Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Орусиянын 129 млн. доллары “Крокуска” кетеби?


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Крокус-Интернешнл” ишканасы Кыргызстандын бажы тармагын жаңылайт.

Бажы биримдигине кирүү алдында өкмөттөр арасында түзүлгөн келишим боюнча Орусия Кыргызстандын бажы тармагын “Жол картасына” ылайык жаңылоо үчүн 200 млн. доллар бөлүп бермек болгон.

Мунун ичинен 129 млн. доллар орус өкмөтү тарабынан орусиялык “Крокус-интернешнл” компаниясына берилип, келишимге ылайык, Кыргызстандын бажы тармагын жаңылоо, кызмат көрсөтүү иштеринин баары аталган компания тарабынан аткарылмакчы. Бул маалымат коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады.

“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов бул боюнча пикирин “Азаттык” менен бөлүштү.

“Азаттык”: Эдил мырза, кыргыз өкмөтүнүн бул келишим долбоорун бекитип бергени коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Сиз кандай пикирдесиз?

Байсалов: Муну коррупцияга белчесинен эмес, моюнуна чейин баткан көз боёмочулук деп айтар элем. Анткени былтыр май айында 200 млн. доллар бөлүп беребиз деп Орусия кол коюп берген. Ал жерде бажы тармагы гана эмес, фитосанитардык, ветеринардык, керек болсо жалпы статистикалык жардамдар да бар.

Ошондон бери биздин өкмөт эйфория менен жашап, “бул акча колго тийсе баарын оңдойбуз, түзөп алабыз, заманга ылайыкташтырабыз” деп, Жол карта сыяктуу документтерди түзүп киргизишкен. Эми эмне болду?

Мына караңыз, Орусия ал акчаны Кыргызстанга бербей эле, өздөрүнүн “Крокус-интернешнл” деген кайдагы бир соода компаниясына берип койду. Мындай техникалык жардам Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Демек биздин өкмөт аткарчу иштин баарын, бул деген 129 млн. долларлык жумушту Агаларов деген бизнесмен жасайт экен.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, кыргыз өкмөтү буга каршы турууга тийиш беле?

Байсалов: Албетте. Бул жерде Орусиядан кеткен жок. Биздин премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыздын улуттук кызыкчылыгын көздөбөй, тескерисинче орустардын долбоорун бекитип берүүдө. Ал “урматтуу туугандар, сиздер бизге кол коюп бергенсиздер. Биз аны ишке ашыруу үчүн үч-төрт жылдан бери жол картасын түзүп иштеп жатабыз, ошондуктан акчанын баарын накталай бербесеңер да, кыргыз-орус мамлекеттик мекемелер арасында кызматташалы” деши керек болчу. Тилекке каршы андай болгон жок. Акча Орусиядагы жеке бир кишинин колуна кетти. Эси болсо өкмөт бүгүн деле 3-марттагы жардыгын жокко чыгарып, баш тартышы керек.

“Азаттык”: Ошол келишимдерде көрсөтүлгөн иштерди орустардын акчасын жеткирип, Бажы жана башка тармактарды жаңылоого өкмөтүбүздүн күчү жетет беле?

Байсалов: Албетте жетет. Адистерибиз деле жетиштүү. Кыргызстан буга чейин деле эл аралык уюмдар менен иштешип, көп долбоорлорду ишке ашырып келди. Бул жерде килейген тендерлер өткөрүлөт, ошондуктан ортомчунун кереги жок. Мындай каражат бөлүнгөн соң, түздөн-түз өкмөттөр ортосунда кызматташуу болууга тийиш.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG