Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Укук коргоочулар бийликке кайрылуу жолдошту


Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы пикети.
Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы пикети.

12-апрелде парламенттин комитетинде “Чет элдик тыңчы жөнүндө” мыйзамдын экинчи окууда кабыл алынганына байланыштуу укук коргоочулар бийликке кайрылуу жөнөтүштү. Анда комитет депутаттары мыйзамды талкууга салбастан кабыл алып, 14-апрелде чоң жыйынга чыгарууга белсенип жатканы жазылат.

Президент, Жогорку Кеңеш жана башкы прокуратурага жөнөтүлгөн кайрылууда эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланары белгиленген. Ошондой эле демократиянын негиздеринин бирин түзгөн өкмөттүк эмес уюмдарды мамлекет ооздуктоого алууга шарт түзөт деп жазылган.

Көптөгөн бейөкмөт уюмдары кол койгон кайрылуусу БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесовго жолдонду. (SDz)

XS
SM
MD
LG