Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Мамкаттоо: саякатты төлөгөндөрдүн "марттыгы"


Кыргызстанда паспорт жасоого байланышкан ондогон ири коррупциялык жаңжалдар чыккан.

Кыргызстанда паспорт жасоого байланышкан ондогон ири коррупциялык жаңжалдар чыккан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги чет өлкө сапарына экономикалык кызыкчылыгы бар жеке компаниянын эсебинен барганы ашкере болууда.

Мурда Кыргызстандын жарандык паспорту баш болгон мамлекеттик маанидеги документтерин даярдаган англиялык “Де Ля Ру” жеке менчик компаниясынын эсебинен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери Монреалга барганы ачыкталды.

2012-жылы коррупциялык схемаларга жана коопсуздукка коркунуч келтирчү жагдайларга байланыштуу бул чуулгандуу компания менен келишим жокко чыгарылган. Бирок учурда биометрикалык паспорт даярдоого эл аралык тендер жарыялоонун алдында аталган компания менен кайрадан кызматташуунун төркүнү түрдүү түкшүмөлдөргө түртүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев муну мыйзамды одоно бузуу менен мамлекеттик кызыкчылыкка каршы багытталган көмүскө иш катары баалады. Ошол эле кезде мамкаттоонун чет өлкөгө барган жетекчилери бул боюнча расмий комментарий берүүдөн баш тартууда.

Аткаминерлердин көңүлүн алуу

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын колу коюлган буйруктун көчүрмөсү жакында “Азаттыкка” келип түштү. Анда мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Дастан Догоев жана мамкаттоонун алдындагы “Инфоком” ишканасынын директору Талант Абдуллаев Канаданын Монреаль шаарына паспортторду жекелештирүү иши менен таанышууга төрт күндүк иш сапарга жөнөтүлгөн.

Буйрукта иш сапардын чыгымдарын “Де Ля Ру” жеке менчик компаниясы көтөрө турганы көрсөтүлгөн. Бул факты мүмкүн кезектеги жумушчу сапардын бири катары коомчулуктун көңүл сыртында кала бермек. Бирок Кыргызстан 2015-жылдын башында биометрикалык паспорт даярдоого эл аралык тендер жарыялайт. Анын алдында буга чейин жалпы жарандык паспорт даярдоого катышып, Кыргызстанда миллиондогон сомдук ишкер кызыкчылыгы бар жеке компаниянын ашкере “марттыгы” шек жаратты. Мамлекеттик документтерди даярдоо боюнча адис-эксперт Таалайбек Жумадилов чечүүчү кызматтагы аткаминерлерди мына ушундай жол менен сатып алуу өнөкөтү бар экенине токтолду:

- Эгерде сен мамлекеттик кызматта болсоң, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн бир жакка иш-сапарга чыксаң, анын эсебинен гана чыгышың керек. Анан эми Кыргызстанда ири ишкердик кызыкчылыгы бар жеке компаниянын эсебинен чет элдик сапарга чыгуу жалпы ишке зыянын тийгизиши мүмкүн. Анкени жакында биометрикалык паспорт даярдоого тендер жарыяланат. Анан мына ошол учурда башка тендерге катышкан компаниялар мамкаттоонун жетекчилигине чоң доомат коёт. Анан калса чакырган тарап ал жакка баргандарга бардыгын төлөп берет. Мына ошол иш-сапар учурунда мейманкадан видео тасмага тартып алып, кийин тендер учурунда ага каршы шантаж кылып пайдаланышы мүмкүн. Себеби бул жерде миллиондогон акча жана маалымат базасына ээ болуу маселеси турат. Бул жерден өтө чоң чатак чыгышы мүмкүн.

Акчанын тартыштыгы, мамлекеттин алсыздыгы

Учурда дагы бир чет өлкөлүк сапардан кайтып келе электигине байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаиковадан бул маселе туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми “Де Ля Ру” жеке компаниясынын эсебинен чет өлкөгө барып келген Догоев менен Абдуллаев маалымат кызматы аркылуу расмий түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Ошентип алардын иш сапарынын чыныгы максаты жана анын кызыктар компания тарабынан төлөнүшү боюнча суроолор жоопсуз калды. Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимов жагдайды төмөндөгүдөй баалады:

- Бул жерде эми туура эле го. Анан калса бизде эми аткаминерлерди чет өлкөлүк сапарга жөнөтүүгө мына ошондой чоң акча бюджетте каралбаса, анан эмне кылуу керек. Биздин мына ошол компания менен келишимибиз бүтө элек. Ошон үчүн долбоордун алкагында ал жактан тажрыйба алуу үчүн биздин кызматкерлер барып келишти. Анан эми мына ошол компания алдыдагы тендерге катышабы же жокпу, ал азыр чечиле элек да. Анан калса мына ошол сапарга барып келгендер тендердик комиссияда болуп, анын жыйынтыгына таасир этет деген бул эми жөн эле күдүк ой да. Эгерде чын эле мына ошол “Де Ля Ру” тендерге катышып, утса анан мына ушундай дооматты айтып чыкса орундуу болот го.

Паспорттук тендерди утурлап...

“Мамлекеттик кызмат тууралуу”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жана “Тендерлерди өткөрүү” боюнча мыйзамдар менен Кылмыш-жаза кодекси жооптуу кызматтагы аткаминерлерге кызыктар тараптын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга тыюу салат. Европа менен АКШнын мыйзамдарына алардын жарандары же жеке компаниялары башка чет өлкөлүк аткаминерлерди сатып алууга жасаган аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизген. Юрист Айчолпон Жорупбекова бул багытта мыйзамда чоң жоопкерчилик каралганын айтты:

- Эл аралык уюмдар, коммерциялык эмес багыттагы мекемелер кандайдыр бир долбоордун алкагында семинарларга чакырса бир жөн. Бул жерде кызыкчылыгы бар жеке компания биздин аткаминерлердин чыгымын төлөп жатканы жөн эле этиканын маселеси эмес. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Башка өлкөлөрдүн эмес биздин эле мыйзамдарда бул үчүн олуттуу жоопкерчилик каралган. Анан эми АКШ менен Канадада мисалы алардын компаниялары чет мамлекеттердин чиновниктерин сатып алууга жасаган аракети үчүн жоопко тартылат. Ошондуктан бул өтө олуттуу маселе. Муну эми жыйынтыгына жараша тиешелүү органдар иликтеп чыгууга тийиш.

Англиялык “Де Ля Ру” компаниясы токсонунчу жылдардын башынан бери кыргыз өкмөтү менен кызматташып келет. Ал акциздик маркаларды, баалуу кагаздарды, жарандык паспортторду жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар менен камсыздап келген.

“Де Ля Ру” компаниясы өз кезегинде мына ушул сыяктуу ири тендерлерге өзүнүн жергиликтүү ортомчу-өнөктөштөрү молдовиялык “Регистру” жана жергиликтүү “Интеллинкс” компаниялары аркылуу катышкан. Бул мыйзамдаштырылган үч кабат көмүскө схемадан турган жеке менчик компаниялар саясий калкалоонун арты менен мамлекеттик буюртмаларды колуна алып, документ даярдоо ишкердигин жана жарандардын маалыматтар базасын толук колуна алып алган болчу. Бул жагдайды 2011-жылдан тарта өкмөттүн алдында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия изилдей баштаган. Анын тыянагынын негизинде жарандык паспорт даярдоо иши мамлекекттик каттоо кызматынын алдында түзүлгөн “Инфоком” мамлекеттик ишканасына өткөн.

“Де Ля Рунун” кайтып келиши эмнени каңкуулайт?

Мына ошол кезде мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген Эрлан Сапарбаев күмөндүү иштерге кириптер болгон чет элдик компаниянын аракетин тымызын иш катары кооптонуу менен кабыл алды:

Эрлан Сапарбаев

Эрлан Сапарбаев

- Мындай көмүскө иш алып баруу көп нерседен кооптондурат. Биз “Де Ля Ру” менен негизинен келишимдерди 2012-жылы эле үзгөнбүз. Анан эми ишмердиги күмөн санаткан ошол компания менен кайрадан кызматташуу аракетинин өзү эле көп нерседен шекшинтет. Демек, бул мурдагы иштер кайрадан кайталанганы калыптыр дегенди түшүндүрөт. Биздин мамлекеттин чөнтөгүндө кала турган каражатты булар көптөгөн жылдар бою өзүнө алып келген. Аны дагы кабаттаган ортомчу компаниялар аркылуу жасаган. Биз мына ошонун бардыгынын бетин ачып, мекемелер аралык комиссия бул компания менен иштешүү пайдасыз экенин аныктаган. Анан эми мамкаттоонун жетекчилигин жашыруун чет элдик сапарга чакыруусу ал компаниянын кызыкчылыгы күчтүү экенинен кабар берет. Анан калса бул “Де Ля Ру” менен буга чейин эле 130 миң фунт стерлинг боюнча чыр чыккан. Анан бизге интеллектуалдык менчик укугун бербей кыйла убара кылышкан. Биз алардан мына ошол схемалардын бардыгын алып салган соң мамлекеттик казынага 200 миллион сомго чукул акча түшө баштаган болчу. Анан эми ошону бирөөлөр кайрадан чөнтөгүнө жымыргысы келип жатат окшойт.

Бул маселе 2011-жылы Жогорку Кеңеште курч коюлган. Ошол учурда парламентте өз ара тирешкен саясий күчтөр паспорт даярдоо ишкердигиндеги көмүскө кирешелер туурасында көпкө талашып тартышкан. Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо тармагынын жеке менчик колдо калып, болгондо да анын чет элдик компанияларга болгон көз карандылыгы улуттук коопсуздуктун маселеси катары каралган. Ошондой эле мекемелер аралык комиссия бул маселени толук иликтеп чыгып, бул тармакта миллиондогон доллар көмүскө акча айланарын жарыялаган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мамлекеттик каттоо кызматы быйыл жыл аягына чейин биометрикалык каттоону жүргүзүп бүткөн соң, жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыздай баштайт. Башында бул долбоорду ишке ашырууда жабдуулар менен камсыздоо үчүн эл аралык тендер жарыяланып, андан германиялык компания утуп чыккан. Эми 2015-жылдын башынан тарта биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча эл аралык тендер жарыяланары күтүлүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин чет өлкөгө алып барып келген “Де Ля Ру” бул тармак боюнча дүйнөдөгү эң ири он компаниянын бири катары таанылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG