Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Кийим үкөк кайрымдуулуктун жаңы үлгүсү


Оштогу кийим үкөгү
Оштогу кийим үкөгү

Ошто "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" аттуу кийим үкөгү ачылды. Ал кайрымдуулар менен муктаждар ортосунда көпүрө сыяктуу кызмат кылып баштагандай.

Үкөккө кайрымдуу адамдар кийбеген кийимдерин таштап кетсе болот. Аны каалаган же муктаж адам тандап алат. Ал үкөккө ким эмне таштап кеткени, ким эмне алып жатканы көзөмөлдөнбөйт. Муну студенттердин “Инсан таануу” коомдук бирикмеси уюштурган. Бирикме мүчөлөрүнүн бири Дастан Алымырзаев элди маданияттуулукка тарбиялоо максатында аракеттенип жатышканын айтты:

- Бул акциянын максаты - элдин маданиятын жогорулатуу. Колунда барлардын муктаж адамдарга жардам берүүсүнө шарт түзүү. Биз ушул үкөк аркылуу кайрымдуулар менен муктаж адамдардын ортосуна көпүрө бололу деп чечтик. Анткени кайрымдуу адамдар кантип жардам берсем болот деп ойлонушу мүмкүн. Же кимдир бирөөгө кийилбей калган кийимдерин сунуштоодон тартынып, жаман ойлоп калабы деп чочулайт.

Акцияны уюштуруучулардын бири Дастан.
Акцияны уюштуруучулардын бири Дастан.

Жолдон ары-бери өткөндөр "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" деген чакырыктын астындагы үкөккө кызыгып, көңүл буруп жатышканы байкалат. Алардын бири шаар туругуну Алима Жарматова үкөк идеясын алкап өттү.

- Бизде мындай кийимдер толтура да үйдө. Балдарга тар келип калганы бар. Жакшынакай эле эскирбеген кийимдер. Өзүбүз кийген кийимдер. Ыргытып же өрттөп салганга көз кыйбайт.Ошолорду мен дагы алып келип, илип берейин деп жатам. Жардам берсең жакшы да. Муктаж адамдар алат да ушул жерден. Жакшы ойлоп табышыптыр. Шаардын башка жерлерине да кененирээк кылып орнотушса болот экен.

Учурда студенттер ушундай жупуну үкөктү шаардын башка жерлерине орнотууга демөөрчү издеп жатышыптыр. Алар кийим текчеси ачылган төрт күн ичинде андагы кийимдер бир нече жолу алмашканын байкашкан.

- Биз Ош мамлекеттик университетинде окуйбуз. Чоң танаписте чыгып, эмне болуп атат экен деп карап коебуз. Өзүң жасагандан кийин кызыгасың да. Анан адамдардын кийим илип жатышканын, кээлери илинип турган кийимдерди карап, тандап атканын көрөбүз. Аны көрүп сүйүнөбүз. Азыр ошол утуру илинген кийимдердин арасынан эркектердин кийимдери тез алмашып жатканын байкадым.

Студенттердин “Инсан таануу” бирикмеси буга чейин “Көчө китепканасы” деген иш-чараны Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында уюштуруп көрүшкөн. Андан кийин Ош шаарындагы аялдамаларга бул кийим тазалоочу каражаттарды орнотушкан. Бирок ал аракеттер өзүн актаган эмес. Уюштуруучулар эми "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" деген иш-чараны уюштуруп, бул долбоор туруктуу болот деген үмүттө турушат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG