Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Кыргызстанда жогорку аткаминерлердин жана саясий кызматтагы адамдардын бир жылда тапкан кирешеси жана дүйнө-мүлкү жарыяланды.

Өткөн жылдагыдан айырмаланып, мурда катталбаган мүлктөрүн айрым кызматтан кеткен жетекчилер ачыкка чыгарса, кээ бирөөлөрү коомчулукка белгилүү киреше булактарын жашырып коюшкан. Бирок киреше булактарын жарыялоонун жыйынтыгы жана аларды текшерүүнүн шарттары иштелип чыкпагандыктан айрымдар муну көрсөтмө иш-чара катары баалашууда.

Айлык менен жашагандар

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 984 миң сомдон ашуун каражатты негизги кызмат ордунан иштеп тапкан. Анын жубайы Раиса Атамбаеванын медициналык академиядан иштеп тапкан маянасы 367 миң 201 сомду түздү. Мындан сырткары Кыргызстандын биринчи айымы баалуу кагаздардын эсебинен 120 миң АКШ доллары өлчөмүндө пайда тапкан.

Президенттин үй-бүлөсүнүн "Тойота-Лэндкрузер" үлгүсүндөгү автоунаасы, 2 батири жана бир үйү катталган. Мындан сырткары 64 миң квадрат метр багы жана “Форум” ишканасы башка бирөөнүн убактылуу башкаруусуна өткөрүлгөн.

Коомчулукта айтылып жүргөн Атамбаевдин чет элдеги мейманкана ишкердиги тууралуу декларацияда маалымат жок. Бирок 2000-жылы ал кездеги президент Акаевдин кысымынан улам, Атамбаев “Автомаш” заводун орусиялык ишкерлер тобуна сатып, өзү Түркияга кеткен болчу. Ошол жылкы мезгилдүү басма сөздө Атамбаев заводду саткан акчасына Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алганы жарыяланган.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 812 миң 720 сом маяна иштеп тапкан. Анын жакындарынын бир жылдык кирешеси 1 миллион 8540 сомго барабар. Сатыбалдиевдин транспорт, курулуш жана байланыш тармактары боюнча алектенген ишканалардагы киреше булактары туурасындагы имиштерди анын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жокко чыгарды:

- Премьер-министр болгон кирешесин ачык көрсөттү. Ал буга чейин эле "чет элдик уюмдун жетекчиси болгондо, биринчи жолу миллион сомдон ашуун айлык алып, өзүмдү миллионер сездим" деп айткан сөзү бар. Демек ал киши айлык акынын эсебинен миллионер болгон биринчи адам. Андан башка өкмөт башчысынын кандайдыр бир акционердик коомдордо же коммерциялык түзүмдөрдө эч кандай үлүшү жок жана болгон да эмес.

Декларацияга кирбеген киришелер

Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен эң эле бай адамдардын бири катары айтылып жүргөн транспорт министри Калыкбек Султанов төрт жүз миңге чукул маяна алган. Анын жакындары болсо 51 миң 360 сом гана пайда тапкан. Мындан башка ал 3 кыймылсыз мүлк, беш сотук жер тилкеси жана Лексус 470 үлгүсүндөгү бир автоунаага ээ. Бирок ал киреше декларациясында Калыкбек Султановго караштуу деп айтылып жүргөн “Авангард стиль” жана “Елизавета” курулуш компанияларынын жылдык кирешелери жарыяланган эмес.

Жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкуловдун киреше декларациясында жеке турак-үйү жана өздүк автоунаасы жок деп көрсөтүлгөн. 2010-жылы 7-апрелде эки жолу башына ок жеп, тирүү калган ыңкылапчы министр гезиттерге курган маегинде ал окуяга чейин ири ишкердик менен алектенип жүргөнүн билдирген эле. Бирок Алиясбек Алымкулов “Азаттыкка” 2010-жылга чейин эле көпчүлүк киреше булактарынан ажырап, анын жарым-жартылайын гана чет өлкөгө чыгарып кеткенин белгиледи:

- Менин ишкердик объектеримдин жетимиш пайызын баскынчылык менен алып коюшкан. 2010-жылы ооруканадан чыккандан кийин барсам, ал мүлктөр түп орду менен жок экен. Жери эле калыптыр. Ошол кездеги жагдайга байланыштуу Бакиев режими күчөп турган мезгилде калган мүлкүмдү сыртка чыгарып кетүүгө туура келген. Анан эми ошол чет өлкөдөгү киреше булагымды декларацияда көрсөтүүнүн зарылчылыгы барбы? Азыр мен мамлекеттик кызматта тургандыктан ал ишкердигимди Кыргызстанга алып келүүгө убакыт болбой жатат.

Мэрлердин менчиктери кайда?

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бир жылда эки миллион сомго чукул каражат иштеп тапкан. Ал үч жер тилкеси жана башка дагы бир кыймылсыз мүлкү бар экенин белгилеп, бирок кандай мүлк экенин көрсөтпөгөн. Анын жакындарына таандык делип жүргөн Бишкектеги ири соода түйүндөрү жана коомдук тамактануу жайлары тууралуу маалымат жок.

​Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун бир үйү, он беш жер тилкеси, өндүрүш имараты жана ЗИЛ 130 үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинеси көрсөтүлгөн. Мырзакматов негизги кызмат ордунан 502 миң 369 сом тапса, жакындарынын кирешеси 150 миң сомду гана түзгөн. Бирок башкасын айтпаганда да коомчулукка белгилүү Оштогу “Таатан” соода борборунан жана Кара-Суудагы “Оомат” базарынан түшкөн киреше тууралуу маалымат келтирилген эмес.

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча жоюлуп кеткен мамлекеттик дирекциянын башкы директору, Талас жана Жалал-Абад облустарынын мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбековдун декларациясында да үйү жана автоунаасы жок деп көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматтардын айрымдарын Жусупжан Жээнбеков декларацияны толтурууда кеткен кемчилик катары белгиледи:

- Мал-мүлкүм бар. Жылкы кармайм. Аны туугандарым багат. 98 чарчы метр үйүм бар. Ал келинчегимдин атына катталган. Анан эми техникалык катачылыктан улам, ал декларацияда катталбай калса керек. Бирок машинам жок. Аны жакында эле сатып жибергем.

Жогорку Кеңеште болсо киреше декларациясын толтурган 116 депутаттын ичинен жыйырма төртүнүн эч кандай мүлкү жок болуп чыкты. Алардын арасында: Хаджимурат Коркмазов, Улугбек Кочкоров, Мурадыл Мадеминов, Өмүрбек Бакиров, Абдулатип Режевалиев, Жыргалбек Саматов, Акылбек Султанов, Нурлан Төрөбеков сыяктуу мурда ири ишкердик менен алектенгендер бар.

Кыргыз парламенти

Кыргыз парламенти

​Убагында “Кыргызнефтигазды” башкарган депутат Исхак Пирматовго эки дача жана бир жер тилкеси гана катталган. Анын жакындарынын болгону бир чайханасы жана үч батири гана бар экен. Бирок Пирматовдун киреше булагы катары көпчүлүккө көрүнүп калган “Кыргыз мунай” май куюу жайларынын тармагы менен Кочкор-Атадагы эс алуу жана дарылоо борбору негедир унутта калган.

Текебаев: мүлкүмдү жашырган эмесмин

“Акипресс” агенттиги менен “Агым” гезити мүлкүн жашырган депутаттардын катарына “Ата Мекен” фракциясынын башында турган Өмүрбек Текебаевди да киргизген. Бирок Текебаев муну жаңылыш же атайын таратылган маалымат катары баалап, дооматты четке какты:

- Жыйырма жылдан бери кыргыз мамлекетин курууга катышып, анын эң жогорку баскычтарында жүргөнүмө карабастан ушуга чейин эл катары эле 3 бөлмөлүү батирде турам. Ал менин аялыма жазылган. Бул декларацияда бадырайып эле жазылып турат. Биздин үй-бүлөгө таандык чакан ГЭС жана офистик имарат бар. Андан түшкөн пайда 3 миллион сомду түздү. Муну бүткүл Кыргызстан билет. Анан дагы эмнени жашырды деп жатышат? Мен качан, кандайча жана эмненин эсебинен мүлк сатып алганымды жашырбай айта алам. Анткени биздин үй-бүлөнүн тапкан киреше булагы менен сатып алган мүлкүбүздүн наркы дал келет. Мен ушуну менен гана мактана алам.

Дүнүйөң кургур бирде көп да, бирде аз

2011-жылкы киреше декларациясын толтурууда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков өзүнө жана жакындарына таандык мүлктөрдү жашырып таң калтырса, быйыл анын жана анын туугандарынын 14 коттеджи, беш үйү, алты батири жана бир нече жер тилкеси бар болуп чыкты. Бирок киреше декларациясында жылына 218 миң сом гана кирешесин көрсөткөн.

Келдибековдун жакындары анчалык мүлктү кайсыл булактын эсебинен сатып алып байыганы белгисиз. 2011-жылдагы киреше декларациясын толтурууда мамлекеттик жана саясий кызматтагылардын арасында көбүн артта калтырган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов быйыл негедир жакырланып кеткендей. Ал негизги кызмат ордунан жети жүз миңге чукул маяна алса, анын жакындарынын ишкердиктен тапкан пайдасы 83 миң сомдон ашуун каражатты гана түздү. Депутат Өмүрбек Абдрахманов муну киреше булагынын көпчүлүгүн мурда арзан баада сатып жибергени менен байланыштырды:

Өмүрбек Абдрахманов

Өмүрбек Абдрахманов

​- Менде эмне мүлк калганын бардыгы жакшы билет. Болгон оокатымдын бардыгын ачык эле жаздым. Эмерек чыгарган фабрикамды Бакиев учурунда бирөөгө арзан баада эле сатып кетүүгө аргасыз болгом. “Азат” корпорациясына кирген көпчүлүк мүлкүм сатылып кеткен. Азыр мен ишкердик менен алектенгим келбей калды. Болгону үй-бүлөлүк чакан ишкердикти гана калтырдык. Бирок ошонун бардыгын биз ачык жазып көрсөткөн менен көпчүлүгү андай кылбай жатпайбы. Мына ошол тапкан мүлкүнүн каяктан экенин көпчүлүгү көрсөтө албай жатышпайбы. Эгерде мындай боло турган болсо ошондой декларацияны толтуруунун кереги барбы?

2012 - жылдагы өкмөттүн токтомунун жана 2011-жылкы президенттин жарлыгынын негизинде мамлекеттик кызматты модернизациялоо концепциясынын негизинде аткаминерлер менен саясий кызматчылардын киреше декларациясын текшерүү чараларын киргизүү жагы каралган. Бирок мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче быйылкы жылы деле кирешелерди текшерүү жана салыштыруу боюнча мекемелер аралык комиссия ишке кирише элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG