Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Кыргыз паспортун алгандар жана баш тарткандар


Колуна кыргыз жана орус паспортун кармап турган мигрант жигит

Колуна кыргыз жана орус паспортун кармап турган мигрант жигит

Өткөн жылы эки миңдей киши кыргыз жарандыгынан баш тартса, алты миңден ашык чет элдик жаран кыргыз паспортун алган. Кыргыз паспортун алгандардын көбү этникалык кыргыздар.

2015-жылы кыргыз жарандыгынан баш тарткандардын саны эки миңден ашты. Алардын көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алууга кызыкдарлыгын билдиришкен. Ошол эле учурда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирген соң, мигранттарда орус жарандыгын алуу зарылчылыгы азайганы айтылууда.

ЕАЭБ орус жарандыгына муктаждыкты жойдубу?

Москвадагы кыргыз элчилигинин буга чейин Орусиянын федералдык миграция кызматына таянып берген маалыматына ылайык, 1992-жылдан 2014-жылга чейин 516 455 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Ал эми президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында 1995-жылдан бери 30 миңге жакын киши кыргыз жарандыгынан чыккан.

Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Орусиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандуулук менен жүргөн кыргызстандыктардын саны мындан да көп экени айтылып келет.

Бир убакта эки өлкөнүн жараны болуп кала берүү себептерин мекендештер өздөрү Орусияда иштөөгө жеңилдик издөө менен байланыштырышат. Анткени, эгер орус жараны болсоң, айлык акысы көбүрөөк, социалдык жеңилдиктери каралган жумушка иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Бир нече жылдан бери Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Руслан Апышев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери жумушка орношуу жеңилдеп, орус жарандыгын алууга мурдагыдай кызыкчылык азайганын айтат:

- Мурунку убакта Кыргызстандын паспорту менен барсаң, оңой менен ишке алчу эмес. Анан да жумуш иштөөгө уруксат алып, патент жана башка түйшүктөрү көп эле. Айлык акы да аз болчу. Ошондуктан, айласыздан орус жарандыгын алчу кыргыздар. Анткени, Орусиянын жарандарына башкача мамиле болчу. Айлык акысы көп эле, социалдык жеңилдиктер, отпуска каралчу. Орус жарандыгын ала албагандар башка эле бирөөнүн паспорту менен да иштеп жүрүштү го. Азыр эми абал өзгөрдү, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бизге мамиле да жакшырды. Орустар менен теңата укукта эле иштеп атабыз десем болот. Ошондуктан, орус жарандыгы мурдагыдай актуалдуу эмес.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

Ошентсе деле орус жарандыгын алууну каалаган кыргызстандыктардын саны азая элек. Буга көбүнчө үй-бүлөлүү адамдар кызыгышат. Анткени, жергиликтүү мыйзамдар боюнча ар бир төрөлгөн бала үчүн мамлекет “энелик капитал” деп аталган каражат берет. Ошондой эле Орусиядан ипотекалык негизде турак-жай сатып алууга да мүмкүнчүлүк көбүрөөк.

Жарандык алуу оңой болбой калды

Бир кездерде орус өкмөтү кыргызстандыктар үчүн орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүү тууралуу чечим кабыл алган. Байкоочулардын баамында, кыргызстандыктардын орус жарандыгын массалык түрдө алуусу ошол 2003-2009-жылдарга туш келет. Анткени ал убактарда орус жарандыгын алууга талап кылынуучу документтердин арасында кыргыз жарандыгынан баш тартканы тууралуу билдирүү жана мурдагы катталган жеринен чыкканы тууралуу маалымат гана болушу шарт эле. Ал эми жарандыктан баш тартуу жараяны мурунку убактарда Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан катталчу эмес. Бул да айрым кыргызстандыктардын жарандыгын тапшырбай туруп, башка бир өлкөнүн жараны болуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берген. Ушундан улам орус жарандыгын алган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар бирдей эмес.

- Мурунку убакта Кыргызстандын паспорту менен барсаң, оңой менен ишке алчу эмес. Анан дагы жумуш иштөөгө уруксат алып, патент жана башка түйшүктөрү көп эле. Айлык акы да аз болчу. Азыр эми абал өзгөрдү, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бизге мамиле да жакшырды.

Кыргызстан азырынча кош жарандуулук тууралуу эч бир өлкө менен келишим түзө элек. Ошондуктан, мыйзамсыз түрдө кош жарандуулук менен жашап жүргөн кыргызстандык жарандын бул аракети анын жергиликтүү паспорту эскирген же мамлекеттик кызматка орношуу учурунда гана билиниши ыктымал.

2009-жылдан бери Орусия кыргызстандыктарга жарандык берүү жараянын катаалдаштырган. Мындан тышкары 2014-жылы августта күчүнө кирген мыйзамдар боюнча, кош жарандык алып жүргөн жарандар муну ачыкка чыгарбаса, орус мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Москвадагы “Укук жана иш” коомдук уюмунун өкүлү Азамат Токоровдун маалыматы боюнча, учурда орус жарандыгын алуу үчүн бир топ мыйзамдык жараяндарды басып өтүү зарыл. Бул үчүн кеминде 3-4 жыл кетет:

- Азыркы тартип боюнча, орус жарандыгын алууну каалаган киши алгач убактылуу жашоого уруксат алат. Андан кийин туруктуу жашоого уруксат алганын тастыктаган күбөлүк алуусу керек. Аны алгандан кийин, туруктуу жашаган жерине ээ болуп, каттоого туруусу зарыл. Анан барып, жарандык алат. Буга кеминде үч жыл кетет. Мурдагыдай бир-эки айда 5-6 миң долларга жарандык алуу деген жок азыр.

Кыргыз жарандыгын алгандар да көп

Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз жарандыгын тапшырып, башка өлкөнүн жарандыгын алууну каалаган кыргызстандыктар көбүнчө орус жарандыгын алышарын маалымдашат. Мыйзамдар катаалданганына байланыштуу акыркы кездерде Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга кызыкдар адамдар кыргыз жарандыгынан баш тартуу туралуу арыз менен президенттин атына кайрылган учурлар көбөйгөн.

Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү документтери

Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү документтери

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу кызматынын адиси Дамира Азимбаева “Азаттыкка” билдирди:

- Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2 034 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Ал эми 2014-жылы 1 183 киши кыргыз жарандыгынан баш тарткан.

2015-жылы чет элдик 6 607 адамга кыргыз жарандыгы берилген, алардын көпчүлүгү Тажикстанда жашаган кыргыздар.

Башмыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу укугуна мамлекет башчы гана ээ.

2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында айрым саясий партиялар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук жараянын ишке ашырууга убада берген. Бул жараян кантип ишке ашат, азырынча белгисиз. Мурунку чыгарылышта парламенттеги “Ата мекен” партиясынын демилгеси менен “жарандыгын тапшырган кыргызстандыктар туулуп-өскөн мекенинде кыймылсыз мүлккө ээ болууга укуктуу” деген мыйзам күчүнө кирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG