Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Депутаттар камакта калды


Жогорку Кеңеш имаратынын коопсуздук чаралары катуу күчөтүлдү. Темир тосмонун сыртында ар бир он метр сайын күч кызматкери турат. Айрымдары атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт.
Жогорку Кеңеш имаратынын коопсуздук чаралары катуу күчөтүлдү. Темир тосмонун сыртында ар бир он метр сайын күч кызматкери турат. Айрымдары атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт.

"Ата-Журт" партиясынын камактагы лидер депутаттарынын баш коргоо чарасы ошол бойдон калды.

Мындай чечим бир нече мүнөт мурда Бишкек шаардык сотунун жабык жыйынында кабыл алынды. Ошол жердеги кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин айтымында, муну уккан митингчилер тарабайбыз деп, нааразылык акциясын уланта берээрин айтууда.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын камактагы үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү чечимин саясый мүнөзгө ээ деп атап, Жогорку Сотко эртең көзөмөл арыз менен кайрылаарын "Азаттыкка" билдирди.

Депутаттардын жүздөй тарапкери Бишкек шаардык сотунан чыгып, көчөлөрдү аралап, парламентти көздөй жөө баратат. Жол кыймылына анча деле тоскоолдук жаралбаганын, алар өз талабын Жогорку Кеңеш алдына барып коюуну улантмай болуп жатканын кабарчыбыз билдирет.

Ушу тапта Жогорку Кеңеш имаратынын коопсуздук чаралары катуу күчөтүлдү. Темир тосмонун сыртында ар бир он метр сайын күч кызматкери турат. Айрымдары атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт. Тосмонун ары жагында да көп сандагы милиция кызматкерлери турат.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр боюнча митингге чогулгандарды "Ата-Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев бийликти алууга ачык үндөп, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Жогорку Кеңештин короосуна кирип баргандарды милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон.

5-октябрда "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун, фракция мүчөлөрү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Үч депутат соттон УКМКнын тергөө абагына алынып кеткен.

Бүгүн шаардык сот камалган депутаттардын адвокаттарынын райондук соттун чечимине карата апелляциялык арызын карады.

Тергөө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки беренеси: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койгон. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып тагылган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG