Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

"Эжеке, атамдарды күтпөңүз..."


Жакшылык
Жакшылык

16-январь күнү таңга маал жети жаштагы Жакшылык Шералиев көзүн ачканда эле үйүнүн урандыларын көрдү. Шералиевдердин үй-бүлөсүнөн Жакшылык гана аман калган: анын 26 жаштагы ата-энеси, эки карындашы Сокулук районундагы Дача-Суу айылында учак кырсыгынан каза табышты.

Жакшылыкты биз Сокулуктагы ооруканадан таптык. Аны эртең мененки саат ондо ооруканага "Тез жардам" менен алып келишкен экен. Нес абалындагы баланын оң бети тытылып, башы чайкалган. Жакшылыктын абалы канааттандырарлык болгону менен, нөөмөттөгү дарыгер Кутман Кумарбековдун айтуусунда, бала психологиялык жардамга муктаж. Бирок Сокулуктагы ооруканада азырынча балдар психологу жок, болгону невропатологдор бар.

Буга карабастан Жакшылык жылмайганга аракет кылып, жакшы көргөн жомоктору жана мультфильмдери тууралуу айтып берип отурду. “Мен келечекте жоокер болгум келет. Себеби алар өз Мекенин коргошот”, - деп суроолорго жооп берип отурду бала. Ошол маалда мага кичинекей бала бир заматта чоңойо түшүп, баарын баамдап калгандай туюлду.

Жакшылык болгон кырсыкты эстегенден корккон жок. Ал кулап түшкөн учак “сегиз көчөнү жок кылганын” айтып берди:

- Учак жарылып кетти. Андан кийин бардык үйлөрдү талкалады, адамдар өлдү, алар урандынын астында кала беришти. Алгач милиция, андан кийин "Тез жардам" келип, өлгөн адамдарды алып кетишти. Милиция аларды карап турду. Биздин сарай эч нерсе болгон жок, бирок кошунанын чатырын сүйрөп кетти. Мен аларга бардым, мага кийим беришип, "Тез жардамга" отургузушту. Ошентип бул жакка келдим. Апам жакты карабай эле үйдөн качып чыккам.

Жакшылык жалгыз калды...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

«Эгерде алар чоң атамдын үйүндө түнөсө, баары аман калмак»

Эркин Баетова Жакшылык менен бир палатада жатат. Ал башка айылдан. Бала ага кечээ үй-бүлөсү менен чоң атасынын үйүндө болушканын, "ушул жерде эле түнөп алгыла" деген суранычка карабай, жаңы эле бүткөн үйүнө кайтып келишкенин айтып берген экен:

- Бала атасынан ошол эле жерде кала берүүнү суранганын айтып берди. Атасынын аты Уларбек экен. Ал “үйгө барабыз” деп болбой коюптур. Ата-энеси эки кызын дарыгерлерге көрсөткөнү алып келишиптир. Бешөө уктайт. Жакшылык эртең менен турса пайдубалдан башка эч нерсе калбаган экен. Ал мага “Эжеке, көзүмдү ачсам, дубалдын жанында жатыптырмын, башка эч нерсе эсимде жок, үшүп калган экем. Анан кошунанын үйүнө барайын деп чечтим”, - деди.

Жакшылык буга чейин кошунасынын итинен коркконун, бирок бул жолу жөн эле кирип барганын, айтып берди. Алар Жакшылыкка кийим беришет, анткени бала ич кийимчен келген экен. Баланын айтып бергендерин угуп отуруп, жүрөгүм ооруп кетти.

Жакшылыкты ооруканага алып келишкенде дарыгерлер дүрбөп калышты. Эркин Баетованын айтуусунда, жанында эч кими жок жалгыз балага ал жердегилердин баары үйрүлүшүп, колунан келгенди жасап жатышты. Дарыгерлер баланын жакындарын сурамжылай башташты, уккан экен ооруканага энтигип чоң энеси жетип келди.

"Байбиче небересин көргөндө эле кан басымы көтөрүлүп, кыйлага чейин өзүнө келе албай, эси ооп отурду", деп айтты баланын жанында жаткан аял.

Кан басымы көтөрүлгөн байбичени алып кетишкенден кийин Жакшылыкты караганы ооруканага жакын тууганы Бактыгүл Эгембердиева келди. Жакшылык үйдөгү балдардын улуусу, андан кийин эки карындашы бар, ортончусу беш жашта, кенжеси бир жашка чыккан эле. Эртең анын ата-энеси менен карындаштарын жерге беришет, алардын келбес жайга кеткенин балага айтууга эч ким даай элек:

- Бала азырынча ата-энесинин каза тапканын биле элек. Бирок ал мага "Эжеке, атамдарды күтпөй эле коюңуз" дейт. Жүрөк сезет экен. Билбейм түшүндө көргөнбү же аян бергенби, айта албайм. Эстегенде эле чоң энесин сурайт, ал киши келем деп кеткен. Чоң энеси болсо үйдө, курман болгондордун сөөгүн алып келишкен, ошол сөөк башында. Айла жок, отурабыз ушинтип. Мени үйгө алып кеткиле дейт. Байкушума жетимчиликти сездирбеш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, бирок ата-энени ким тирилтип берет, алардын орду башка го.

"Манас" аба майданынын жанында Boeing 747-400 жүк учагынын кыйрашынан 35тен ашуун адам курман болду. Алардын эң кичинекейи төрт айлык наристе болчу.

P/S: Жакшылыкка жардам берем дегендер төмөнкү банк эсебине акча которсо болот:

Платежные реквизиты KICB Получатель: PE Dzhooshbaev Tair Narbutaevich / ИП Джоошбаев Таир Нарбутаевич

Счет получателя №: 1280010018344156 ЗАО «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк» Кыргызская Республика БИК 128001

Учак кырсыгынын күбөлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG