Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Жогорку Кеңеш 28-ноябрда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жол куруу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды.

Ага ылайык, Бээжин Бишкекке 400 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет. Жалпысынан 800 миллион доллар жумшалмакчы. Бирок бул жол өзүн актабай турганын айтып, мындай демилгени колдобогондор да чыгууда.

Долбоор боюнча жол Балыкчы - Кочкор - Чаек - Көкөмерен - Казарман - Жалал-Абад аркылуу өтөт. Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт, кошумча жол курулса, узундук 300 чакырымга азаймакчы.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынан депутат Жусупалы Исаев кошумча жолду куруу зарылчылыгы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, учурда Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуу тоннели машиналарды тейлей албай калды:

- Дагы төрт-беш жылдан кийин ошол тоннелден өтүүнүн өзү чоң проблемага айланышы мүмкүн. Экинчиден, ошол жол үчүнчү категория менен салынып, азыркы замандын талабына туура келбей калды. Эң негизгиси, эгер биз Ысык-Көл менен Нарын облустарын башка облустар менен тең карай турган болсок, ошол аймактагы элди өнүктүрөбүз десек, анда биз бул жолду сөзсүз салышыбыз керек. Бүгүнкү күндө алар Бишкек-Ош жолун колдонушпайт. Азыр эки облус туңгуюк облустарга айланып калды. Ошондуктан бул жол бүткөндөн кийин облустар чоң экономикалык өнүгүүгө барат. Бул жерде ушул жол менен кошо эки облустагы миллионго жакын элдин тагдырын чечебиз деген маселе биринчи болуп каралышы керек.

Жол жалпысынан 5 жылда курулуп бүтөөрү айтылган. Депутат Жусупалы Исаевдин билдиришинче, кошумча жолду буга чейин Кыргызстанда жол салып жүргөн кытайлык “Чайна роуд” ишканасы салат:

- Кытай тарап 400 миллион долларды жолду өзүбүз куруп беребиз деген шарт менен берип жатат. Андан сырткары жол системасында 30 жыл иштеген адис катары айта алам, азыр кытайлык жол куруучулардан башка жол салгандар мени чынында канааттандырбайт. Булар, мисалы, түрк, жана башка ишканаларына караганда жолду сапаттуу салаарын көрсөтүп жатат.

Жол курууга жалпысынан 800 миллион доллар жумшалат. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун билдиришинче, ушул тушта каражаттын теңин табуу аракеттери жүрүп жатат:

- Жолдун экинчи этабын куруу боюнча дүйнөлүк каржы институттар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ушунун негизинде экинчи этабында каржылоо маселеси чечилет.

Бирок кошумча түндүк-түштүк жолун куруу демилгесин колдобогондор да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жол өзүн актабайт деген пикирде:

- Бүгүн парламент жыйынына келген министрлер да бул жол өзүн канча жылда актайт дегенди так айтып бере алышкан жок. Анткени бардык нерсе өзүн актай турган болушу керек. Жол да өзүн акташы керек. Анткени ошол инвестициянын баасы бар, насыяны төлөп беришибиз керек. Пайданы эсептешибиз керек. Азырынча буга жооп жок. Бизде эми түндүк-түштүк жолу бар да. Биз 600, же 1 миллиард долларды жолго кетиргенден көрө билим берүү тармагын, мамлекетти реформалоого кетирсек болмок.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. Жазында Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин экинчи жыйынында тапшырма катары киргизген:

- Күйө турган маселе - альтернативдүү кара жол. Анткени кокус Төө-Ашуу жарылып кетсе, Кыргызстан эмне болот? Кошумча кара жолду кандай болсо да салышыбыз керек, анткени бул Кыргызстандын биримдиги, келечеги үчүн керек. Кудай буйруса, ушул кошумча жолдон өзүбүз өткөндөй бололу. Муну карызга батсак да жасаш керек.

Президент бул жолдон коңшу мамлекеттер да пайда табарын айткан. Ага ылайык, жол аркылуу Өзбекстанды айланып өткөн Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан каттамын уюштурууга болот. Эгер Кыргызстан менен Тажикстан Бажы биримдигине кирип калса, жолдун мааниси артат.

Кара жолго жанаша темир жол да куруу болжолдонууда. Бирок ага азырынча каражат табыла элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG