Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

№ 31 ТҮРМӨДӨН АЗИЗ БАТУКАЕВ АЛЫНЫП ЧЫКТЫ


1-ноябрда №31 түрмөдө жаткан "авторитет" Азиз Батукаев ал жерден чыгарылып, башка абакка которулду. Бул иш-чара ишке ашкан убакта №31 түрмөдө жана Кыргызстандагы айрым башка түрмөлөрүндө толкундоолор болду. №31 түрмөдө ок атылып, жаракат алгандар бар. Юстиция министри Марат Кайыповдун "Азаттыкка" берген интервьюсуна караганда, Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчилеринин бирине ок тийди.

"Азаттыктын" кабарчыларынын № 31 түрмөнүн жанынан кабарлаганына караганда, бүгүн эртең менен Азиз Батукаев башка абакка которулган. Ал иш-чаранын учурунда ок атышуулар болгон. Азыр колония милиция кызматкерлеринин курчоосунда турат.

Юстиция министри Марат Кайыповдун "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, бул иш-чара прокурордун санкциясы менен ишке ашты. Бирок №31 түрмөдө жаткандардын колунда гранатёмот баштаган куралдар бар экен.

№31 абактан тышкары Жалалабаттагы № 36/10 жана Петровкадагы № 8 (Беловодскоеге жакын) абактарда да толкундоолор болгон. Петровкадагы түрмөдө милиция менен абакта жаткандардын ортосунда кармаш болуп, 3 адам окко учкан деген маалымат такталууда.

20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев №31 түрмөнү кыдыруу маалында каза тапкан. Аны менен бирге Жогорку Кеңештин эксперти Т.Оморов жана Т.Акматбаевдин жардамчысы каза болушкан.

22-октябрда Т.Акматбаевдин бир тууганы Рысбек Акматбаев баштаган айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышып, премьер-министр Феликс Куловду кызматтан кетүүнү талап кылышкан. Алар Кулов менен Батукаевдин байланышы бар деп эсептешет.

Ал эми Куловдун өзү болсо Батукаевди дегеле тааныбай тургандыгын айткан жана депутаттын өлүмүнө кылдай тиешеси жоктугун билдирген.

Президент К.Бакиев депутат Т.Акматбаевдин бир туугандарын кабыл алып, депутаттын өлүмү дыкат иликтенет деп убада берген соң Рысбек Акматбаев баштаган пикетчилер нааразылык акциясын токтотушкан.

Айрым эксперттер соңку окуялар "авториттер" Азиз Батукаев менен Рысбек Акматбаевдин ортосунда көптөн бери келаткан айыгыштын жыйынтыгы деп эсептешет.

Сүрөттө: Азиз Батукаев баштаган кылмышкерлерди №31 түрмөдөн УККнын СИЗОсуна алып чыгып бараткан учурдан көрүнүш

XS
SM
MD
LG