Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Оппозициячыл “Ата-Журт” менен “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын Ош шаарында өткөргөн митингин эксперт, серепчилер түрдүү талкуулап жатышат.

"1-мартта Ош шаарында оппозициянын чоң митинги болот” деп жарыяланган күндөн тартып эле коомчулукта ар кандай кептер, кооптонуулар орун алып келген. Бүгүн болсо маалымат айдыңында, айрыкча социалдык тармактарда митингдин жүрүшү, уюштуруучулардын сүйлөгөнү, катышкандар туурасында ой-пикирлер арбын болду. Катышкандар туурасында түрдүү сандар айтылды, 25, 15, 10 миң...

Бишкекте саясатчылар, талдоочулар, эксперттер митингде айтылган талаптарды түрдүү баалап жатышат. Оппозиция “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү быйылкы 7-апрелге чейин жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптарды белгилеген.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев оппозиция өткөргөн митингге калыс карайт. Ал Кыргызстанда ар бир адам тынч митинг өткөрүүгө укугу бар экенин эскертип, бирок аймактык, улут аралык касташууларга жол берилбеши керектигин белгиледи.

- Ташиев, Келдибеков чындыгында эле 1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүүнү каалап жатса, биз да аларды колдойбуз. Эгер чын болсо... Анысы бүгүн, эртең билинет. Эгер “1993-жылдагы Конституцияны колдойбуз” деген көшөгөнү жамынып чыгып жаткан болсо - кеп башкача. Тынч митинг менен аймактык, улуттар аралык карама каршылыктарга алып келе турган аракеттер болсо, ал эч ким тарабынан кабыл алынбашы керек.

“Ата-Журт” фракциясынан митингге барат деген бир топ депутаттар барбай калышкан. Алардын бири Дастан Жумабеков “митинг үчүн Ош шаары аймагына карата тандалып алынган эмес”, - дейт. Депутаттын белгилешинче, ушундай эле жыйындар башка облустарда да өтүшү ыктымал.

- Биз мыйзамда жазылган ченем менен иш жүргүзүп атабыз. Биздин партиялаштар да кыргыз эли, Кыргыз мамлекети деген мекенчилдер. Аларда элди бөлүп-жаруу деген жаман ойлору жок.

Оппозициянын митингде айтылган талаптарынын бири - 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү. Алардын ушул талабы эксперт, серепчилердин сынына кабылды.

Мукар Чолпонбаевдин айтымында, 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтуу үчүн “Ата-Журт” өздөрү шайланып келген, 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны тааныбай, парламенттен чыгышы керек болот. Бирок атажурчулар бул жолго бара албайт деген пикирлер айтылууда.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров эски Конституцияга кайтып келүүнү колдобойт. Анын айтымында, эгер 93-жылдагы Баш мыйзамга келе турган болсо, өлкө президенти эки мөөнөткө шайланышы керек, буга чейин менчиктештирилип кеткен мекемелердин бардыгы мамлекетке өткөрүлүшү зарыл болот.

"Ата Мекен" партиясынан депутат Асия Сасыкбаева “эгер бүгүнкү митингдин уюштуруучулары Келдибеков, Ташиев жана Мадумаров жалпы элдик саясатчы болсо, митингди Бишкекте деле өткөрсө болмок”, - деп эсептейт.

- Биринчиден, аймактык мамиле туура эмес. Алар ушул жерде деле митинг өткөрүп, талаптарын койсо болмок. Экинчиден, талаптарынын бири - 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүү болуп атат. Бул деген Кыргызстанды 20 жылга артка тартканы. Аларды түшүнсөк деле болот, алар бүгүнкү бийликтен ажырап, оппозицияда калып калды. Биз деле оппозицияда жүрүп иштедик. Азыр алар элди жакырчылыкка түртүп жатышат. Анткени эл өз оокаттарын жасабай, бүгүн да көчөгө чыгып калышты.

Саясий серепчи Марс Сариев мындай митингдерди өлкө түндүгү менен түштүгүнүн элиталар күрөшү катары баалап жатат. "Сырткы күчтөр мындан пайдаланып кетиши ыктымал", - дейт Сариев.

- Менимче бул түндүк-түштүк саясий элиталарынын эле күрөшү. Алардын айткан дооматтары туура, бирок азыркы өкмөт аларды чечип, изилдеп жатпайбы. Бизде саясатчылар бири-бири менен эле алышып, ресурс, бийлик талашканда бир жагдайды унутуп коюп жатышат: чоң күчтөр, мамлекеттер өздөрүнүн оюн саясатчылардын үстүнө жаап, чоң оюнга айланып, кырдаал колдон чыгып кетет деген коркунуч бар. Муну бир үстөлдө отуруп, эки тарап сүйлөшпөсө, башка күчтөр мунун баарын изилдеп жатат.

Ал эми оппозициянын митингде айткан талаптарын жөн гана шылтоо деп эсептейт дагы бир саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев. Анын айтымында, митингдин негизги максаты – бийлик талаш.

- Кыргызстанда митинг ар нерселерди шылтоо кылып эле, башкача айтканда баары эле бир нерсеге келип такалат. Бул бийлик талаш, башка эч нерсе жок. Конституциянын деле кереги жок, жазалангандын деле кажети жок. Бирок бийлик кандай талап болбосун аны карап, оппозиция менен сүйлөшө билиш керек. Кайсыл жерде туура эмес болгон, аны оңдош керек. Бирок эл ошол кайырмакка түшүп калат да. Азыркы бийлик деле ошентип келген. Эми эл акылдуу болуш керек.

Оппозиция өз талаптары аткарылышы үчүн бийликке 15 күн убакыт берди. Балким эки тарап сүйлөшүүгө барабы же оппозиция аягына чейин турабы? Аны убакыт көрсөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG