Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Кыргыз кыздар поэзиясынын ири өкүлдөрүнүн бири Майрамкан Абылкасымова 80 жашта. “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду мааракеге байланыштуу 4-мартта Бишкекте акындын поэзия кечесин уюштурду. Жаз майрамын утурлай өткөн ыр кечеге чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жана поэзия күйөрмандары катышты. Поэзия кечеде акындын ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалып, чыгармачылыгына баа берилди.

Поэзия кечеде актерлор Майрамкан Абылкасымованын ырларын көркүнө чыгара окуп, акындын обондуу ырлары оболоп турду. Сөз берилгенде поэзия кеченин башкы каарманы акын Майрамкан Абылкасымова көрүүчүлөргө өзүнүн шайыр, шатман тамашаларын да айтып отурду:

- Балким бүгүн поэзия кечесине келген жигиттердин жарымынан көбү мен сүйгөн жигиттер чыгар. Баарыңарга бакыт тилейм. Мен өзүм ушундай кишимин, балдарым менен да сырдашам. Кореяга жаңы барганда небере балам “апа, кандай жүрөсүң?” деп телефон чалды. Мен “кээде жалгыз калам үйдө” десем, “сенин досторуң көп эмеспи, ошолордун бирин чакырып ал да, сени күлдүрүп турат, Мар абаны чакырыңыз”,-дейт. Анан Мар Байжиевге “балам уруксат берди, кээде келип мени күлдүрүп тур” деп чалдым.

Акындын досторунун бири, калемдеши Гүлсайра Момунова учкул мезгил чыгармачылык жолго бирге чыккан достордун катарын суюлтуп баратканын ойлоп турган экен:

- Мен 1-курска келгенде Майрамкан ошол кездеги Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун 4-курсунда окуп жаткан экен. Ошол кезде биздин студент кезибиз поэзия сересинде бирге өттү. Субайдылда Абдыкадырова, Дүйшөкан Муканбетова, Сонунбала Закирова аттуу ыр, аңгеме жазган кыздар бар эле. Биз ал кезде өзүбүзчө ийрим уюштуруп, “Шоола” деген журнал чыгарып жүрчүбүз. Биздин окуу жайда ал кезде жигиттер жок эле. Анан улуттук университеттин жигиттерин чакырып өзүбүздүн ийримге катыштырып, ыр окулуп, жаңы китептерди талкуулап, айтор студенттик мезгилди дуулдап өткөрдүк.

Аалыдан алган ак бата

Акын Майрамкан Абылкасымова өзү поэзия дүйнөсүнө кантип аралашып калганын мындайча эскерет:

- 7-классты бүтүп эле шаарга келип, педагогикалык орто окуу жайына киргем. Өзүм 3-класстан баштап ыр жазчумун. 9-класстан тарта ырларым гезит, журналдарга чыга баштады. Ошол жылдары килейген дептерге жазып жүргөн ырларымды көтөрүп алып Аалы Токомбаевге жетип бардым. Ал кишиге барып эле “мен акынмын” дедим. Көрсө бир-эки ырым гезитке чыгып калса өзүмдү акынмын деп ойлоптурмун.

Кремлде кыргыз жазуучулары. 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Кремлде кыргыз жазуучулары. 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Аалы Токомбаевден ак бата алган акын өзү да бир нече жаш калемгерлерге кеңеш берип, поэзия дүйнөсүнө аттандырган. Акындын шакирттеринин бири, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закирова өзү үчүн бул поэзия кечеси ыр касиетине балкыткан, бир кездеги өткөн күндөрдү эстеткен жагымдуу маанай тартуулаганын айтып, Абылкасымованын адам катары жеке мүнөзүнө да токтоло кетти:

- Ал кезде жаштар поэзия кечеси көп өтөр эле. Ошол иш-чараларда Абылкасымова жаш акындардын баарына өз кеңешин айтып, Гулрухсор Сафиева менен чогуу көп ырларды ырдап, ыр окуп, шаңдуу жүрөр эле. Эже чынында ошондо эле азыркыдай куудул киши эле. Бизге дайыма кызыктуу, күлкүлүү окуяларды айтып берип турчу. Биз менен кошулуп белине жоолугун байлап алып бийлеп да берээр эле. Биз Майрамкан акындын ырлары, адамгерчилиги менен чогуу чоңойдук.

Закирова буга улай Абылкасымованын өмүрлүк жары Сагын Наматбаев экөө тең чыныгы чыгармачыл үй-бүлө болгонун эскерди.

Абылкасымованын ырлары орус, украин, француз, болгар тилдерине да которулган. Көптөгөн ырлары англис тилине которулуп, өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Эл акыны улуттук адабиятка кошкон зор салымы үчүн “Ардак белгиси”, “Манас” ордендери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Кызыгы артык кыздар поэзиясы

Поэзия майрымында акындын калемдештери Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгында “Эстелик сүйлөйт” аттуу поэмасы өзгөчө орунду ээлей турганын айтышты. Бул чыгармасы үчүн автор кезегинде Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгына ээ болуп, акындык кадыр-баркка жеткен. Кечеде Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтунун студенттери аталган поэмадан үзүндү окуп беришти:

- ...Эй, адамдар,

Биз силердей күлө албайбызбы?

Биз силердей күлүүнү каалабайбызбы?

Уккулачы, селкилер,

Атылган ок

Биздин жаштар күнүбүзгө тийди.

Биздин учкул сүйүүбүзгө тийди

Бирок… бирок –

Арман эмес бул сөзүм –

Өзүм туулган мекенимде турамын.

Эли-жердин жашоодогу сырларын

Укпаса да угуп турат кулагым.

Оо, жарык дүйнө,

Күтөмүн таң атканды, таң атканды.

Түшүмдө пехоталар чабуул коет.

Санаалар кыйнап иет деги жанды,

Өткөндүн элестери болуп конок.

Мекен,

Танканын дабыштарын уккум келбейт.

Трактор, күркүрөсөң, күркүрөсөң!

Сенден мен

тынч эмгектин үнүн сезем.

Байчечек таажыларын ойноктотуп,

Бийлесе

балага окшоп күлүп кетем.

Согуш бузган жолду оңдоп, заманым,

Катарыңан эң алдыда барасың.

Мен кубана сенин өткөн жолуңдан,

Жутуп жатам

Сен дам алган

Эркиндиктин абасын.

Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров Майрамкан Абылкасымованын “Эстелик сүйлөйт” поэмасы азыркы доордо да өзүнүн маанилүүлүгүн жогото элегин айтат:

- Бул поэма Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда каза болгон жоокерлерге жазылса да кийинки эле биздин революциялык ыңкылаптарда, Баткен окуясында набыт болгон жоокерлердин айкелине да жазылгандай духту берип турат. Ырдын өмүрүнүн узундугу ушунда. Ал кайсы доордо экенине карабай ыр күйөрмандарына кызмат кылып келет.

Мелис Абакиров Майрамкан Абылкасымова кыргыз кесипкөй жазма адабиятында Нуркамал Жетикашкаева, Сатин Абдыкеримова баштаган кыздар поэзиясын түптөөгө олуттуу салым кошкон муун өкүлү экенин кошумчалап, акындын башкалардан айырмачылыгына токтоло кетти:

- Алардын арасынан Майрамкан Абылкасымованын поэзиясы өзгөчөлөнүп турат. Анткени бул кишинин тубаса мекенчилдик сезими күчтүү. Ошол кездеги идеологиянын чыныгы жоокери катары чыкканы анын дагы бир өзгөчөлүгү. Ошол кездеги комсомолдук жана партиялык системада калыптанып, ал темада мыкты ырларды жаза билген.

Эл акыны Төлөгөн Мамеев калемдешинин акын катары артыкчылыгы анын дүйнөлүк адабияттан үлгү алганында экенин кеп кылды:

- Бул - акын аял. Поэзия, искусство, жазуучулук деген эмне экенин түшүнгөн киши. Биздин адабиятта кокусунан эле Эл акыны болуп калган акын аялдар көп. Кезинде Бүткүл дүйнөлүк Ленин комсомол сыйлыгын алуу өтө кыйын болгон.

Эл акыны Рамис Рыскулов жаз майрамына карата өтүп жаткан Абылкасымованын поэзия кечеси ыр күйөрмандарын шыктандырып, суктантып турганын айтат:

- Азыркы заманда аялзаттан даанышман акындар, эл бийлеген президенттер чыгып жатат. Ушундай заманда жашаган Майрамкан бактылуу экен. Жазганы элге жетип, жагып жатат. Ал кезинде союздук республикадагы Раcпутин сыяктуу чоң-чоң акын, жазуучулар менен байланышкан.

Абылкасымованын биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы 25 жаш курагында “Кичинекей досторго” деген ат менен басмадан жарык көрөт. Ага удаалаш эле 1962-жылы “Чолпон”, 1965-жылдары “Быйыл жаздын гүлдөрү көп”, 1968-жылы “Ишеним дайым жүрөктө”, 1970-жылы “Аскар” 1973-жылы “Ата журт” китептери окурмандарга сунушталган.

Поэзия кеченин соңунда экс-президент Роза Отунбаева Майрамкан Абылкасымованын:

Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты,

Энелери элечегин тарталбай.

Ошол элдин уулуна кой айыпты,

Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай...” деген сабы жигиттерди намыска чакырган накыл кепке айланып кеткенин белгилеп, мындай поэзия кечелери дагы да уланарын айтты:

- Өнөр адамдары бүгүн деле Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытып турган учуру. Абылкасымова быйыл 80 жашта. Бирок дагы эле кайнаган поэтикалык идеялары бар экен. Дагы да иштеп бергенге күч-кубаты жетет. Мен акынга мындан ары да чын ден соолук каалайт элем.

Экс-президент Отунбаева Абылкасымованын 80 жылдык мааракесине арналган поэзия кечеси “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун алгачкы ыр кечеси болгонун, аталган фонд быйыл “Тарых жана маданият” жылына карата алдыда поэзия кечелеринин бир нече сериясын өткөрөрүн жарыялады.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG