Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Конституциялык палата жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым талаптары баш мыйзамга каршы келери боюнча БШКнын мурдагы төрагасынын арызын канааттандырбады.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев ал мыйзамда партиялуулугу жок жарандардын баш мыйзам кепилдик берген шайлануу укугу партиялардын астында басмырланып калганын жүйө келтирген. Бул маселе боюнча жоопкер тарап катары чыккан парламенттин өкүлү партиялык тизмени ичине камтыган пропорционалдык шайлоо системасын баш мыйзам тааный турганын айтып, талапкер партияга мүчө болбой туруп деле, ал аркылуу шайлануу укугуна ээ экенин белгиледи.

Партияга көз карандылык

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка шайлоочулардын тобунан көрсөтүлгөн. Бирок Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттоодон баш тарткан. Муну шайлануу укугунан ажыратуу катары эсептеген Акылбек Сариев Биринчи май райондук сотуна арызданган. Бирок райсот анын арызын канааттандыруудан баш тарткан. Бул сот чечимине даттанган Акылбек Сариев Жогорку Сотко кайрылып, бирок ал жактан да баштапкы сот чечими күчүндө калтырылган болчу.

Акылбек Сариев баш мыйзамдагы шайлануу укугум басмырланды деген негизде конституциялык палатага кайрылган:

- Партияга кирбеген жөнөкөй жарандардын укугу мында тебеленип жатат деп эсептейбиз. Анткени партияга кирбеген жарандар деле баш мыйзам боюнча шайлоого жана шайланууга укуктуу. Баш мыйзам кепилдик берегн мына ушул укук азыркы учурда басмырланып, партиялардын алдында калып жатат. Жарандар өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок болгондуктан көптөгөн партияда жок жарандар шайлоого катыша албай калышууда. Эгерде жаран шайлангысы келсе, кайсы бир партияга кайрылып, анан ал партия кабыл алса гана ошол аркылуу талапкерлигин жылдыра турган ченем орноп калды. Баш мыйзам боюнча жарандын шайлануу укугу мындай болбош керек эле. Ошондуктан мыйзамдын бул талабын биз баш мыйзамга шайкеш келбейт деп табууну талап кылабыз.

Шайлоо тутумунун талабы

Акылбек Сариевдин арызында жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мыйзамдын 49-беренеси баш мыйзамга каршы келет деп көрсөтүлгөн. Анткени анда шаардык кеңештердин шайлоосунда депутаттык мандаттар жеңип чыккан партиялардын ортосунда гана бөлүштүрүлөт деген талап бар.

Сотко жоопкер катары чакырылган парламенттин өкүлү Рашид Бекбасаров баш мыйзамда шайлоолор партиялык тизме менен жүргүзүлөт деген ченем бар экенин айтып, мыйзамдын талабы тескерисинче ага шайкеш келтирүү үчүн киргизилгенине токтолду:

- Баш мыйзамда пропорционалдык шайлоо системасы түшүнүгү аныкталган. Саясий партиялар дагы шаардык кеңештердин шайлоосуна катышсын деген негизде аталган ченемди баш мыйзамга шайкеш келтирүү керек эле. Ошондуктан шайлоочулар тобунун талапкерди шаардык кеңештерге жылдыруу укугунан ажыратуу мына ошондой зарылдыктан улам келип чыккан. Баш мыйзамда партиялардын шайлоого катышуусу так аныкталган. Бирок шайлоочулар тобу тууралуу анда көрсөтүлгөн эмес.

Системага “сиңишпеген” түшүнүк

Бирок жергиликтүү кеңештерди шайлоо мыйзамындагы жарандардын өз алдынча шайлануу укугун чектеген талап шаардык кеңештерге гана жайылтылып, айылдык кеңештерге шайлоо мажоритардык негизде кала берген. Арыздануучу Сариев муну жергиликтүү кеңештерди түзгөн аймактык бирдиктердеги шайлоо өткөрүүнүн ар башкалыгы катары таап, аны жокко чыгарууну конституциялык палатадан өтүндү.

Ошол эле кезде конституциялык палатанын мүчөсү Эмил Өскөнбаев арыздануучуга мындай суроолор менен кайрылды:

- Сиздин түшүнүгүңүздө мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызы эмнеде? Баш мыйзамдын талабы боюнча бизде мамлекеттик бийлик органдарын пропорционалдык система аркылуу түзүү каралган. Мына ушуга байланыштуу мен сизден сурайт элем. Сиз эмнеге бул системаны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде колдонууга болбойт деп эсептейсиз? Бул жагдайда эмнеге пропорционалдык система орунсуз деген ойдосуз?

Арыздануучу Акылбек Сариев мында шайлоо системасынын өзүнө эмес, андагы жарандардын шайлануу укугун чектеген ченемге карата дооматы бар экенин айтты. Конституциялык палата эки тараптын келтирген жүйөлөрүн угуп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мыйзамдын 49-беренесинин баш мыйзамга шайкештиги боюнча чечим кабыл алды. Натыйжада мурдагы соттук тепкичтерде чыгарылган чечимдер күчүндө калып, Акылбек Сариевдин арызы канааттандыруусуз калтырылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG