чара көрүп, кырсыкты токтотууга аракет кылып койсо болмок. Ошого эрки да жеткен жок, кандайдыр бир шарты да келген жок.

“Азаттык”: Расмий эсеп боюнча коогалаңда 450дөн ашык киши өлгөнү айтылат, ондогон киши дайынсыз жоголду. Силердин комиссия Убактылуу өкмөт убагында чара көрбөгөнүн айтты. Анда ушул жаңжал боюнча алар кандай жаза тартышы керек?

Жыпар Жекшеев: Биздин комиссия негизги саясий себептерин иликтеген комиссия болчу. Биз эч качан тартип коргоо органдарынын ишине кийлигише албайбыз. Укук коргоо боюнча кандай кылмыш иши болсо, ал такыр башка, сот болобу, прокуратура болобу, күч органдар тарабынан өз жообун бериши керек. Биз ага киришпейбиз.

Мен Убактылуу өкмөт ушул окуяны болтурбай, алдын ала чара көрө албай калды деген маселеге жарым жартылай кошула алам. Себеби биз алдын ала ушундай окуяны болтурбай, кандайдыр бир чара көргөнгө сөзсүз милдеттүү болчубуз. Байтемир Ибраев


Биздин комиссиянын негизги үч максаты бар болчу. Биринчи, негизги себептерин аныктоо. Эмне үчүн ушундай жаңжал чыкты? Экинчи, ошол жаңжалдын кандай залакасы тийип атат? Үчүнчү, эмне кылышыбыз керек, кыргыз жеринде экинчи ушундай чоң жаңжал, кагылышуу болбошу үчүн эмне сунуштарды беришибиз керек? Ушул үч маселенин тегерегинде гана иштедик. Ошондуктан азыр мен Эшматовду, же Ташматовду жоопко тартыш керек деп айткандан алысмын. Ал соттун, тартип коргоо органдарынын гана иши. Биз негизги саясий себептерин аныктоого аракет кылдык.

Убактылуу өкмөткө да суроолор көп

Талкуунун экинчи бөлүгү:



“Азаттык”:
Байтемир мырза, Улуттук комиссиянын "Убактылуу өкмөт жеткиликтүү иш алып баралбагандын кесепетинен ушул коогалуу июнь окуясы чыкты, ошондуктан моралдык жактан жооп бериш керек" деген чечими канчалык сизди ынандыра алат? Сиз ошол кезде Башкы прокурор болуп иштеп турдуңуз.

Байтемир Ибраев: Мен Убактылуу өкмөт ушул окуяны болтурбай, алдын ала чара көрө албай калды деген маселеге жарым жартылай кошула алам. Себеби биз алдын ала ушундай окуяны болтурбай, кандайдыр бир чара көргөнгө сөзсүз милдеттүү болчубуз. Бирок Жыпар мырза айткандай, Убактылуу өкмөт өз ара ынтымагы жок болгондуктан, башка саясий иштер менен алектенип кеткендиктен булар чара көрө алган эмес деген сөзгө мен такыр кошулалбайм. Мындай ойго каршымын. Себеби Убактылуу өкмөттө иштеп аткандар, биз да кыргыз элинин эр-азаматтарыбыз, ушундай окуя болорун билип туруп кантип башка саясий иштер менен алектенип чара көрбөй коелу? Менин оюмча, мен кыргызмын деген адам андайга барбайт болуш керек.

Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.


Жыпар Жекшеев: Туура, Убактылуу өкмөт алдын ала ушундай окуя болоорун иликтеп, изилдеп жүргүзө турган органдарынын кандайдыр бир жөндөмсүз иштеп койгонунанбы, же ошол иштерди алып бара турган биздин эр-азаматтар толук көңүл бөлбөй койгондуктан болуп кетти дегенге мен кошулам. Мисалы, ошол түзүлгөн комиссия иштеп атканда, мен кызматта турганда мен да прокуратура системасында алдын ала маалыматтар болгонбу, же элден, же органдардан кат түшкөнбү деп изилдөө жүргүзгөм. Бирок, тилекке каршы, прокуратура системасында мындай маалымат, билдирүү такыр болгон эмес.

“Азаттык”: Сиз доомат артылып жаткан башка кесиптештериңиз үчүн, мисалы коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлигинин жетекчилери үчүн жооп бере албас чыгарсыз. Бирок сиз өзүңүздү моралдык жактан жоопкерчиликтүүмүн деп ойлойсузбу?

Байтемир Ибраев: Моралдык жоопкерчилик ошол убакта бийликте иштеп турган кызматкерлердин бардыгында бар, анын ичинде менде да бар. Себеби биз каалаган жок элек, бирок тилекке каршы ушундай кайгылуу окуя болуп кетти. Демек каалабайбызбы, каалабайбызбы, моралдык жоопкерчилик биздин мойнубузда болушу керек.

Отчетко тайыз ишеним

“Азаттык”: Азыр иштеп жаткан жетекчилердин бир тобу менен сүйлөшүүгө аракет кылдык эле. Бирок “ал комиссиянын тыянагы расмий кат жүзүндө жарыялана элек. Алдын ала маалымат деп айтылып атат” деп азырынча өздөрүнүн пикирлерин айткандан тартынып турушат. Ошол эле мезгилде бүгүн Нурбек Токтакунов аттуу укук коргоочу, улуттук комиссиянын мүчөсү, комиссиянын айрым сунуштарына макул эместигин билдирип, жыйынтыкка кол коюудан баш тарткан. Биз алдын ала анын пикирин жаздырып алдык эле, ошону уксак:

Нурбек Токтакунов "24kg" агенттигиндеги маалымат жыйынында.


Нурбек Токтакунов: Комиссия 5-6 ай иштедиби, талкуулаганга эки эле жыйын кетти. Шашпай терең изилдеш керек болчу. Тергөө боюнча биз да оюбузду айтышыбыз керек болчу. "Кыйноо колдонулуп атат, процессуалдык кодексти бузуу менен тергөө болуп атат" деген сигнал көп. Ошол сигналдардын баарына биз баа беришибиз керек болчу. Ноокаттагы окуя боюнча соттолгондорду коё бергени үчүн согуш чыкты деп айтылды. Дагы бир жыйынтыгы, "Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго орден бериш керек" деп биздин президентке сунуш берилип атат. Муну президент өзү чечет. Биздин комиссияга анын тиешеси жок. Ал боюнча жыйынтык чыгаруунун кереги жок болчу.

“Азаттык”: Табылды мырза, Нурбек Токтакуновдун айткандарынан улам, комиссия канчалык деңгээлде так иштеп, жыйынтыгы сизди канааттандыра алды?

Табылды Акеров: Азыр Нурбек айтып атпайбы, “комиссиянын бир топ жерлерине каршы болуп, кол койгон жокмун” деп. Негизи Нурбек өзүнүн иштери менен, талаа иштери менен жүрдү. Ал адвокат экен. Ошондуктан биздин отурумдарда, иштерибизде да көп учурларда жок болду.

Табылды Акеров "Азаттыктын" студиясында.


Комиссия эки жолу Ош, Жалал-Абад жергесине барып, элдин баары менен жолугушуп келген. Ошол жердеги тартип коргоо органдарынан да, бардыгынан бир топ материалдарды чогулткан. Мен болсо ошол маалда дайыма комиссия менен жүрүп, бүт материалдарды чогултуп, интервьюлардын баарын диктофонго жаздырып, архив кылып чогултуп аттык. Анын үстүнөн анализ жасап туруп, бүгүнкү жыйынтыктоо материал пайда болду десек болот. Мындайча айтканда комиссия өзүнүн компетенциясындагы иштердин баарын аткарды десек болот. Ошонун негизинде бүгүнкү жыйынтыкка жетишти.

“Азаттык”: Биз менен байланышта Ош тургуну Аваз Саипов. Мына отчет жарыяланып атат, анын текстин сиз көрө элексиз, анткени ал жарыялана элек. Бирок ошентсе да ал жерде айрым маселелер коюлган, мисалы Кыргызстандын бийлиги полиэтникалык өнүгүү жагына көңүл буруш керек, башкача айтканда бул кыргыз, өзбек элинин достугу, ушул кандайча бекемделиши керек деген маселеге көңүл буруу зарыл деп жатат. Бул үчүн албетте, эки тараптан диалог болушу керек, ортодо лидерлер сүйлөшүшү керек, мындай сунуштар өзбек тургундарынын арасында бар. Сиздин пикириңизде, бүгүн кыргыз бийликтери кайсы лидерлер менен сүйлөшөт, ким менен диалог түзөт? Негизи бүгүнкү күндө биздин өзбек мекендештерибиздин буга карата мамилеси кандай?

Аваз Саипов: Мен баарын угуп отурдум, телевизордон да көрдүм Абдыганы Эркебаевдин (улуттук комиссиянын төрагасы), Бахтияр Фаттаховдун (өкмөт министри) айткандарын уктум. Кандай диалогго барыш керек дегенде, эч кандай лидер менен сүйлөшүштүн кереги жок. Ал лидерлер ким? Өздөрүн лидербиз дегендер Ош жаңжалына чейин эмне иш кылышты?

Авас Саипов "Азаттыктын" студиясында.


Абдыганы Эркебаев Ошко июн окуясына чейин келген. Келип, эмне иш кылды? Ош университетинде дагы бир академик, «Ата-Жол» партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Махамажан Мамсаид менен жолукту. Кыргызстан мамлекетин Кыргызстандын эли түзөт. Кыргызстандын өз мыйзамдары бар, алар иштеш керек. Ар бир жарандын укугу, милдеттери бар. Ар бир жаран аларды билиш керек. Ортодо чоң жарака кетти. Элди элдештириш үчүн, бийликте отургандар, лидербиз дегендер, депутаттар үйдө бирди айтып, эл алдында башканы айтпастан, реалдуу иш кылышсын. Бул үчүн, үйдөн тарбия болуш керек. Биз бир бирибизге душман эмеспиз. Адамча, инсанча жашашыбыз керек. Комиссиянын тыянагы эч кимди канааттандырбайт. Июн окуясы эмнеден чыкканын Жыпар Жекшеев, Абдыгани Эркабеав, Фаттаховдор эң жакшы билишет. Турмуш деген турмуш экен, душман издебестен, бийликте отургандар өздөрүнчө ойлонуп, бир чечимге келип, өздөрү элдеши керек.



Беймаалым окуялар

Баяндамада көп нерселер бир эле сүйлөм менен жазылып калган. Көз карандысыз иликтөө жаңы фактыларды тапканы көрүнбөйт.Виталий Пономарев


“Азаттык”: Аваз Саипов "Болоору болуп, боёсу канды” деп айтты. Бирок мыйзамдуулук болушу керек. Мыйзамдуулук - бул ынтымакты калыбына келтирүүнүн негизги пайдубалы. Бирок мыйзамдуулук болуш үчүн акыйкат тергөө зарыл. Ушул комиссиянын отчетунда ушул жаатта көп кемчиликтер бар экенин айтып атышат. Анын ичинде Виталий Пономарев – Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү:

Виталий Пономарев: Бул баяндама өтө көп суроолорду пайда кылат. Маселен, Бакиевдердин катыштыгы тууралуу бөлүмүндө бир барактан ашуун жалпыга белгилүү болгон Интернетке таркаган Максим менен Жаныш Бакиевдердин сөздөрү гана жазылган. Ал эми комиссия иликтөөдө ошону тастыктай ала турган фактыларга ээ болдубу? Бакиевдер телефондогу планын ишке ашыруу үчүн атайын аракеттерди көрдүбү деген суроолор туулат. Ал эми баяндамада буга жооп жок.

Виталий Пономарев


Баяндамада көп нерселер бир эле сүйлөм менен жазылып калган. Маселен, "Алай" мейманканасынын алдында чогулгандар танкты тартып алышкан. Андан башка да курал-жарактарды тартып алуу тууралуу маалыматтар өтө аз. Көз карандысыз иликтөө жаңы фактыларды тапканы көрүнбөйт. Түрдүү курал-жаракты тартып алуу фактысы, анан дагы тиешелүү мамлекеттик аткаминерлердин жоопкерчилиги дээрлик айтылган эмес.

Мындан сырткары “Носталжи” кафесинин тегерегиндеги окуя. Анда 20дан ашуун киши барымтага алынып, алардын көпчүлүгү аял-эркек дебей зомбулукка дуушар болгон. Андан кийин аларды берки тарап менен алмаштырышкан. Ошто көп кишилер бул окуяны билсе да, менин баамымда, соңку кезге чейин прокуратура ал жаатта иш козгогон эмес.

“Азаттык”: Байтемир мырза, Пономарев сөз кылып кеткен “Носталжи” кафесиндеги барымтага алуу эпизоду боюнча сизге эмне белгилүү?

Байтемир Ибраев: Мен эки нерсеге көңүлүңөрдү буруп кетким келет. Биринчиси, бул эң чоң маселе болуп аткандан кийин, элибиз да комиссиянын чечими менен толук таанышкандан кийин тегерек столдо талкууласак эң жакшы болмок экен. Бирок, тилекке каршы, телефон аркылуу жооп берип атам. “Носталжи” кафесинин жанынан жанагыдай окуя болду деп айтып атпайбы, бул улуттук комиссиянын ишине тиешелүү болбош керек. Бул өзү тергөөнүн иштери. Ал жерде кандай окуя болгону боюнча менин толук эсимде жок.

“Азаттык”: Демек сиз иштеп турган убагыңызда “Носталжи” кафеси боюнча эч нерсе айталбайм дедиңиз. Мына ушул кафеде барымтада отурганда, кыздары зордукталган аялдын сөзүн биринчи угалы:

Оштун Масалиев көчөсүндөгү "Носталжи" кафеси, бул жердеги зордуктоолор тууралуу Улуттук комиссиянын кабары жок.

- Ал жерде маскачан, аскер кийимчендер болгон. Чачымдан ушундай алып, кызым уктоочу бөлмөдө эле, колумдан жулуп алып калышты. Менин беттериме урганда, эсимди жоготтум. Анан чачымдан кармап туруп этаждан сүйрөп ылдыйга алып түшүп кетишти.

“Азаттык”: Бул дарыгердин үч кызы зордукталган. Анын бир кызы Оштон мүмкүнчүлүк болбогондуктан азыр Бишкекте Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып атат. Бирок ал кандай бүтөөрүн биз, албетте, азыр айта албайбыз. Жыпар Жекшеев, улуттук комиссиянын мүчөсү катары сизге суроо, сиз бул аялга эмне деп жооп берет элеңиз? Экс-прокурор Байтемир Ибраев айткандай, бул трагедиянын, конкреттүү ушул аялдын трагедиясынын сиздердин комиссиянын отчетуна тиешеси барбы, же жокпу?

Жыпар Жекшеев: Байтемир мырза айтып кетпедиби, тартип коргоо органдарынын ишине Улуттук комиссиянын эч кандай тиешеси жок, башка маселе менен алек болуп калышты деп. Бул туура эмес деп ойлойм. Себеби биз себептерин аныкташ үчүн бардык фактыларды изилдеп чыктык колубуздан келишинче.

“Азаттык”: “Носталжи” боюнча факты сизге белгилүүбү? Белгилүү болсо, сиз бул аялга эмне деп жооп бересиз?

Жыпар Жекшеев: Бул гана эмес. Мындан да башка шумдуктуу ушактарды биз Ошко барганда көп уктук.

“Азаттык”: Демек сиз муну ушак деп эсептейсиз?

Жыпар Жекшеев: Жок, бул чындык эле болуш керек. Бирок ушундай массалык түрдө тирешүү болуп, бири-бирине жек көрүү болуп, эки улуттун ортосунда жаңжал болуп атканда ар кандай кылмыш болушу толук мүмкүн. Бирок бизге арыз менен кайрылып, "ушундай болду" деп, ушул факт боюнча бизге эч нерсе түшкөн эмес.

Биз ал жакта атайын облустук администрациянын ичинде бөлүм ачып койгонбуз, ал жакта Оштогу биздин комиссиянын мүчөлөрү дайыма иштеп атышты. Эмне үчүн бизге кайрылган жок? Демек бул тартип коргоо органдары иликтеп жоопко тарта турган кылмыш иши, эгерде бул чындык болсо. Массалык түрдө өзбектин жаштары кыргыздын кыздарын зордуктап, мууздап кетти деп айткан, ошонун баарын текшердик. Бирок биз ошону далилдей алган жокпуз. Андай факты болгон жок.

Байтемир Ибраев


“Азаттык”: Байтемир Ибраев мырза “дагы чогулуп сүйлөшсөк болмок экен, тактап туруп” деп айтып атат. Бул комиссия өз маалыматын толук жарыялай элек, ошого байланыштуу ушундай ой пайда болгон болуш керек. Биз, албетте, бул темага дагы да кайрылып талкууну улантабыз. Жыпар мырза, ушул комиссиянын отчету коомчулукка качан жарыяланат? Деги жарыяланабы? Апрель окуясынын себеп-жөнүн иликтеген комиссиянын тыянагы да жарыяланбай калганын билебиз.

Жыпар Жекшеев: Комиссиянын 22 мүчөсүнүн көпчүлүгү кол коюп, ошол кол коюлган комиссия корутундусу президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кетти. Азыр аны кыргызчага котордук, себеби орусча түзүлүп калган, ошонун баары жарыяланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG