Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Парламент июнь коогасын иликтеген комиссия бүтүмүн угууда


Жогорку Кеңеш июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулап жатат. Ага президент менен премьер-министр да чакырылды.


Талкууга убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана шаарларынын жетекчилери катышууда.

Мамытов: Батыров июнь коогасын уюштурууга жүз миң доллар которгон

Алгач комиссия төрагасы, депутат Токон Мамытов баяндама жасады. Ал июнь коогасы Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулганын, мындан сырткары 7-апрелде бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев жана жакындары, криминалдык күчтөр окуянын өнүгүшүнө таасир тийгизгенин белгиледи. “Айрым чек ара, ИИМ кызматкерлери курал-жарактын элдин колуна өтүп кетишине жол берген. Айрым өзбек жарандар биринчи кол салган. Социалдык-саясий кырдаалдын чыңалышы, май айында Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдын алынып салынышы да ушуга алып келген”, – деди Мамытов.

Токон Мамытов кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып Кадыржан Батыров июнь коогасынын алдында өзбек диаспорасына жүз миң доллар которгону тастыкталганын айтты. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ватан - Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров 2010-жылдын 18-майында “Жалал-Абад АНД” ишканасынан Азамжан Акбаров деген адамды чакырып, июнь окуясын уюштурганга БТА банк аркылуу 100 миң доллар жөнөткөнүн билдирген. Акча Ошко которулганын, мындай маалымат комиссияга эки күн мурда берилгенин комиссия төрагасы кошумчалады.

Мамытовдун айтымында, мындай маалыматты алгач ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК жана Каржылык чалгындоо кызматы тастыктаган эмес.

Парламент жыйынында июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия тыянагына комиссиянын бир мүчөсү Исмаил Исаков макул эместигин айтып чыкты. Ал 7-апрель болбогондо июнь коогасы болмок эместигин, коогалаңдын келип чыгуу себептери, күнөөлүлөр комиссия тыянагында ачык, акыйкат көрсөтүлбөгөнүн сындады. Исаков июнь коогасынын келип чыгышына экс-президент Бакиев жана анын туугандары күнөөлүү деп эсептейт.

Комиссия тыянагына 25 мүчөсүнүн үчөө - Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошева, Ширин Айтматова кол койгон эмес.

Отунбаева: Мурда этникалык топтор шайлоо алдында гана эске келген

Парламент жыйынында президент Роза Отунбаева да сөз сүйлөп, Кыргызстан эгемендик алган 20 жыл ичинде соцалдык-экономикалык жагдай оорлоп, кырдаал чыңалып отурганына токтолду. Президент июнь окуясы капысынан чыкпаганын, ага экономикалык, саясий жана социалдык жагдайлар таасир эткенин кошумчалады.

“Мурда бийлик этникалык топтору шайлоо алдында гана эстеп, өз колтугуна тартууга аракет кылып келген. Этностук азчылыктарды саясий процесстерге кошуу үчүн аракеттер жасалган жок. Алардын добуш берүү жана өлкөнүн коомдук саясий турумушуна тең катышуу укугу толук камсыз болгон эмес”, - деди Отунбаева. Мындан сырткары ал бийликтин аракети улут аралык ынтымакты бекемдөөгө арналышы керектигин, армия, укук коргоо органдары көп улуттуу болушу зарылдын белгиледи.


Атамбаев Батыров менен жолукканын четке какты

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев болсо маалымат каражаттарында жарыяланган июнь окуясынын алдында Кадыржан Батыров, Алмазбек Атамбаев жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жолуккан деген маалыматты четке какты. Өкмөт башчы бул маалыматты Башкы прокуратура жана УКМКнын текшерип чыгуусун сунуштады.

Парламенттеги талкуу уланууда.

XS
SM
MD
LG