Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Апта: Ташкендин кыр көрсөтүүсү, “Ак жолдун” талапкери, Кумтөр келишими


Президент К.Бакиев Арал боюнча Алма-Ата саммитинде Кыргызстандын суу-энергетикалык кызыкчылыктарын ачыктады. Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча жаңы келишимди ратификациялады. “Ак жол” партиясы президенттикке талапкерин бекитти.

Арал саммитинде ачык кеп айтылды

28-апрелде Алма-Ата шаарында Арал деңизин сактап калуу боюнча саммит өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери катышты. Саммитте Аралга байланыштуу гана маселени талкуулоо белгиленгенине карабай, региондун суу-энергетикалык маселеси курч козголду. Ал түшүнүктүү. Анткени эки маселе бири-бири менен байланышта турат.

Арал боюнча саммитке чейин суу этегиндеги мамлекеттер Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өз ара кеңешип, суу башы өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын ири ГЭСтерди куруу аракетине каршы турууну кеңешкени маалым. Ошого байланыштуу Кыргызстан
менен Тажикстан да өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. 28-апрелде саммиттин алдында Алма-Ата шаарында Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон жолугушуп, позицияларын дагы бир жолу такташты.

Саммиттин жүрүшүнө келе турган болсок, анда кыргыз президенти Арал проблемасынын негизги өзөгү сууну сугатка көп пайдаланууда экенин белгилеп, буга чейин Кыргызстан бийлиги расмий түрдө ачык айтпай келген маселелерди кабыргасынан койду. Президент Бакиев Кыргызстан сууну сактап бергени үчүн коңшулар акы төлөш керектигин, мөңгүлөрдү сактоо үчүн долбоорго каржы бөлүнүш керектигин, Кыргызстан ГЭСтери суу “ичпесин” ачыктаган.

Кыргызстандагы суу-энергетика боюнча белгилүү адис Базарбай Мамбетов Кыргызстан буга чейин өз таламдарын ушунчалык ачык айтпай келгенин билдирди:

-Жок. Эч качан бул маселелер мындай курч коюлчу эмес. Эмне дегенде, буга чейин жолугушканда “жакшы-жакшы” ушундай кылайлы, ушундай программаны бекители, аткауучу комитетти Алма-Атага, же Ташкенге, же Душанбеге көчүрөлү деп эле бүтчү. Анан бул жерде аябай кычай турган маселелердин бардыгын Өзбекстан үч айдан кычаштырып көтөрүп жатпайбы. Эң негизгиси Камбар-Атанын курулушу туура эмес, экспертиза өтүш керек, биз менен маулдашыш керек деген сөздөрдү айтып жатпайбы. Мына ошолорго жооп болду окшойт. Президенттин позициясы абдан туура болду.

Президенттин Алма-Ата саммитиндеги позициясын оппозициялык саясатчы Темир Сариев да колдоп, буларга токтолду:

- Акыркы убактарда Кыргызстан Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин куруу боюнча чечим кабыл алгандан кийин, албетте коңшу өлкөлөрдүн тынчсыздануусу абдан жогору боло баштады. Анткени Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп алсак, Кыргызстандын аброю, экономикасы өйдө болот. Биздин колубузда эң чоң көзүр пайда болот. Ошонун негизизинде көп мамлекеттер ар түрдүү шылтоолорду айтып жатат. Ошондуктан бул жерде эң негизгиси мамлекет жетекчисинин, кыргыз бийлигинин эрки керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, ар түрдүү маселелерди элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечип, ошого катуу туруп берсе, ошол бизге чоң упай алып келет.

ГЭСтердин курулушуна каршылык көрсөтүп келаткан расмий Ташкен “мындай ири курулуштар эл аралык экспертизадан өтүүгө тийиш” деген пикирди кайталап, региондун суу-энергетикалык системасына үчүнчү тарапты киргизбеш керек эле деп баш чайкоодо. Ташкен баш чайкаган үчүнчү тарап Москва экени түшүнүктүү.

Ташкен сөз менен чектелип калбай, айрым аракеттерге өтө баштады. Маселен, Жалал-Абад облусундагы чек арасы аныктала элек Чек айылына автоматчандарын киргизип, кыргыз атуулдарынын документтерин текшерип, үйлөрүн тинткен.

Кыргызстан Тышкы иштер министрилиги өзбек бийлигинин мындай аракетин чагымчыл аракет жана эл аралык нормаларга каршы келерин билдирди. Бул үчүн 30-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Өзбекстан тараптан мындан ары маалыматтык жана башка багытта кыр көрсөтүүлөр күчөшү ыктымал. Бирок ГЭСтерди курууда Кыргызстан өзүнүн позициясын тактап, аны аткарууга киришүүдөн баш тартпай турганын билдирүүдө.

Кумтөргө чекит коюлдубу?

Өтүп бараткан жумада Кумтөр боюнча өткөн кылымдын соңунан бери уланып келаткан жаңжал бир жаңсыл болду. Кумтөр боюнча
жаңы келишимди Жогорку Кеңеш 30-апрелде ратификациялады. Ал эми президент ратификацияланган келишимге 2—майда кол койду.
Кумтөр боюнча жаңы келишимге кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” 24-апрелде Бишкекте жетишкени маалым. Жаңы келишимге ылайык Кумтөргө ээлик кылган “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын үлүшү 33% жеткирилет. Өндүрүп, сатылган продукциядан 18% салык төлөнөт. Анын 4% геологиялык чалгындоо иштерине жумшалып, 13% мамлекеттик бюджетке, 1% Ысык-Көл облусунун фондуна чегерилет. Өкмөт башчы Игорь Чудинов Кумтөр келишиминин тарыхы жана кендин ишине мындай токтолду:

-Кумтөр боюнча башкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. 1997-жылы кен казылып алына баштаган. Мына ошол мезгилден бери 208 тонна алтын казылып алынып, андан Кыргызстанга болгону 384 миллион доллар гана түшкөн. Эл ичинде Кумтөр боюнча келишимге терс пикир түзүлгөн. Ошондуктан 2005-жылдан бери Кумтөр боюнча Кыргызстандын шартын жакшыртуу боюнча үч комиссия иштеп, аягында мына ушул келишимге жетишип турабыз, деген ИгорьЧудинов жаңы келишим боюнча Кыргызстан салык түрүндө жылына 70-90 миллион доллар киреше алаарын, жалпысынан кен иштеген 2025-жылга чейин өлкөнүн көрө турган пайдасы 3.5 миллиард долларга жетерин кошумчалады.

Өкмөт жетишкен келишимди Жогорку Кеңештеги үч фракция тең колдоду. Ал эми “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары келишимге жетишүүдө президенттин ролу өтө жогору болгонун белгилешти. Маселен депутат Аскарбек Шадиев Кумтөр боюнча келишимде президент өз “напсисин” тыйганы үчүн эле ыраазычылык билдириш керек дегенге чейин барды:

- Бул жерде биздин урматтуу президентибиз Курманбек Салиевичтин саясий эркине эл ыраазы болуш керек. Өзүнүн кызыкчылыгын жыйыштырып, элдин кызыкчылыгын коргоо деген ушул. Чындыгында бул өтө чоң маселе. Өтө чоң көлөмдөгү каражат ортодо болгон. Бирок ошол жерден бир эмес эки мамлекеттик комиссия түзүлүп, аягында жакшы жыйынтыкка келип жатабыз.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева жаңы келишимди негизинен кубаттап, бирок салык жаатында дагы да жакшы жетишкендиктерге жетишүү мүмкүндүгүн атады:

-Жалпысынан бул келишим мурунку эле жолдордо калган. Биз акцияларды көбөйтүүнү айтып жатабыз, ошол эле мезгилде бюджетке төлөмдөрдү толук алууга аракет жасалган эмес. Казакстанда салык жүгү 28%, Россияда 46%. Бизде 13% коюп алып, кол чабуулар болсун деп жатасыздар. Кол чабуулар болбойт. Менин оюмча, 30% салык койсок дурус болмок.

Депутат өз сөзүндө Кыргызстанды ушунча жыл алдап келген канадалыктарды кош стандарттуулук боюнча айыптады.

Буга жооп кылган өкмөт башчы Игорь Чудинов Роза Отунбаева кезинде азыркы келишимден начар Алмазбек Атамбаевдин келишимин жактап чыкканын эскерип, мунун өзү кош стандарттуулук деп атады.

Мына ушундай бир аз кайым айтышуулар менен Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча жаңы келишимди жактады. Ушуну менен Кумтөр боюнча чырлуу келишим бир жаңсыл чечилгенсиди.

Кумтөрдөн кийинки шайлоотөр

Мына ошентип президенттик шайлоонун алдында Кумтөргө байланыштуу чырлуу келишимдин тагдыры чечилди. Ага чейин ачык айтылып келген Танаевдик коррупциялык келишим жаңы бийлик тушунда төрт жыл кадимкидей иштеп келди.
Шайлоо демекчи, 1-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Ак жол” партиясынын курултайы болуп, анда партия 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөттү.


Курултайга президенттик администрация, өкмөт башчы, депутаттар жана жергиликтүү бийлик башчылары толук катышты. Бир жагынан алганда “Ак жол” элдик партиясынын эмес, “Ак жол” чиновниктер партиясынын курултайы болгондой болду.

Курултайдын делегаттары президент Курманбек Бакиев тушунда балдарга мектепте ысык тамак бериле баштады, айлык акылардын өстү, мектептердин курулууда, бюджет эки эсеге өстү деп мактал сөздөрдү жаадырышты.

“Ак жол” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Мурат Жетимишбаев президенттин жогоруда аталган жетишкендиктерин санап өтүү менен анын талапкерлигин президенттикке көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыкты:

-“Ак жол” элдик партиясынын Ысык-Көл облусундагы он миңдеген акжолчуларынын атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Кыргыз Республикасында 23-июлда боло турган президенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын президенти, “Ак жол” элдик партиясынын төрагасы Курманбек Салиевич Бакиевдин талапкерлигин сунуш кылам.

Мурат Жетимишбаевдин сунушу делегаттардын дүркүрөгөн кол чабуусу менен коштолду.

Талапкелиги бир добуштан колдоого алынган соң президент мурдараак жарыяланган “Президенттин жаңы багытынын” негизинде сөз сүйлөп, Диалог, Демилге, Өнөктөштүк идеясын көтөрүп, укуктук коомду курууга токтолду:

-Укуктук коомду куруунун төмөнкүдөй түптүү принциптери менен ой жүгүртүүмдүн негизи болуп келди. Ал принциптер кайсылар? Алар: мыйзам алкагында адам укуктарын сактоо; коомдун негиздерин жана дөөлөттөрүн айрым топтордун эгоизми тарабынан кыйратууларына жол бербөө үчүн коомдун укуктарын сактоо; экологиялык капсалаңдардан, адам менен табияттын татуулашып өмүр сүрүшү үчүн шарттарды бүлүнтүүгө жол бербөө үчүн жаратылыштын укуктарын сактоо, деген президент ага улуттун эс-тутумун, келечек урпактардын тунук суу, таза аба жана келечек өнүгүүгө болгон укуктарын сактоону да кошту.

Курултай талапкерди көрсөткөн соң, партиянын ички маселелерин кароого киришти. Анда партиянын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев шайланды. Бул кызматты буга чейин Элмира Ибраимова аткарып келген эле. Ибраимова президентке жазган ачык катынан кийин партиядан өткөн жумада чыгарылганы маалым.

Партия ошондой эле саясий кеңешинин курамын кыскартты. Буга чейин анда 35 мүчө болсо, эми 15 гана болуп калды.

Ошентип, “Ак жол” партиясы президенттик шайлоодо өз талапкерин атады.
Ага чейин оппозициялык Бириккен Элдик Кыймыл бирдиктүү талапкери катары Алмазбек Атамбаевди, экинчи талапкер катары Исмаил Исаковду атаган.

Жакынкы күндөрдө “Ак шумкар” партиясы өзүнүн талапкерин, же кайсы күчтү колдоорун ачыктаганы турат. Мына ошондон кийин президенттик шайлоодо таймаша турган күчтөр толук аныкталып, шайлоо кампаниясы күч ала баштайт. Ал кампания жеңил болбосу айкын болуп турат. Анын үстүнө Петровка айылындагы окуя, кырдаал канчалык курчуп кетүүсү мүмкүн экенин көрсөттү.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG