Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

"Эркиндик үнү" уюму парламент жыйынына себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин бербегени үчүн Жогорку Кеңеш аппаратын сотко берген.

Парламент өкүлдөрү болсо бул жашыруун маалымат экенин айтып, аны ачыкка чыгаруу мыйзамга каршы келээрин билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш тизмени эмнеге жаап-жашырууда?

7-майда Бишкек шаардык сотунда "Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү Жаңылмырза Сартова менен Жогорку Кеңеш аппаратынын ортосундагы соттук иш уланды. Анда сот укук коргоочунун буга чейин район аралык сот чыгарган чечимине карата апелляциялык арызын карады.

Аталган укук коргоо уюмунун өкүлү Жаңылмырза Сартова 2011-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештен жыйынга себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин жана бири-бирине добуш берүүгө ишеним берген депутаттардын тизмесин ала албай келе жатканын айтат:

- Мен парламенттен кайсы депутат, кайсы күнү, эмне себептен жана канча жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай, кесиптештерине ал үчүн добуш берип коюу үчүн ишеним кат менен кайрылганы жана кайсы депутаттар өзүнүн жыйынга катышпаган себебин түшүндүргөн справкаларды тапшырышканы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууну сураганмын. Себеби парламенттин ишмердүүлүгү жалпы коомго маанилүү маалымат катары баарыбызды кызыктырат. Ошондой эле Жогорку Кеңеш депутаттарынын иши ачык-айкын болуп, алардын эмне менен алек болуп жатканын билишибиз керек.

Ошентип Бишкектин район аралык соту 2-мартта Сартованын арызын жарым-жартылай канааттандырып, парламент мындай маалыматты берсин, бирок депутаттардын атын атабашы керек деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон укук коргоочу Бишкек шаар сотуна кайрылган. Шаардык сот 7-майда бул ишти карап, чечимди 11-майга калтырды.

Жогорку Кеңештин аппарат өкүлдөрү болсо жыйынга катышпаган депутаттар тизмеси жана алардын эмне себептен жыйынга катышпаганын түшүндүргөн справкалар жашыруун маалыматтардын катарына кирээрин билдирүүдө. Алардын жүйөөсүндө, мындай маалыматтар коомчулукка жарыяланышы депутаттардын жеке жашоосуна жөнү жок кийлигишүү болуп саналат.

Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн кызматкери Вероника Киреева буларды билдирди:

- Мен бул маалыматтар жашыруун экенин айткым келет. Маселен, бир депутат оорусуна байланыштуу жыйынга катышпай, анан справка алып келсе, справканын кандай экенине карабастан ал депутаттын оорулуу экенин көрсөтүп жатпайбы. Ошол эле учурда балалуу болуп, же үйлөнгөнүнө байланыштуу жыйынга катышпай калган депутаттардын атын ачыкка чыгаруу деле алардын жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды коомчулукка жар салуу болуп эсептелет. Укук коргоочулар болсо ар бир депутат тууралуу ушундай жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууну сурап жатышат.

Кворум жок...

Бирок укук коргоочулар Жогорку Кенештин бул жообун бийликтин бир бутагынын коом алдында жоопкерсиздиги катары баалап жатышат. Алар акыркы мезгилде парламенттин бир катар депутаттары жыйынга кааласа катышып, каалабаса чыгып кетип жатканын өз милдеттерин толук аткарбаганы катары эсептешүүдө.

Айталы, Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова парламентте кворум жок болгону үчүн бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынбай жатат деген ойдо:

- Акыркы учурда ар бир жыйында 30дан көп киши отурбайт. Бири-бирине добуш берүүгө укугу бар мыйзамдарды алар зыпылдатып эле өткөрүп жатышат. Анткени бир депутат он кнопканын жанынан чуркап өтсө эле, он депутаттын ордуна добуш берип коёт. Ал эми мисалга, сот реформасы сыяктуу конституциялык мыйзамдар өтүшү үчүн 81 добуш керек, мынчалык сандагы депутаттар келбегендиктен ал долбоор бир айдан бери өтпөй турат. Себеби бул мыйзамды кароодо бири-бирине добуш берүүгө укугу жок. Мындай болсо элдин акчасынан 120 депутат айлыкты эмнеге алат, 120 машинеге эмнеге бензин куйушат? Ошондуктан, ушундай жол менен болсо да тартипке чакырышыбыз керек.

Жогорку Кенештин регламент жана этика боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев болсо, депутаттардын катышуусуна байланыштуу парламентте эч кандай деле маселе жок деген пикирде:

- Бул жерде себепсиз эле келбей калгандар жок. Иш сапарда көп болуп калып жатышат. Бир убакта 30дай депутат иш сапарда болуп калган учурлар болуп жатат. Анан шайлоочулар менен жолугушууларга кеткен учурлар бар. Болбосо отурумдар жакшынакай эле өтүп жатат.

Ошол эле учурда айрым депутаттар жыйынга себепсиз келбегендердин тизмесин ачыкка чыгарууну жакташат. Мисалы, Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков келбеген депутаттардын тизмеси эч кандай жашыруун маалыматка кирбейт деп эсептейт:

- Депутат кайсы учурда ишеним кат менен добуш берсе болот, кайсы учурда болбойт мунун баары регламентте так жазылган. Добуш берген соң ишеним каттар кадимкидей тиркелип, ачык эле болуш керек. Мында эч нерсени деле жашырууга болбойт.

Бул укук коргоочулар менен парламент ортосундагы жалгыз эле соттук иш эмес. Жакында эле "Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясы депутаттардын айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган. Бул сот укук коргоочулардын арызын канааттандырган эмес. Эми аталган уюм да кийинки баскычтагы сотко кайрылууга камынууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG