Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ош: Өмүрзаковдун “өзгөчө” балдарынын жоруктары


"Мухаммед-Умар" жана башка спорт клубдардын балдары Оштогу турнирде.
"Мухаммед-Умар" жана башка спорт клубдардын балдары Оштогу турнирде.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу делген Оштогу спорт клубдун балдарынын жүрүм-турумуна нааразылыктар айтылууда.

Алардан жабыркагандар “Мухаммед-Умарда” тарбияланган балдар кылмышка барса, жоопкерчиликке тартылбай жатат деп даттанып жатышат. Ага-ини Өмүрзаковдор айтылгандарды куру доомат деп атап, четке кагууда. ​

Чак түштөгү каракчылык

Оштогу ишкер Жайнагүл Турдуева “Мухаммед-Умар” клубунун спортчуларынан жабыр тарткандардын бири. Аталган клубдун балдары анын дүкөнүн көз алдында карактап кетишкен. Окуя быйыл 21-апрелде болгон эле:

Спортчулар тоноп кеткен Турдуеванын дүкөнү.
Спортчулар тоноп кеткен Турдуеванын дүкөнү.

- Бизге Пирназар Махмудов деген бала акча карыз болчу. Анан ал ошол карызын бербей “разборка” менен бүтүрөм деп “Мухаммед-Умардын” төрт баласын ээрчитип келиптир. Күйөөмдү сыртка алып чыгып, бир топко ызы-чуу салышты. “Аны эмне кыласыңар?” десем “Улук Өмүрзаковго алып барабыз” дешти. Анан эле күйөөмдү автоунаага салып кетип калышты. Мен да артынан машинемди айдап баратып, жолдо аларды таппай калдым. Күйөөмө чалсам эле телефону өчүк. Бир сааттан кийин күйөөм башка номерден чалып “тез дүкөнгө жет” деди. Дүкөнгө келсем эле баягы балдар товарларды пакеттерге салып, эки машинеге жүктөп жатышыптыр. Мени көрүшсө деле тоготпой, каратып туруп дагы тоной беришти. Видеого тарта баштасам Нурсултан Ташкулов деген бала телефонумду жерге бир чаап, талкалап койду. Милиция чакырам деп кыйкырсам, бычагын чыгарып, “өлтүрүп салам” деп кетип калышты.

Айласы кеткен Жайнагүл Турдуева ал күнү дүкөнүн да тонотуп, жолдошу Садырбек Зарамовду да таппай отуруп калганын айтууда:

Жайнагүл Турдуева
Жайнагүл Турдуева

- Эмне кыларымды билбей эле отуруп калдым. Тияк-биякка чалып, тааныштардан сураштыра баштадым. Түнкү саат ондордо күйөөм телефон чалды. “Тирүүсүңбү? Каяктасың?” десем, “Үйдүн жанына таштап кетишти” деди. Келсем бети-башы шишик, оң жак кулагы кесилген, көйнөктөрү кан, жыртылган абалда экен. Көрсө, алар күйөөмдү эски аэропорт жакка алып барып бычак такап, коркутуп, уруп-сабап, тепкилешиптир. Андан кийин Ош облустук прокуратурасынын имаратына, Улукбек Өмүрзаковго алып барышыптыр. Ал жерде сүйлөшүп, ишемби күнгө “25 миң сом акча менен Ford машинеңди алып келип бересиң” деп кое беришиптир. Күйөөм бир ай ооруканада жатып өзүнө келди. Бул окуя болгонуна азыр төрт ай болду. Милиция да, прокуратура да кылмышты акыйкат тергеген жок. Каракчы балдар кармалып, жазасын алышкан жок. Мыйзам иштебей жатат. Анткени алардын баарын Өмүрзаковдор басып коюп жатышат.

Жабырлануучунун айтымында, окуядан кийин да Улук Өмүрзаков аларды коркутуп, арызын алдырууга аракет кылган. Жайнагүл Турдуева кошумчалагандай, кийин, тескерисинче, кайра Садырбек Зарамовго башка айыптар боюнча кылмыш иши козголгон жана бул анын оозун жаап коюу үчүн болгон.

Улук Өмүрзаков
Улук Өмүрзаков

Ал эми Ош облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы, “Мухаммед-Умар” спорт клубунун ээси Улук Өмүрзаков мунун баарын жалган жалаа деп эсептейт:

- Садырбек Зарамовго байланыштуу чырга менин эч кандай тиешем жок. Бул курулай доомат, жөн гана каралоо. Бул чыр алардын жеке маселеси. Тергөөчүлөр бул ишти толугу менен тергеп бүттү. Атургай сот да карап, чечим чыгарып, буга аралашкан балдарга издөө жарыялаган. Эгер ал балдар кармалса, камалат, жазасын алат. Эгер мен бул ишке аралашкан болсом, анда тергөө токтоп калмак же сот карабай коймок да, туурабы? А бул иш акыйкат эле каралып жатпайбы? Эгер ишти чечип койгонго күчүм жеткен чакта деле мен ал ишке бармак эмесмин, анткени мен мыйзамсыз иштерге аралашпайм.

“Муханын балдары”

“Мухаммед - Умар” спорт клубунун балдарынан жабыр тарткандар жалгыз гана Зарамов менен Турдуева эмес. Жабырлануучулар көп мезгилде арыздануудан коркушса, кээлери кылмыш акыйкат тергелишине ишенишпейт. Ошондуктан жергиликтүүлөр ал окуялардын көпчүлүгү коомчулукка ачык айтылбай калып кетип жатканын белгилешүүдө.

"Мухаммед-Умар" спорту клубун ага-ини Өмүрзаковдор негиздешкен.
"Мухаммед-Умар" спорту клубун ага-ини Өмүрзаковдор негиздешкен.

Атын атагысы келбеген милициянын кызматкери “Азаттыкка” буларды ачыктап берди:

- Ошто кайсы жерде чыр чыкса, ошо жерде “Мухаммед-Умардын” балдарынын башы чыгат. Алар ушул күндөрү деле басып алуу, рэкетчилик, уруп-сабоо, талап-тоноо иштерин коркпой улантып жатышат. “Баланчанын башын жарып койду, түкүнчөнүн бутун сындырып койду, машинесин тартып алды” деген нерсе азыр бизге жаңылык деле болбой калган. Бирок алар жасаган бир да кылмыш тергелбейт, бардыгын басып коюшат. Себеби алардын “крышасы” прокурор Улук Өмүрзаков, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков. “Мухаммед-Умардын” балдары жасаган кылмышты тергөөчү иликтеп баштады дегиче, же Улук, же Сүйүн телефон чалат, алар ошол замат ишти кыскартып жиберишет. Же жөн эле алардын балдары экенин билсе өздөрү эле ишти жаап коюшат.

Былтыркы жылы “Мухаммед-Умар” спорт клубунун балдары Ошто бир нече милиция кызматкерин, көп өтпөй мамлекеттик автоинспекция кызматкерлерин сабап салганы белгилүү болгон. Окуя боюнча видеолор интернетке тараганы менен, жабырлануучулар да, айыпталуучулар да бул маалыматтарды төгүндөп чыгышкан.

"Мухаммед-Умардын" балдары турнирлерде.
"Мухаммед-Умардын" балдары турнирлерде.

Аз убакыт мурдараак эле “Мухаммед-Умардын” машыгуучулары “Жапалак” унаа базарында машине алып саткан ишкерлерди тепкилеп салышканы, кийинчерээк Өзгөндө турмушка чыгып жаткан кызды кызганып, анын күйөөсүн туугандары менен нике тойдо сабап кетишкени маалым болгон.

Бирок бул ачыкка чыккан гана фактылар экенин ички иштер тармагында иштеген анонимдүү булак тастыктады:

- Чынын айтыш керек, “Мухаммед-Умардын” балдары ага-ини Өмүрзаковдорго таянып, таптакыр эле көөп кетишти. Ошто “өзгөчө, кол тийбестик” статусуна ээ болуп калды. Ошого таянып алар азыр өздөрүнө-өздөрү “черный”, өздөрүнө өздөрү “красный”. Көпчүлүк аларды “Муханын балдары” деп да атап коюшат. “Муханын балдары келатат” дегенде керек болсо МАИ, милиция, прокурорлор да коркуп турушат. “Муханын балдары” шаарда ар бир экинчи кафеге, дүкөнгө, базарга “крыша” болуп, “доля” алып турушат. Балдар жасаган ар бири иштен Өмүрзаковдор кабардар, билет. Керек болсо кээ бир “иштерге” балдарды өздөрү жумшайт. “Мухаммед-Умар” деген сакчы агенттик бар го, анда сакчылар деле жок. Алардын эмблемасы кайсы кафеге чапталган болсо, демек ошол кафенин “крышасы” “Мухаммед-Умар” деген эле сөз.

"Мухаммед-Умар" спорт клубу жана анын машыгуучулары.
"Мухаммед-Умар" спорт клубу жана анын машыгуучулары.

Анткен менен Улук Өмүрзаков бул маалыматтарды да куру доомат деп атады:

- Эгер балдар кандайдыр бир кылмышка барса, эмнеге ага ата-энеси жооп бербеши керек? Эмнеге бир туугандары жооп бербейт? Биз болгону эки саат гана машыктырып жатсак, эмнеге спорт клуб жооп бериш керек? Спортчулар биздин залдан кетип калгандан кийин деле, же өмүр бою жасаган кылмыштарынын баарына мен айыптуу боломбу? Биз балдарды маңзаттан, аракечтиктен жана башка жолдордон алыстатып, спортту сүйдүрүп койгонубуздун жазасы ушулбу? Эгер спортзалда мушташ болсо жооп беришим мүмкүн, бирок көчөдө бирөө менен чырдашып кетсе ага мен жооп бербейм. Азыр бирөөнү сабап салган балдардын бири чыгып мени “Улук аке жөнөттү, Сүйүн аке жөнөттү” деп айтсын, мен кудайдын алдында таң берем. Машыктыруучу болуп иштегениме 20 жыл болсо, ушул убакыттын аралыгында мен бир да балага “тигини уруп кел, муну тоноп кел” деп айткан эмесмин. Эч качан айткан эмесмин, айтпайм дагы.

Чындыкпы же ушакпы?

Бир тууган Өмүрзаковдор “Мухаммед-Умар” спорт клубун Ошто 2005-жылы негиздешкен. 10 жыл аралыгында алар жалпы 600дөй баланы таптап чыгарышкан.

"Мухаммед-Умардын" балдары турнирлерде жеңген учурлары.
"Мухаммед-Умардын" балдары турнирлерде жеңген учурлары.

Учурда клубдун алдындагы үч залда да машыгуучулардын саны 500гө чукулдайт. Ушул аралыкта 20дан ашык спорттун эл аралык чеберлери, 80дей спорттун чебери, 200дөй спорттун чеберлигине талапкерлер чыккан.

"Ушундан улам балким кайсы бир атаандаштарга биз жасаган иштер жакпай, ушак-айың тарап жатса керек" дейт “Мухаммед-Умардын” ээси Улук Өмүрзаков:

- Дзюдо, самбо, ММА, ушу-саньда, эркин күрөш, эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстанда биздин клубдай ийгилик жараткан башка клуб жок деп айта алам. Кыргызда “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт деп коет”. Кудайга шүгүр, балдарыбыз күн алыс ийгиликке жетип, Кыргызстандын туусун сыртта көтөрүп келатышат. Ошону көрө албагандар же кайсы бир кызыкдар топтор ушинтип терс сөздөрдү, ушак кептерди жайып жүрөт. Бирок биздин балдар тууралуу айтылган бул айыптоолордун бирөө да чындыкка дал келбейт. Биздин үстүбүздөн арыздангандар көп болсо, анда неге алар аягына чейин барышпайт? Кыргызстан “жунгли” эмес го акыры. Эгер биздин балдар бирөөнү сабаса, тоносо, аларга мыйзам чегинде кылмыш иши козголуп жазага тартылат эле да.

“Мухаммед-Умардан” сырткары Ошто “Жаш күч”, “Эр бол”, “Ош-Азия”, “Алыш” жана “Турбаза” сыяктуу спорт клубдар да бар. Аларда машыккандар да кез-кезде ар кыл кылмыштарга аралашып калганы айтылат.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы аталган клубдарда машыккандар уюшкан кылмыштуу топторго да кошулуп кетип жатканын ачыктаган жайы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG