Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстанга кыянат кылгысы келген кайсы күчтөр?


Борбордук аянт мамлекеттик туу күнүндө. Бишкек, 4-март, 2013
Борбордук аянт мамлекеттик туу күнүндө. Бишкек, 4-март, 2013

Президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө кыянат кылууга даяр ички-тышкы күчтөр бар экенин эскертти.

Президент мамлекеттүүлүктү чыңдоо маселесин 1-сентябрда да көтөрүп, жакынкы келечекте Кыргызстан союздаштарынын жардамы менен өзүнүн коопсуздугун коргоого жөндөмдүү мамлекетке айланат деп убада кылды. Анын бул билдирүүсү саясий чөйрөдө түрдүү түкшүмөлдү жаратты. Ошол эле кезде өлкө башчысынын ички-тышкы коркунучтар тууралуу сүйлөгөнү айрым оппозиция өкүлдөрүнүн сынына кабылды.

Ички биримдикти ириткен ким?

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда элдин биримдиги менен өлкөнүн бүтүндүгүнө байланыштуу маселеге басым жасады. Президент коомчулукту кыраакы болууга үндөп, өлкөнүн саясий туруктуулугун бузууга кызыкдар күчтөрдүн артынан ээрчибөөгө чакырды.

Алмазбек Атамбаев оппозиция кайсы бир тышкы күчтөрдүн жардамы менен өлкөнүн ички биримдигин бузууга кызыкдар деп билдирди:

- Кыргызстан бөлүнүп-жарылып кетсе экен деген ички-тышкы күчтөр аз эмес. Мына быйыл коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага өзгөчө биздин айрым сасык саясатчылар чыр чыгарганга жакшы шылтоо табылды деп сүйүнүп жатышат. Кыргызстандын өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп бөлүнсөк, душмандардын отуна май чачкан болобуз. Эгемендикти да сактай албайбыз. Элди бөлүп жарган сасык саясатчылар биздин мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу. Ошондуктан тышкы күчтөр үмүтүн ошолорго артып, каржылап жатышат.

Ошол эле кезде Атамбаевдин сөзү дипломатиялык ченемге сыйбаган билдирүү катары бааланууда. Анын өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугуна байланыштуу айтканы коомчулукту түкшүмөл ойлорго түрттү.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева оппозицияны тышкы күчтөр каржылайт деген президенттин билдирүүсүнө азырынча бир жактуу баа берүү кыйын экенин белгиледи:

- Өлкө башчысы ар бир сөзүн миң жолу өлчөп туруп анан айткан болуш керек. Президент билгенди биз билбейбиз да. Ошон үчүн анын сөзүнө комментарий берүү кыйын. Анын карамагында бүтүндөй күч түзүмдөрү бар. Мүмкүн анда бизге белгисиз кандайдыр бир маалымат болгон үчүн ошентип айтып жатса керек. Бирок тышкы күчтөр дегенде кайсыл жакты айтыш керек? Анан оппозиция деле жок да азыр бизде. Парламенттик оппозиция болсо баш мыйзамдын негизинде номиналдуу азчылык катары каралат. Алар болсо радикалдуу кадамга барбайт.

Эки жылга берилген убада

Атамбаев 31-август күнү эгемендик салтанатына катышып отурган алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн элчилерине карап, Кыргызстанда дагы бир ыңкылап болот дегенге ишенбөөгө чакырды. Президент кырдаалдын курчушуна шарт түзүп, оппозицияны каржылоо менен өлкөгө сырттан басым жасоого болбостугун эскертти.

Атамбаев эртеси, 1-сентябрда Чүйдөгү жаңы мектептин ачылышында да бул маселеге кайрылып, коомчулукту сабырдуу болууга үндөдү. Өлкө башчысы Кыргызстан жакынкы эки жылда жакын союздаштарынын жардамы менен оор кырдаалдан чыгат деп ишендирди:

- Коңшулардан жол сурабай, газ сурабай, коңшулар электр жарыгын өчүрүп койот экен деп коркпой калабыз. Керек болсо алар өздөрү коркуп калат. Армияга да жаңы курал-жабдык келе баштады. Ага чейин өзүбүздү өзүбүз коргой ала турган армиябыз болот. Ошондуктан Кудайга шүгүр деп мамлекетти ойлойлу. Биз орус жана казак туугандар менен бирге болбогондо ким менен бирге болобуз? Алар биздин жерге көз артпайт, газ менен сууну жаппайт. Чек арада миномет менен аткылабайт...

Туура багыт табалбаган душман издейби?

Оппозициялык күчтөр президенттин бул билдирүүсүн коомчулуктун көңүлүн негизги көйгөйдөн башкага буруу аракети катары кабыл алды. Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков бийлик өзүнүн кетирген кемчилигин жашыруу үчүн ушундай кадамга барып жатат деп айыптады:

- Демек мамлекеттүүлүккө кыянатчылык болуп жатабы же жокпу президент алгач өзүнүн тегерегинен издеш керек. Атамбаев туура эмес иштерге аралашып, коррупцияга малынган, кримтөбөлдөр менен табакташ болуп, аларды абактан бошотуп жиберип жаткан жетекчилерин тазалабайбы. Тоо кендери мыйзам бузуулар менен берилип кетип жатса. Мына ошол нерсе мамлекеттүүлүккө зыян алып келип жатат. Бюджет таңкыстыгы күчөп, суу сатылып кетип, энергетикалык каатчылык күтүлүп жатса. Анан бул жерде мамлекетке ким кыянатчылык кылып жатат? Президент оппозициядан душман издеп калганы абдан өкүнүчтүү. Демек ал реалдуулуктан алыс калып, чыныгы абалды билбейт экен.

Жергиликтүү саясат таануучулар арасында Атамбаевдин бул билдирүүсү кээ бир коңшулар менен болгон татаал мамиленин себебин ачыктоого байланыштуу айтылды деген көз караш үстөмдүк кылууда. Бирок мындай курч билдирүүдөн соң коңшулар менен эки ортодогу оор маселелерди чечүү үчүн кандай мунаса табылары белгисиз.

XS
SM
MD
LG