Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Н.Гургубаева: "Мен - мезгилдин сыныгы"


Нарсулуу Гургубаева: Көп нерсени жүрөккө жакын кабыл алган адатым ар бир ырды жашап туруп жазганга мүмкүндүк берет

Нарсулуу Гургубаева: Көп нерсени жүрөккө жакын кабыл алган адатым ар бир ырды жашап туруп жазганга мүмкүндүк берет

Адабиятка өзгөчө үнү, муңдуу саптары менен кирген акын кыз Нарсулуу Гургубаева азыр Москвада жашайт. "Азаттык" менен маегинде сөзүн акын аны менен кошо бир тагдырды бөлүшкөн жүз миңдеген кыргыздардын турмушун кандай кабылдап жатканынан баштады.

Нарсулуу Гургубаева: Орусияда кыргызстандык мигранттар көрүп жаткан азаптын баарын жүрөктөн өткөрүү оңой эмес. Бирок, каалайсыңбы-каалабайсыңбы, мунун баары өзүң тандаган жашоо, өзүң тандаган жол. Алардын турмушу жөнүндө жазылган саптарды колдон келишинче көбүрөөк элге жеткиргенге аракет кыласың. Бул жактагы мигранттардын турмушу чындап оор. Аны кантип жеңилдетишти билбейм...

Төрөкул Дооров: Сиз бир ырыңызда минтип жазганыңыз бар:

Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашабас бул калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз.


Нарсулуу Гургубаева: Ооба. Бул ыр Москвага келип, анын турмушун көрүп, көнүп калгандан кийин жазылган ыр. Ал мен гана эмес, жалпы эле ушундай абалда жашап жаткандар жөнүндө. “Үй дарексиз” дегеним бул жактагы кыргыздар өз үйүндө, өз жеринде, өз элинде эмес, ар кайсыл жерди пааналап, чоочун турмушту баштан кечиришет. Келгин кыргыздардын абалындагы ушул көрүнүштөрдүн баарын төрт сапка батырганга аракет кылдым. Канчалык айта алдым, муну окурман баалар.


Төрөкул Дооров: Мен аны окуур замат эле даана түшүндүм. Каңырыкты түтөтө тургандай күчү бар саптар экен. Кыргыз коому миграциянын запкысын көп жылдардан бери тартып келатат, канчалаган тагдырлар бузулуп жатканын угуп жатабыз. Сиз өзүңүз жүрөктө ыр түнөткөн, ыр баккан адам катары миграция азыр поэзияда канчалык чагылдырылып жатканын байкап турсаңыз керек?

Нарсулуу Гургубаева: Жалпы миграция коомдогу бир маанилүү, оор көрүнүш катары канчалык жазылып жатканын айтыш кыйын. Бирок жеке тагдырлар, келгиндердин турмушу көп эле акындар тарабынан чагылдырылып жатат. Алардын арасында мен деле жеке адамдын сүйүүсүн, кайгысын, азабын жазганга аракет кылып жатам, бирок мындагы адамдардын турмушунда көргөнүмдү, сезимдеримди толук чагылдырып жатам деп айта албайм. Айтыла элек сөз, жазыла элек ыр көп.

Салам сага шамалы оор түндүктөн,
Сабыры бек жашоодогу Жарыгым.
Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн,
Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн…
Алик алба, укчу мени үн дебей,
Жомоктошоор жоомарт маанай жок бүгүн.
Узак өмүр тиленчү элем күндө мен,
Келди минтип жашагандан коркчу күн.
Асман менен ар бир мүнөт түнөрүп,
Күүгүм түшпөй, күнүм бүтпөй телмирем.
Сендик болбой калган үчүн түбөлүк,
Катуу көрбөй турам азыр жерди мен.
Келип турат кетким, кечким өмүрдөн,
Кулагым бар бийиктерден төмөнгө….
Адам чиркин, миң күн жашап төгүлгөн,
Бир күн менен өлөт окшойт өлөөрдө…
Адам чиркин, жашоо күтүп төгүлгөн,
Бир күн менен өлбөсө экен өлөөрдө….


Төрөкул Дооров: Сиздин ырларыңызга орус акындарынын таасири көбүрөөк болгондой сезилет. Мен жаңылган жокмунбу?

Нарсулуу Гургубаева: Мен Кыргызстандан Москвага келгенден тарта үч-төрт жыл эч ыр жаза албай жүрдүм. Аракет кылсам да жазылбайт. Анан Адабият институтуна (М.Горький атындагы окуу жай) тапшыргандан кийин кайрадан жаза баштадым. Ошондо жазылган биринчи ырымды “алгачкы ыр” деп эсептеп (Нарсулуу алгачкы ырлар жыйнагын 19 жашында эле чыгарган – ред.), кайрадан жаңыча жазууга кириштим. Адабият институтунда, албетте, орус адабиятын көп казып окудук, дүйнө адабиятын да орус тилинде окудук да. Андыктан орус поэзиясынын таасири болушу деле мүмкүн. Мен өзүмдүн ырларыма окурман катары баа бере албайм, бирок мага мындай ойду көп эле адамдар айтышат: “Сенин ырларың кыргызча жазылган орус ыры” дешкени чын. Муну жакшы же жаман деп айтыш кыйын.

Төрөкул Дооров: Сиз акындардан кимди пир тутасыз?

Нарсулуу Гургубаева: Оо! Мен пир туткан акындар аябай эле көп, жакшы акындардын баары. Кыргыз адабиятынан Жеңижоктон бери көздөй Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов, Табылды Муканов, Жолон Мамытов, Омор Султанов, Кожогелди Култегин, жана башкалар.

Төрөкул Дооров: Бирок өзүңүз өзгөчө сүйүп, чыгармачылыгына тан берип окуган автор барбы?

Нарсулуу Гургубаева: Ооба - Марина Цветаева. Маанайым бузулса деле, башка учурда деле көбүнчө ушул акынга кайрыла берем. Мүмкүн, ырларыма анын таасири көп болушу мүмкүн. Ал үчүн кечирим сурайм.

Төрөкул Дооров: Мен ал таасирди сиздин биринчи ырларыңызды окугандан эле сездим.

Нарсулуу Гургубаева: Мен Цветаеваны же өзүм жакшы көргөн башка акындарды окуганда ыр жазбаганга аракет кылам. Анткени акындыкта максат бирөөнү кайталабай, жаңы нерсе айтыш да, бирөөнүн көлөкөсү болуштан коркосуң. Ошондуктан мен аларды окуганда үч күн ыр жазбайм. Ошентсе да таасири баары бир болсо керек...

Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай.
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек,
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.
Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө,
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей.
Жашырасың жалгыз башың өлбөгөн,
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.
А гезит не? Көчө, кече, чыр, сурак,
Жайнаган бу алдым- жуттум, сойкулук.
Жана да бу көйрөң артис ырчыга,
Үйлөнгөнү ой жетпеген той кылып…
Күндө ушул айтылаар сөз дүйнөгө,
Күндө ушул угаар сөзүң дүйнөдөн.
Сен аргасыз мени эстейсиң үн дебей…
Унчукпоону мен өзүңдөн үйрөнгөм…


Төрөкул Дооров: Нарсулуу, поэзиянын жолу дайыма сырдуу, окурманды өзүнө тарта турган жол. Анын таасири жалпы массага күч. Мен азыр сизден жарандык поэзия тууралуу оюңузду билгим келип турат. XX кылымдын биринчи бөлүгүндө Орусияда коомдогу орчундуу окуяларга оюн таамай айтып элге жеткирген акындардын таасирдүү тобу пайда болуп, чоң өзгөрүүлөрдүн жаралышына себеп болбоду беле. А бүгүнкү кыргыз коомундагы көйгөйлөргө өзүнүн граждандык позициясын көрсөткөн ырлар барбы?

Нарсулуу Гургубаева: Менин байкашымча, биздеги жарандык поэзия жетишерлик деңгээлде күчтүү. Мен анын азыркы негизги өкүлдөрү катары Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгын өзгөчө белгилегим келет. Алтынбек Исмаиловдун ырлары да жакшы. Бул тизмени башка да көптөгөн акындардын ысымдары менен улантса болот.

Төрөкул Дооров: Ал эми Кыргызстандагы азыркы саясий-социалдык абалга карата сиздин пикириңиз кандай?

Нарсулуу Гургубаева: Чынын айтсам, мени бир нерсе таң калтырат. Ушунча жылдан бери (мен өзүм Москвада 10 жылдан бери жашайм) карапайым эл өзү менен өзү жашап келатат, өзүн-өзү багып, өзүнүн жүгүн өзү тартып. Мен көргөн ушул 10 жылдын ичинде эки президентти кууп чыктык, үчүнчү бийликке да нааразылар чыгып жатат. Бийлик алмашканынан, биринин артынан экинчиси келгенинен сырткары, элдин турмушунда эч кандай деле өзгөрүүнү көрбөй жатам. Эл башындагылар өзүнүн жеке кызыкчылыктарын тыйып, элди ойлобосо, ушундай калыптагы турмуш менен канчага чыдай алаарыбызды билбейм...

Төрөкул Дооров: Сиз көпчүлүк сырттагы кыргыздардай эле өзүңүздүн мекениңизди сагынып, ага ооруп жазган ырыңыз бар. Ошону окуп бересизби?

Нарсулуу Гургубаева:
Алыстыкты жазыш азыр кандай оор,
Алыстыктан арзыш сага андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа сыркооң менен, журтум, аман бол!
Келем дебей сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
«Аманбыз» дейт үнү менен апамдын,
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.
Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Биз мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.
Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөлүү.
Сен аман бол себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү…


Төрөкул Дооров: Энеңиз жөнүндө жазган ырыңыз (“Энем Айканга”) кыргыз акындарына көбүрөөк мүнөздүү эмес ырдай көрүнөт. Мага бул ырыңыздагы сезим Сергей Есениндин өз энесине жазган ырларын эске салгандай болду. Эненин балага жакшылык каалаган насааты, бир эле учурда сени түшүнбөй жаткандай көрүнгөнү...

Нарсулуу Гургубаева: Муну, балким, энем мени түшүнө албаганы үчүн андан сураган кечиримим десем туура болот го. Энем мага бакытты деп кош колун жайып күтүп отурганы үчүн, мен энем күткөн бакытты бере албаганым үчүн андан сураган кечиримим. Азыр энем 93 жашта. “Азаттыкты” калтырбай угат. Ага арнаган ырымды окуп берейин:

Билем, эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал…
Тилегиң ай байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген..,
Күткөнүбүз үчүн балким, экөөлөп,
Бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм…
Сурабачы неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.
Биз мезгилди бирге жашап атабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…


Төрөкул Дооров: Окурманга чындап таасир эте турган, көкүрөгүнө тийе турган ыр жазыш үчүн адам өзү трагедияны, жоготууну же өксүүнү баштан кечириши керекпи?

Нарсулуу Гургубаева: Мен өзү көп эле нерсени жүрөккө жакын кабыл алган адаммын. Өзүмдүн башымдан өтпөгөн окуяга деле тез эле берилип, кайгы-капага түшүп, кыйналып, жүрөктөн өткөрө берчү адатым бар. Бул менин эң жаман адатым деп ойлойм. Ошентсе да, дал ушул сапатым мага ар бир ырды жашап туруп анан жазганга мүмкүндүк берет. Чыныгы акын, менимче, окурмандын алдында жылаңач эле киши. Антпесең, жүрөккө жетпейсиң, ырыңдын, өзүңдүн алдыңда жалган айткан болуп каласың.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG