Ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот жана кар күрткүсү болот. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал 12-декабрга чейин сакталат.
10-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым учурларда жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -8...-13 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус суук болот.