Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Башкаруучу коалиция ыдырады


Башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын башчылары: Текебаев, Турсунбеков жана Кулов жаңы коалиция түзүү боюнча келишимге кол коюуда. 3-сентябрь, 2012.
Башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын башчылары: Текебаев, Турсунбеков жана Кулов жаңы коалиция түзүү боюнча келишимге кол коюуда. 3-сентябрь, 2012.

"Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештеги "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган башкаруучу коалициядан чыгуу чечими анын ыдырашына алып келди.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгуу маселесин бүгүн жабык жыйында карап, акырында коалициядан чыгуу чечимине келишти.

"Өкмөт мокоп калды"

Жабык жыйындан соң фракция лидери Өмүрбек Текебаев коалициядын чыгуу себептерин журналисттерге айтып берди. Текебаевдин айтымында, мындай кадамга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишиндеги кемчиликтер түрткү берди. Сатыбалдиевдин чарбалык иштерде ийгиликтүү жумуштары болгону менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны башкарып турган кездеги кетирген кемчиликтери фракциянын коалициядан чыгуу чечимине барууга негиз болду:

- Бул өкмөт жаман эмес иштеди. Өткөн жылы ички дүң продукция 11 пайызга чейин өскөнү белгилүү болду. Тилекке каршы, өкмөттүн терс иштери да белгилүү болуп калды. Бул Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин парламент иликтеген, талкуулаган учурда айгинеленди. 11 миллиард сомдун 6 миллиардынын дайыны жок. Өкмөт мокоп калды. Анткени бийлик бул мыйзамдуулук гана эмес, ишенимге байланышкан легитимдүүлүккө ээ болушу керек. Ошондуктан биз өкмөт өзүнүн моралдык-саясий ресурсун түгөттү, өзүнө жүктөлгөн маанилүү ишти аткара албайт деп чечип, коалициядан чыгуу жолу менен өкмөттү алмаштырууга бардык.


Текебаев: Өкмөт мокоп калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00


Фракциянын коалициядан чыгуу боюнча чечими президентке 19-мартта берилет. Текебаев белгилегендей, алардын чечимине байланыштуу коалициялык көпчүлүк тарагандыктан өкмөт башчы жумуштан кетиши керек. Андан соң президент парламенттеги кай бир фракцияга жаңы коалиция түзүү боюнча укук берет. Эмки коалицияга “Ата Мекен” киреби-жокпу, азырынча белгисиз. Партия лидери алар оппозицияда калышы мүмкүндүгүн да кошумчалады.

Күтүүсүз кадам

"Ата Мекендин" бүгүнкү кадамы коомчулукка күтүүсүз болгондой эле, “Ырыс алды - ынтымак” коалициясындагы өнөктөштөрү үчүн да күтүүсүз болуптур. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “атамекенчилердин” коалициядан чыгышы тууралуу буга чейин сөз жүргөнү менен дароо талкуулап, чечим кабыл алганына таңданганын жашырган жок:

- Бул тууралуу сөздөр жүрүп жаткан. Бирок мен үчүн бүгүн эле бул маселе чыга калып, дароо чечилгени кандайдыр-бир деңгээлде күтүүсүз болуп калды. Ошондуктан бул тууралуу бир нерсе деп айтыш мен үчүн кыйын.

Ал эми өкмөт “Ата Мекен” фракциясынын чечимин 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдындагы саясий жүрүшү катары баалап жатат. Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Ата Мекен” өлкөдөгү саясий, экономикалык туруктуулукту эске албай, саясий кызыкчылыгынын чегинде чечим кабыл алды деп эсептээрин билдирди:

- Өкмөттү отставкага кетирүү Кыргызстанга эч кандай пайда алып келбейт жана ага негиз да жок. Анткени өкмөт алдына абдан жакшы жумуштарды коюп, иштеп жаткан. Шайлоо жакындаган сайын саясий интригалар күчөп, кызмат орундарды өзүнө алууга аракет болуп жатат.

Ошол эле учурда азыркы өкмөттөгү “Ата Мекендин” мүчөлөрү фракциянын чечими Жантөрө Сатыбалдиевге гана багытталганын билдиришүүдө. Маселен, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындай ойдо:

- Учурдагы өкмөттүн мүчөсү катары өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп эсептейм. Анткени, фракция деле өкмөт жакшы иштеди деп баалады. Бирок фракциянын чечими премьер-министрдин айланасындагы иштерге байланыштуу кабыл алынды.

Жылына бирден коалиция...

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалициянын курамын КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары түзүп келген. "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган бул коалиция 2012-жылы 3-сентябрда түзүлгөн болчу. Эми "Ата Мекендин" чыгышы менен бул коалиция автоматтык түрдө бузулууга тушукту. Себеби Конституцияда көпчүлүктү түзгөн фракциялардын коалициясы калган депутаттардын санынан көп болушу керек деп жазылып турат. Демек 61 депутаттан кем болбош керек. А азыр коалициядагы калган эки фракциянын депутаттары алтымышка да жетпейт.

“Өкмөт жөнүндө” мыйзамга ылайык, башкаруучу коалиция тараган учурда өкмөт да отставкага кеткен өкмөт болуп эсептелинет. Бирок жаңы өкмөт дайындалганга чейин өзүнүн милдетин убактылуу негизде аткарып турат.

"Ырыс алды - ынтымак" Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында төртүнчү жолу куралган башкаруучу коалиция эле. Ага чейинки "Биримдик" коалициясы 2012-жылдын 22-августунда ыдырап, Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт курамы кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG