Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясына эл аралык байкоочулардан бир дагы шайлоодо мыйзамы бузулганы же кемчиликтер тууралуу арыз түшкөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрагасы Мырза-Улукбек Абдусаломов билдирди.
БШКга онлайн режимде шайлоонун жүрүшү боюнча маалыматтар тынымсыз келип түшүүдө.
Кечки саат 17:00гө карата Өзбекстанда 15 миллион 730 миң шайлоочу добуш берип, шайлоого катышкандар 77 пайызды түздү.
Бүгүн болуп жаткан Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого төрт адам талапкерлигин койгон. (SDz).