Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Бишкекте абакка кесилген баланын ата-энеси Ленин районунун милиционерлери менен соттошуп жатат. Алардын айтымында, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кыйноого алып, анын катышы жок кылмышты моюнуна илип койгон. Бирок милиция кызматкерлери айыптарды четке кагып, соттолгон жаран бошонууга аракет кылууда деген ойдо.

Адам өлтүрдү деп 12 жылга кесилген Эркинбек Ниязбековду апасы менен эжеси ак жерден күйүп кетти деп эсептешет. Алардын айтымында, Эркинбек досу менен Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө такси күтүп турганда милиция кызматкерлери келип “рейд жүрүп атат, документтериңерди тактап туруп эле коё беребиз” деп Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткизген.

“Ал жакта милиционерлер балдарды айыптап, кылмышты моюнуна алууну сунуштаган. Бирок иним менен досу баш тартканда, тартип коргоо органдары кыйноого алышкан”, - дейт Айнура Ниязбекова.

- Эс-учун башындагы баштыкты алып “моюнуңа албайсыңбы” деп айтышыптыр. Ошонун азабынан мээси чайкалыптыр, мурдун былчылдатып сого бергендиктен ичине эт өсүп кетиптир. Кыркырап оозу менен дем алып калган. Үч кабыргасы сынды, кан сийди. Азыр сабаган милиционерлер "биз акталабыз" деп айтып жүргөнүн уктук. Ага караганда сотту сатып алдыбы деп ойлойбуз. Ленин РИИБинде иштеген кесиптештери “сабагандары чын, бирок моюндарына албай жатышат” деп айтып атат.

Эркинбек Ниязбеков менен анын досун биринчи сот толук актаган, бирок прокуратура апелляция берип, кийинки сотто экөө тең он эки жылга эркинен ажыратылган.

Ниязбековдун туугандары анын кылмышка катышы жоктугун далилдеген жана милиционерлер кыйнаган фактыларды чогултуп, Ленин РИИБнин 5 кызматкери менен соттошууда.

Айыпталып жаткан милиция кызматкерлери жумушунан убактылуу четтетилген. Алардын бири Арстан Ногойбаев соттолгондун туугандары ушундай жол менен бошотуп алууну көздөп жатат деген ойдо:

- "Биз эч нерсе кылган эмеспиз, милиция кыйнап, моюнубузга илип койду" деген шылтоо менен эле бошонгонго мүмкүнчүлүк калды, башка эч кандай жол жок да. Бирок алар күнөөлүү. Соттор баарын кылдат караган. Буларды биринчи жолу райондук сот актаган, бирок ал азыр иштебейт. Эмне үчүн иштебейт? Ушул иш боюнча иштебейт.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан бул иш соттун карамагында болгондуктан комментарий бере албастыгын билдиришти.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун юристи Рыспек Адамалиевдин айтымында, кыйноого кабылгандар арасында укук коргоочуларга кайрылгандар көбөйгөнү менен, прокуратура жана сот милиция таламын жактап атат,- дейт укук коргоочу.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов милиция кызматкерлери кыйноолорго такыр барбайт деген ойдон алыс. Башкармалык убактылуу кармоочу жайда видеокамера орнотуп, кызматкерлеринин үстүндө көзөмөл жүргүзүп жаткандарын айтууда.

- Биздеги убактылуу кармоочу жайда камералар бар, аларды биздин кызматкерлер карап, көзөмөлдөп турат. Баары ал жакта каттоого алынат, баары карап турушат, ошол үчүн кыйноо жүргүзүү мүмкүн эмес. РИИБде камералар жок, тергөө-сурак иштерин ошол жерден жүргүзүп, убактылуу кармоочу жайга алып келишет. Ал жакта кыйноолор болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде “кыйноо” деген берене 2003-жылы киргизилген. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов милиция кызматкерлери кыйноолор боюнча соттук процесстерге катышканы менен, бүгүнкү күнгө чейин бир да сот аларды күнөөлүү деп таппаганын белгиледи.

Бишкек шаардык прокуратурага 2011-жылы кыйноо боюнча 58 даттануу түшкөн, анын жетөөсүнө гана иш козголгон. 2012-жылы 146 кайрылуу түшүп, 13 кылмыш иши ачылса, 2013-жылдын биринчи үч айында 15 жаран кыйноого кириптер болгону тууралуу даттанып, анын бирөөсүнө гана кылмыш иши ачылган.
XS
SM
MD
LG