Ноокат: митингден кийинки сурак
Апта башында айыл өкмөт башчысын башка өлкө жарандарына жер берген деп айыптап чыккан Жаңы-Ноокаттыктардын айрымдарын милиция суракка чакырып жатат. Учурда аларга уруксатсыз митинг өктөргөн деген айып тагылышы мүмкүн экени айтылууда. Митинг учурунда айыл өкмөтү нааразылыкка чыккандарды "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү экенин айткан болчу.