Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Талоончулук иши: депутаттар тиреши


Бакиевдин өрттөлгөн үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Бакиевдин өрттөлгөн үйү, 8-апрель, 2010-жыл

Талоончулук боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия келерки аптада “Ата Мекендин” лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерди сурашарын айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынын 4 депутатынын 7-апрелде Бакиевдердин мүлкүн тоноого катышы бар-жогун иликтеген парламенттик комиссия бир апта бою Ички иштер министрлигиндеги тиешелүү маалыматтарды текшерет.

Мындан тышкары жакында "Ата Мекен" партиясынын лидерлери, депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерди өз отурумуна чакырып, маалымат алыша турганын комиссиянын төрагасы, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов билдирди:

- Тиешелүү адамдар көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Айрымдарынын айткандары чындыкка окшошуп турат. Азыр эми күн мурунтадан тигил же бул күнөөлүү деп айтпай туралы. Алардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенине сот, тартип коргоо органдары баа берет. Азыр ал депутаттардын экөөсүн сурадык. Эми Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерди да сурайбыз.

Комиссиянын башка бир мүчөсү, “Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов иштин жүрүшүндө эки депутаттын талоончулукка катышы боюнча маалыматтар ырасталып жатканын “Азаттыкка” айтты.

- Төрт депутаттын баарына эмес, экөөнө далилдер чыгып жатат. Анткени талап-тоноочулук болгон имараттарда Райкан Төлөгөновдун жүргөндүгү, анын Туратбек Мадылбеков менен телефон аркылуу байланышкан фактылары далилденип жатат. Ошол жерлерден болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнүн кагаздары алынды.

“Ата Мекен” четке какты

Бирок депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматов айрым депутаттардын күнөөсү далилденип жатат деген маалыматты четке кагууда. Ал Ички иштер министрлигинин комиссиянын жыйынында айткан маалыматтарын мисал келтирди.

- Өмүрбек Текебаевге, Болот Шерге, Туратбек Мадылбековго бир дагы далил жок жана алардын талап-тоноочулукка тиешеси болгон эмес деген жыйынтыгын чыгарды. Ал эми Райкан Төлөгөнов боюнча бир канча маалыматтар бар, бирок аларды да текшерүү керек деп айтты. Райкан Төлөгөнов күнөөлүү деп айтышкан жок. Мындан тышкары Юсупов менен телефон аркылуу сүйлөштү деген сөз - чогуу жүрүп тоногон, же ал иштерге катышкан дегенге далил боло албайт. Демек атайын текшерип туруп айткан милициянын сөзү түрмөдө отурган, же жөн эле тасмага сүйлөп койгон адамдардын айтканына караганда чындыкка жакын.

Калмаматов
комиссиянын айрым мүчөлөрү бир жактуу маалымат берип, коомчулукту адаштырууда деген ойдо.

- Комиссиянын мүчөсү катары “жок, биздин депутаттардын эч тиешеси жок" деп алдын-ала актоодон оолак болуп келе жатабыз. Бирок бизге салыштырмалуу комиссиянын мүчөсү болгон башка депутаттар иш башталгандан бери бир жактуу иш алып барып жатышат.

ИИМ: тергөөнү акырына чыгарабыз

Депутаттык комиссия маалыматтар арбын болуп жатканынан улам мөөнөтүн дагы бир айга чейин узартууну караштырууда. Андан соң Жогорку Кеңешке өз корутундусун бермекчи. Ал эми комиссиянын акыркы отурумунда ИИМ министри Зарылбек Рысалиев кандай гана болбосун бул ишти териштирүүнү аягына чыгара турганын убада кылды.

- Бул иш ИИМге берилгенден кийин ордунан жыла баштады деп ойлойм. Бүгүнкү күндө ИИМ бул ишти акырына чейин чыгарат. Мен өзүм буга даярмын, аны тергеп жаткан балдарды да көзөмөлдөп турам. Болушунча так иштеп, бир да сөздү кошпой, болгонун болгондой айтып берем. Корко турган эч нерсе жок.

2010-жылдын 7-апрелиндеги Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноо боюнча камакка алынып, өз шериктери менен Бишкектин №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов тоноо иштерине “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын да катыштыгы бар экенин айтып чыккан.

Анын мындай билдирүүсү “Республика” партиясынын лидери, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду “Ата Мекен” фракциясы кызматтан кетсин деп талап кылган учурга туш келген болчу.

Кийинчерек Юсуповдун айткандарын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Ал эми Юсупов жана анын азыр камакта отурган шериктери мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду уурдап, сабаган жана акча талап кылган деп да айыпталууда.

XS
SM
MD
LG