Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Апта: Күтпөгөн миллиондор, бүтпөгөн митингдер


Өтүп бараткан аптада кыргыз-орус мамилелеринин бекемделип жаткандыгын далилдеген окуялар басымдуулук кылды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа 12-ноябрда Бишкекке келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жабык жолугушту. Жолугушууда ЖККУ мамлекет башчыларынын 19-декабрда өтө турган Москва жолугушуусуна камылгалар талкуулангандыгы кабарланды. Мамлекет башчылардын Москва жолугушуусунда Кыргызстан уюмду башкарууну Казакстандан өткөрүп алат. Ошондой эле ЖККУ Кыргызстанга Ооганстан боюнча жумушчу топту жетектөө милдетин да берет.

Өзбекстан катышпай өтө турган Москва саммитине камылгаларды сүйлөшүү үчүн Бордюжа Кыргызстанга келген маалда Орусия Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чыңдоого 1,5 млрд. доллар каражат берип жатат деген кабарды ошол эле Орусиянын таасирдүү булактары жазып чыкты. Ал расмий тастыкталбаганы менен, түрдүүчө түкшүмөлдөргө жем таштап жатат.

Эки өлкөнүн аскерий күчтөрүн чыңдоодо Орусия Фергана өрөөнүндөгү тынч эмес жагдайды эске алып, ал эмес ЖККУну ынгайсыз жагдайга калтырган Өзбекстанга кыр көрсөтүүдө деп баалагандар да бар.

Эксперт Марс Сариевдин көз карашында Орусия үчүн Кыргызстан бүгүн геосаясаттагы таяныч пункт болуп жатат:

- Бир чоң евразиялык модель түзбөсө, Орусия өзү деле ичинен жарылып кетерин түшүнүп атат. Кыргызстан бул жерде негизги таяныч пункт болуп атат.

Кандай болгон шартта да бул аптада Кыргызстанга орусиялык аттуу-баштуу ишмерлер байма-бай каттады. Буга Интер РАО ЕЭС ачык акционердик коомунун башчысы Борис Ковальчуктун, Мамлекеттик “Ростехнология” агенттигинин башкы директору Сергей Чемезовдун президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу далил.

Бекер келген $25 миллион

Эки өлкө ортосундагы апталык карым-катышка жума күнү майлуу чекит коюлгандай болду. Бул күнкү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президент Алмазбек Атамбаевге бюджетти колдоо үчүн 25 миллион доллар кайтарымсыз каражат берерин айтты. Орусия маалымат каражаттары буга чейин Кыргызстандагы бюджет тартыштыгын КМШ өлкөсүндөгү эң чоң тартыштык деп жазган болчу.

Орусия талкуулабай туруп, күтүүсүз берген мындай жардамдын төркүнүн Кыргызстандын Каржы министрлигинин байкоочулар кеңешинин төрагасы Азамат Акелеев төмөнкүдөй чечмеледи:

- Карыздарды, энергетиканы талкуулаганда бул жөнүндө сөз болгон эмес. Күтүүсүз болду. Бул жерде геосаясий себептер турат. Өзбекстан Америка менен көбүрөөк мамиледе, Кыргызстан толугу менен Орусияга ооп бараткандын белгиси болуш керек. Биздин президент чечкиндүү бир тарапты колдоорун билдирген жагдай түзүлүп калды деп ойлойм. Орусиядан ага жооп иретиндеги ишара болуп жатат.

Эксперт Орусия бере турган бул каражат келерки жылкы бюджет таңсыктыгынын 6 пайызга жакынын жабарын, каржалып турганда мунун деле кыйла жардамы тиерин белгиледи.

Учурда өкмөт бюджет долбоорунун үстүндө кызуу иштеп жаткан кези. Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын бюджетиндеги таңсыктык 22 млрд. сомго жакындап, ички дүң продукциянын 7,1 пайызын түзүүдө. Ошондуктан өкмөт 3 млрд. сомдон ашык каражатты кыскартууга аргасыз болорун байма-бай айтып жатат.

Мунун себебин фракциялардын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөрдөн кирешенин табиятка байланыштуу азайышы жана Дүйнөлүк банк менен Азия өнүгүү банкынан 50 млн. доллар кредиттин келбей калышы менен байланыштырды.

Экономисттер Дүйнөлүк банктан каражаттын келбей калышын эл аралык уюмдун бюрократиялык эрежелеринен жана Кыргызстан тараптын техникалык шарттарды учурунда аткара албай калгандыгынан көрүшүүдө.

Парламенттеги азчылыкты түзгөн “Республика” жана “Ата Журт” фракциялары жума күнкү биргелешкен отурумунда өкмөттү өсүш жок, карыздар көп деп, кескин сынга алып, 2012-жыл үчүн бюджет долбоорун кайра иштөөгө кайтарып берди.

Күчөтүлгөн күзөт, Ак үйдөгү азан

Мамлекеттик күзөт кызматынын өкмөт үйүн кайтарууну күчөтүшү өтүп бараткан аптадагы коомчулуктун назарын бурган окуялардын бири болду. Бул текшерүү Жогорку Кеңеште айрым депутаттарга гана багытталган атайын тинтүү катары сыпатталып, Ак үйгө кирген бардык мамлекеттик ишмерлерге, анын ичинде президенттик администрацияга да бирдей мамиле болсун деген талап коюлду.

Мыйзамдуулукту талап кылган депутаттардын бири, “Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Мыктыбек Абдылдаев сессияда:

- Кесипкөй катары айтайын, мындай кырдаал коменданттык саат киргизилгенде болот. Мындай болбойт да. Мисалы, менин машинам токтогондо жанына 02 номерлүү машина келип токтоду. Аны койо беришти. Кимдин машинасы деп сурасам “байке, бул чоңдун машинасы” - деп билдирди.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Төрага Асылбек Жээнбеков сессияда текшерүү оперативдүү маалыматтын негизинде коопсуздукту сактоо максатында аптасына эки ирет жүрөрү тууралуу кат алгандыгын билдирди. Маселе көтөрүлгөндөн кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иш-чара боюнча маалымат таратып, депутаттарды туура түшүнүүгө чакырды.

Ал тууралуу Коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Нурлан Токталиев “Азаттыкка” булады айтты:

- Башкы тогузунчу башкармалык өткөрүп жаткан иш-чаралар “Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү” мыйзамга жана "Мамлекеттик маанилүү объект жөнүндөгү" өкмөттүн токтомуна негизделген. Эгер мамлекеттик маанилүү объектилер жайгашкан жерде массалык митингдер же пикеттер өтүп жатса, анда айтылган объектилерди кайтаруу күчтүлгөн режимге өтөт. Депутаттардын автоунааларын кинологдордун жардамы менен текшерүүдөн өткөрүп жаткан иш-чаралар биринчи кезекте депутаттардын өздөрүнүн коопсуздугуна багытталган.

Кээ бир эксперттер өкмөт үйүн кайтарууну күчөтүү чараларын митингдердин кызуусуна алдыргандарга каршы бийлик күрөшүнүн башталышы деп да баалашты. Талдоочу Марс Сариевдин баамында, Кыргызстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөр ички саясатка таасир этип жатат:

- Бир мамлекет менен аябай тыгыз мамиле баштап, балансты бузганда эле ичинде ушундай окуялар башталат. Себеби биз ошол чоң мамлекеттер ичинде конфликттерге аренабыз, зонабыз. Азыркы бийлик деле чочулап атат. Орусия менен аскерий-саясий жактан тыгыз байланыша баштаганда бул жакта да ар кандай окуялар, долбоорлор пайда болот. Өзбекстандын деле кызыкчылыгы бар. Казакстандын деле көз карашы кичине бузулуп баратат. Назарбаевде деле Бажы биримдигине, Евразия моделине киргенге өзүнүн стратегиясы, алгоритми бар. Башка мамлекеттер, чоң мамлекеттер да турат артында.

Мына ушундай окуя менен коштолгон митинг аптанын алгачкы эки күнүндө аксакалдардын катышуусу менен өтүп, анда “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотууну талабы коюлду.

Митинг өкмөт үйүн айлана жүрүш жасоо, намаз окуп, азан чакыруу сыяктуу акциялары менен коштолду. Бул митингди “Элдик патриоттук” кыймыл уюштургандыгы маалымдалды.

Башкы прокурор депутаттардын эсине салды

Башкы прокурор Аида Салянова камактагы депутаттардын күнөөсү бар-жогун сот аныктайт деп байма-бай кайталап келаткан бүтүмүн 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин сессиясында дагы бир ирет кайталады.

Бул күнү парламент “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Нариман Түлеев менен Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иштердин мыйзамдуулугун текшерген комиссиянын бүтүмүн талкуулады. Баш прокурордун маалыматына караганда камактагылардын ичинен азырынча депутат Нариман Түлеевдин иши гана сотко өттү.

Ал эми транспорт жана байланыш министри болуп турган кезде оор кылмыш жасады деп шектелген дагы бир депутат Нурлан Сулайманов Германиядагы дарылануудан кайтып келгенден кийин камакка алынышы ыктымал. Анткени комиссиянын Сулаймановду камакка албай туруп, ишин териштирүү сунушу сессияда колдоо тапкан жок.

Төрага Асылбек Жээнбеков жарыялаган добуш берүүнүн тыянагы төмөнкүдөй болду:

- Германиядан, дарылануудан кайтып келгенден кийин депутат Нурлан Сулаймановго камакка алуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандап алуу жана жазык ишин калыс тергеп жана ал боюнча чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунушталсын. Сунушту добушка коем... Добуш бериңиздер. Макул – 51, каршы – 37. Катталды – 104. Өткөн жок бул дагы.

Бул сессияда ошондой эле жакын арада кылмыш фактылар боюнча козголгон иштердин чегинде башка депутаттар суралышы мүмкүн экендиги маалым болду. Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айта кетти:

- Кайсы бир фактылар боюнча депутаттарга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошондой эле фактынын негизинде козголгон кылмыш иши да бар. Качан ал иштер даяр болуп, депутатты жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугу керек болгондо, документтерди өзүм алып келип, түшүндүрүп берем. Азыр ал депутаттардын аттарын айтуу эрте.

Бул аралыкта Ички иштер министрлиги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шер 7-апрелден кийинки талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш иште жоопкерчиликтен бошотулгандыгын жарыялап, убактылуу кармоочу жайда отурган Абдулла Юсуповдун доосу далилденген жок деп негиздеди.

Ошол эле мезгилде Бакиевдердин мүлкүн саткан деген шек менен кармалган Элдар Мадылбеков Башкы прокуратуранын сунушуна ылайык 15-январга чейин камакта калды. Мурдараак Жогорку Сот депутаттын уулун үй камагына чыгаруу чечимин берген болчу.

Саясий турмуш апта ичинде ушинтип уланып жаткан кезде өлкөдө сарык илдети кескин көбөйүп, жылдагыдан эки эсеге өстү. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги муну эпидемиялык кырдаал катары саналбастыгын, бул илдет декабрда сээлдей тургандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG