Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Апта: Атамбаевдин 12 айы, оппозицияда “Эл үнү”


Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Башкаруучу коалициянын тарап кетүү коркунучу пайда болду. Европа биримдиги, Орусия жана Кытайдын кызыкчылыгы Кыргызстанда кандай кесилишет?

1-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүүсүнө бир жыл болду. Эки ыңкылапты башынан өткөргөн кыргызстандыктардын бийликке талабы күч жана сын көз карашта.

Атамбаевдин бир жылдыгы анын мурдагы оппозициячыл шакирттери Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев жана башкалар кирген “Эл үнү” аттуу кыймылынын түзүлүшү менен белгиленди. Кыймыл бийликке авторитаризмге оошту токтотуу, камактагы депутаттарды чыгаруу, Кумтөр боюнча келишимди бузуу талаптарын койду. Президенттин бир жылдагы жетишкендиги жөнүндө сөз кылсак, аны КСДП фракциясынын мүчөсү Эгемберди Эрматов айткандай болду:

- Ал президент болгондон бери орустар менен мамилебиз жакшырды. Жыйырма жылдардан бери карыз болуп келген 500 млн. долларды кечти. 51 млн. долларды түрктөр кечти. Мунун баары жөндөн-жөн болгон жок. Ал Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркы, аброю, көрөгөч саясаты менен болгон иш деп эсептеш керек. Азыр бир нече ГЭСтер курулуш алдында турат. Ушул ийгиликтердин болуп жатканына карабай, Кыргызстан артка кетип баратат деген саясатчыларды Кудай өзү кечирсин.

Эрматов ошондой эле Датка, Айгүл-Таш-Самат подстанцияларынын курулушун, Датка-Кемин электр зымынын тартылышын да Алмазбек Атамбаевдин эмгеги катары баалады.

Ал эми оппозиция өлкө экономикасынын артка кетүүсү, эбегейсиз бюджеттик тартыштык үчүн бийликти кескин сынга алууда.

Кыргызстандын жаңы бийлик системасында өкмөт экономикалык маселелерге жооптуу, президент коргоо жана коопсуздук жагына жоопкер. Мамлекет башчысы ошондой эле бийлик бутактарына арбитр болуш керек деп бөлүштүрүлгөн. Бирок Алмазбек Атамбаев бийликти монополиялап алды дегендер да бар. Андай сынды айтып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков президенттин жакында эле өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти түзүүсүн Конституциянын талаптарын бузуу катары баалады:

- Президенттин экономика, социалдык маселелерге киришкенге Конституция боюнча укугу жок. Экономика, социалдык тармактагы бардык маселелер өкмөттүн карамагында. Бирок, тилекке каршы, кийинки мезгилде президент бардык маселелерге өзү кирише баштады. Өзгөчө мына Жол картасы боюнча, экономикалык стратегия боюнча деп комиссия түздү. Өзүнө тиешеси жок укуктарды тартып алганга аракет жасап жатат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин бир жылдык президенттик мөөнөтүндөгү татаал жана талаштуу маселелердин бири - оппозициялык фракциянын лидерлери Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун камакта отурушу болуп саналат. Бул саясатчыларды камакка алууда Кылмыш-жаза кодексинин катаал беренелерин колдонуу талаш-тартыш жана күмөн жаратып келатат.

Оппозиция өкүлдөрү депутаттардын камалышын саясий куугунтук катары баалашат. Бийлик өз кезегинде бул ишти чоо-жайын сот аныктайт деген позицияны карманууда.

Шайлоонун эртеси коалицияны чочутту...

25-ноябрда болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы өлкөдө кызуу талаш-тартышты, ал эле эмес, башкаруучу коалициянын ыдырап кетүү коркунучун жаратты. Шайлоодо мыйзам бузуулар орун алды, коалициядагы өнөктөштөр акыйкаттан тайып кетти деп эсептеген “Ырыс алды - ынтымак” көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов коалиция лидерлигинен баш тартты. Ал эми "Ар-намыстын" бир катар мүчөлөрү КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” кураган коалициядан чыгуу талабын коюп чыгышты.

Бул маселе боюнча 30-ноябрда фракция жыйыны чакырылып, бирок каралбай калды. Буга фракция депутаттарынын жыйынга толук келбей калышы себеп болгон. Фракция мүчөсү Турсунбай Бакир уулунун айтымында, маселе кайсы күнү болбосун күн тартибине коюлат:

- Депутаттардын 3/2 добушу керек экен. Бүгүн жыйында кайра эле 15-16 депутат отурду. Фракциядагы 25 депутат болбосо да 22-23 депутат катышыш керек. Анча депутат болгон жок. Ошондуктан бүгүнкү күн тартибинен алынды. Бирок кийинки күндөрү койсок болот.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, фракция мүчөлөрүнүн жарымынан көбү коалициядан чыгууну жактайт. Бирок коалициядан чыгуу үчүн фракция мүчөлөрүнүн 3/2нин добушу керек. Талдоочулардын баамында, “Ар-намыс” фракциясында президентке жакын депутаттардын саны жетиштүү. Ошондуктан коалициядан чыгууну жактагандар 3/2 добуш алышы күмөндүү.

Бирок түзүлгөн кырдаал башкаруучу коалициянын калган мүчөлөрү болгон КСДП жана “Ата Мекенди” катуу тынчсыздандырып, алар коалициянын туруктуулугун камсыздоо айласын издей башташты. Өнөктөштөр “Ар-намыска” кошумча кандай убадаларды берери белгисиз. Бирок азыркы коалицияны бузуп, жаңы коалиция түзүүнү каалаган “Республика” жана “Ата Журт” фракциялары Феликс Куловго өкмөт башчылыкты убада кылганы айтылууда.

“Ата Журт”, “Ар-намыс” жана “Республика” коалиция түзгөн шартта бийлик конфигурациясы заматта өзгөрүп, президент алсызданат. Өкмөттүн өзүнчө бийлик борбору болушуна шарт түзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков социал-демократтар башкаруучу коалициядан чыгып, оппозицияга өткөндө үчүнчү ыңкылап деген кыймылдар токтойт деген пикирде:

- Бизде акыркы кезде көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Тилекке каршы көп өзгөрүүлөр начар жагына кете баштады. Мындай шартта коалицияны кайрадан куроо мүмкүнчүлүгүн сунуш кылам. Менин оюмча, бизде Социал-демократиялык партиянын оппозицияга өтөөр мезгили келатат. Эгерде КСДПны оппозицияга өткөрүп, төрт фракция коалиция курай турган болсок, анда биз мамлекетибизде конституциялуулукту, парламенттик демократияны, бийликтин тең бөлүштүрүлүшүн камсыздап, президентти алты жылга тынч отуруп, өзүнүн президенттик функциясын толугу менен так аткарып ,тынч кетүүсүнө шарт түзөбүз. Эгерде биз ушул жолго барбай турган болсок, анда бизде келечекте ыңкылаптык кыймыл жаралышы мүмкүн.

Коалициянын бузулушуна каршы болгондор ал туруксуздукка алып келет деген жүйөнү келтиришүүдө. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да жергиликтүү интернет булактардын биринде болгон суроо-жоопто анын иштегенине үч ай гана болгонун, иштин жыйынтыгы болуш үчүн бир жарым жылдан үч жылга чейин убакыт керектигин билдирген.

Президент да азыркы коалиция бузулуп, "Ата Журт", "Республика" жана "Ар-намыстын" катышуусу менен жаңы коалиция түзүлүшүнө жол бериши күмөндүү.

Кыргызстанда тизмектешкен дөө-шаалар

Узап бараткан жума чет өлкөлүк ири өнөктөр менен жолугушуулар жана экономикалык форумдар менен эсте калды. 27-ноябрда Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы иштер боюнча өкүлү Кэтрин Эштон келди. Ал Бишкекте Европа биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташууларына байланыштуу маселени региондогу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен талкуулады. Ошондой кыргыз мамлекетинин жетекчилиги менен жекече жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөрдү.

Европа биримдиги Кыргызстанда экология, коопсуздук жана гуманитардык аспектидеги маселелерге көбүрөөк көңүл буруп келет. Бул багыттарда бир канча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылган.

Европа биримдиги ошондой эле региондогу суу-энергетикалык маселелерди чечүүдө ортомчу болуу аракетин да жасап келатат. Бирок Европа Кыргызстанга инвестор катары бараандуу салым кошо албаганын талдоочулар белгилешет.

Европа биримдигине жакын болгон Кошмо Штаттар да сыртта калбады. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уенди Шерман айым жума соңунда Кыргызстанда болуп, Кыргызстан менен АКШнын кызматташуусу, "Манастагы" транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Шерман айымдын маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, эки өлкө 2014-жылдан кийин Транзиттик борбор боюнча кандайдыр бир келишимге жетишип, ал Кыргызстан үчүн пайдалуу болот. Белгилүү болгондой, азыркы кезде Транзиттик борбордун Кыргызстандын казынасына салымы бараандуу.

Бирок инвестор катары Кытай өзгөчөлөнүп, Кыргызстанда бир катар ири долбоорлорду каржылап жатканы маалым. Декабрь айынын башында Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябаонун Кыргызстанга расмий сапары учурунда эки тараптуу кызматташууларга жаңы дем берилет деген ишенимдер Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги тарабынан айтылууда.

Кытайдын мындай активдүүлүгүнөн кийин Орусия да кыймылга келип, бир катар ГЭСтерди куруу боюнча келишимге барды. Орус өкмөтү өз ишкерлерин Кыргызстанга байма-бай жөнөтө баштады. Мына ошондой ишкерлердин кезектеги тобу 28-ноябрда Бишкекке келип, кыргыз-орус форуму өткөрүлдү. Анда Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси кайра жаралуу доорун башынан кечирип жатканы айтылды. Орусиянын Кыргызстандагы активдешүүсүнүн бир себеби Бажы биримдигин кеңейтүү максатына барып такалат. Анткени орус президенти Владимир Путин жаңы президенттик мөөнөтүндө Евразия экономикалык аймагын түзүү максатын койгон.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мына ушул ири мамлекеттердин Кыргызстандагы активдүүлүгүн салыштырып, Европа Биримдиги пассивдүү болуп жатканын жана анын себебин мындайча чечмеледи:

- Бул жерде үч тарапты караганда, эң пассивдүү, жөн эле сөз менен калып жаткан Европа биримдиги болуп жатат. Биримдиктин Борбор Азия менен иштей турган концепция, программалары бар. Бирок ошол программалардын иликтеп көргөндө Кыргызстан менен Тажикстан четте калган. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан табигый чийки заттары, аларга байланыштуу комплекстери күчтүү өлкөлөр. Ошого байланыштуу бул өлкөлөргө Европадан инвесторлор көп келет. Ошого жараша алар ошол мамлекеттер менен мамилени тереңирээк, мазмундуураак жасашат.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө бир катар жеңилдиктерди алууга тийиш. Бажы биримдигине кирүү болсо улам жакындап келаткандай. Президенттик аппараттын жооптуу кызматкерлеринин маалымдоосуна караганда, президент Алмазбек Атамбаев келерки жумада боло турган экономикалык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынында Бажы биримдигине кирүү маселесин көтөрмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG