Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Байсалов: Азыр иштин заманы


Социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлыгына жаңыдан дайындалган Эдил Байсалов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал азыр министрдин да милдетин аткарууда.

"Азаттык": Жаңы эле мамлекеттик кызматка келдиңиз, алгачкы кадамдар кандай болот?

Эдил Байсалов: Мамлекет башчы, өкмөт башчы ушундай ишеним көрсөтүп жаткандан кийин ушул министрликтин алдына коюлган максаттарды, өкмөттүн программасын ишке ашырууну көздөйбүз. Ал программа бекитилген. Аны убагында, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу - негизги максатым деп эсептейм.

Мындан сырткары социалдык өнүктүрүү министрлиги мурунку социалдык коргоо системасынан айырмаланат. Бул абдан кеңейтилген мандат. Бул жакыр үй-бүлөлөрдөн тышкары, жалпы коомчулуктун, айыл, көчө, конуш деңгээлиндеги жашообузду, ошол жердеги ырыскы-ынтымагыбызды, ошол жердеги үй-бүлө, аял, балдар... кыскасы баарын камтыйт. Азыр эми министрликтин потенциалы толугу менен тактала элек. Чиновниктер болобу, коомчулукпу, баягы эле эски социалдык коргоо министрлиги катары кабылданат.

“Азаттык”: Бул министрлик эл аралык уюмдардан келген чоң-чоң социалдык гранттар менен иштейт. Ушул жерде мындан ары ачык-айкындык болооруна кепилдик бере аласызбы?
Азыркы Жогорку Кеңештин түзө турган өкмөтүнүн деңгээли ушул. Эгер мындан жакшыраак өкмөт түзө турган болсок, баарыбыз кеңешип чечели да, Жогорку Кеңешти таркаталы...


Эдил Байсалов: Мындай маалымат так эмес. Анткени негизинен биздин министрлик мамлекеттик каржылоонун эсебинен иштеп келет. Чоң-чоң гранттар деп деле айтууга болбойт. Азыркы учурда Дүйнөлүк Банктан компьютерлештирүү, маалымдоо системасын оңдоо боюнча пилоттук долбоорлор ишке ашырылып жатыптыр. Мамлекеттин эсебинен ири суммадагы жөлөк пулдар таратылып жатат. Албетте ал киши башына келгенде майда эле болуп көрүнүшү мүмкүн.

Эң маанилүү жагдай, ушул жөлөк пулдар боюнча так маалымат берилбей жатат. Мен бир канча мекемелерди кыдырдым, акыркы 2-3 күндө изилдеп көрсөм так маалымат жок экен.

Биздин контингент, мисалы көчөдө калган, кыйын шартка кабылган адамдар оңой менен “мага мамлекет кандай жагынан жардам бере алат, кандай жөлөк пул чектей алат, менин балдарыма кандай жардам бере алат”, - деген суроолорго маалымат ала албайт экен. Ошондуктан маалымдоо багыты кичине артта калгандай сезилди. Ушундан улам сентябрга чейин ушул жаатта маанилүү кадамдарды шилтесек болот.

Экинчиден, биз жакыр, кыйын шартка кабылган адамдарды көп учурда негизсиз эле шагын сындырат экенбиз. Кемсинтип, "справка чогултуп кел, тигил жакка барып кел, муну алып кел, анан жакыр экениңди далилдеп бер, ачкасың, өлүп баратасың" дегендей... Кээ бир аткаминерлерден мындан дагы оройураак талаптар чыгат экен. Ошондуктан биздин өкмөттүн негизги максаты жардам берүүнү жеңилдетип, оңойлоштуруп, кыйынчылыкка кабылган мекендештерибизди колдоп, какпай-силкпей берүү керек. Биздин министрлик бул жаатта кыска мөөнөттө жакшы өзгөрүүлөргө барыш керек.

“Азаттык”: Ушул мезгилде кыргыз коомчулугу грантка, арзан насыяга көнүп алган, бардар турса деле жөлөк пул алгандар бар, суранып жашайт деген пикирлер бар. Ушундан арылса болобу?
Азыркы мамлекет башчысы, өкмөт башчысы менен мурун бир катарда чогуу бир режимге каршы күрөшүп келгенбиз, санаалашпыз, пикирлешпиз. Алар мени чакырып жаран катары, жетекчи катары мага сунуш бергенден кийин мен андан баш тарткан жокмун...


Эдил Байсалов: Муну менен макул эмесмин. Өзүбүздү өзүбүз сындап, өзүбүздү өзүбүз жаман көрүп, жек көрүп, бири-бирибизди деле жакшы түшүнбөй калдык. Мисалы ар бир балага 500 сом каралат экен. Мурдагы күнү эле Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен эки эсе көбөйтүлдү. Ошол киши башына 580 сом деген эмнеге жетет? Буга жашап кетсе болобу? Же болбосо алар Америкадай, же Европадай мамлекеттин эсебинен эле жашайм, жөлөк пул, социалдык жардам алып эле жашайм деген жок да.

Баары бир мамлекет 100 пайыз жардам берсе да антип жашоого болбойт. Биз кыйын шартка учураган мекендештерибизди кемсинтпей, акчабыз аз болсо да бала-бакыраны, кары-картаңды, мүмкүнчүлүгү чектелген туугандарыбызды колдон келишинче карашыбыз керек. Биздин Баш мыйзамда жазылган, биз социалдык багыттагы өлкөбүз, ошондуктан жарандарыбызды кыйын учурда таштабашыбыз керек.

“Азаттык”: Сиз саясатчы катары белгилүүсүз. Ушу тушта өкмөткө сын айтылып, аны кетирүү аракети болуп жатканда эмне себептен өкмөткө келдиңиз?

Эдил Байсалов: Билесиздер, мурун деле ММКда өкмөттү таркатууга каршы болуп келгем. Анткени азыркы Жогорку Кеңештин түзө турган өкмөтүнүн деңгээли ушул. Анын жүзү да, сапаты да ушул. Эгер мындан жакшыраак түзө турган болсок, элибиз, мамлекет башчыбыз чечсин, баарыбыз кеңешип чечели да, Жогорку Кеңешти таркаталы. Жаңы парламентти шайлап, жаңы өкмөттү түзүп алалы. Болбосо бир ууч саясатчылар эле өкмөттү кетире берсе эч качан өнүкпөйбүз.

“Азаттык”: Эмне себептен өкмөткө келген себебиңизди так айтып бере аласызбы?

Эдил Байсалов: Анткени бийлик алмашып жатат. Эки жолу бийлик алмашууга элибиз катышты. Анын арты эмне болду? Биринчиси кетсе экинчиси келди, анын артынан үчүнчүсү келди. Бирок элдин жашоосу өзгөрбөй жатат.

Азыркы мамлекет башчысы, өкмөт башчысы менен мурун бир катарда чогуу бир режимге каршы күрөшүп келгенбиз, санаалашпыз, пикирлешпиз. Алар мени чакырып жаран катары, жетекчи катары мага сунуш бергенден кийин мен андан баш тарткан жокмун. Ушундай ишеним көрсөтүлүп жаткандан кийин иштеш керек. Азыр иштин заманы.

XS
SM
MD
LG