Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Өзбекстан аймактагы геосаясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстанга басым жасап, ортодогу талаштуу чек ара жана суу маселелерин күч менен өз пайдасына чечип алууга кудуреттүү экенин көргөзгүсү келген ишара жасады. Буга окшогон чагымга кыргыз бийлиги токтоосуз жооп кайтарууга тийиш. Мындай пикирин билдирип, "Азаттыкка" маек курган саясат таануучу Эмил Жураев Ташкенттин кадамын кооптуу сигнал катары белгиледи. Ал ошондой эле бул жагдайдын президенттер Каримов менен Атамбаевдин ортосундагы мамилеге дагы байланышы болушу мүмкүн экенин айтты.

"Азаттык": Эмил мырза, Өзбекстан чек ара сызыгы тактала элек тилкелерге аскер техникасын киргизип, көзөмөл орноткон жагдайды конфликтология же саясат таануунун тили менен кандай атасак болот?

Эмил Жураев: Биринчиден, тиешелүү келишимдерди бузгандык деп айтабыз. Бул кайсы тарап, кандай кааласа жүргүзө турган иш эмес. Агрессия деп айтканга ооз барбайт, албетте. Анан калса өздөрү да расмий түшүндүрмөсүндө "Нооруз майрамына карата чек ара көзөмөлүн күчөтүү" деп жылмалап айтып жаткан соң, муну азырынча түздөн түз баскынчылык деп айта албайбыз. Бирок Өзбекстан азыркы кырдаалдан пайдаланып, геосаясий өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгынан улам аймактагы мамлекеттердин арасындагы мамилеге жараша символикалуу "жест" болду окшойт. Мында суу жана чек ара боюнча эки ортодогу талылуу маселелерди "керек болсо күч менен чечип алабыз" дегендей белги жиберишти деп ойлойм.

Өзбекстан азыркы кырдаалдан пайдаланып, геосаясий өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгынан улам аймактагы мамлекеттердин арасындагы мамилеге жараша символикалуу "жест" болду окшойт.

"Азаттык": Өзбекстандын аскерлеринин аракетинде эл аралык укуктун алкагынан алып караганда аннексиялоонун элементтери барбы, дегеле бул жагдай эл аралык укуктук ченемдер менен кандайча каралууга тийиш?

Эмил Жураев: Азыр эки тараптын чек арасы чечилбегендиктен аннексия же өзгөнүн жерин басып алуу аракети бар деп айтууга эрте. Албетте бул маселе чечилбегендиктен кооптондурган көрүнүш. Аннексия болсо алардын түшүндүрмөсү да башкача болмок. Бирок булар Ноорузга байлап, жылмалап түшүндүрмө берүүдө. "Коопсуздукту чыңдоо максатындагы террористтерге каршы аракет" дегендей жумшак тил менен айтылып жатат. Албетте, бул жөн гана шылтоо. Бирок бул жакшы эмес өнөкөт. Мунун артынан дагы ушундай аракеттер кайталана бериши ыктымал. Эгерде кыргыз бийлиги катуу чараларды көрө албаса, анда ал тилкедеги аскерлер көпкө чейин калып, чек ара сызыгы тактала элек башка аймактарда дагы ушундай көрүнүш кайталанышы мүмкүн.

Мунун арты менен Өзбекстан Кыргызстанга сес көрсөтүп, коркутуу аракетин көздөгөндөй таасир калтырууда. Бирок мындай өнөкөткө жол берүүнүн өзү мындан ары дагы оор кесепеттерге алып келип, маселени күч менен чечсе боло тургандай шарт түзүшү мүмкүн.

"Азаттык": Расмий Ташкент бул аракетин толук мыйзамдуу деп баалап, аталган тилке өзүнө караштуу экенин белгилеп, болгону бул жерде мыйзамдуу чек ара көзөмөлүн күчөтүү чарасы ишке ашканын айткан билдирүү таратты. Мунун артында кандай максат болушу мүмкүн?

Эмил Жураев: "Өзбекстан Кыргызстан менен болгон эки ортодогу келишимдерди, эрежелерди бузду" дегенге моюн сунбай, бардыгы мыйзамдуу деп актанып жатат. Мына ошондуктан расмий Бишкек Ташкенге нааразылык нотасын жөнөтүү менен эле чектелбей, буга принципиалдуу түрдө жооп кайтарышы кажет. Кыргыз бийлиги эл аралык механизмдерди колдонуп, кырдаалга таасир этүү үчүн эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурууга тийиш. Мунун арты менен Өзбекстан Кыргызстанга сес көрсөтүп, коркутуу аракетин көздөгөндөй таасир калтырууда. Бирок мындай өнөкөткө жол берүүнүн өзү мындан ары дагы оор кесепеттерге алып келип, маселени күч менен чечсе боло тургандай шарт түзүшү мүмкүн.

"Азаттык": Кербен - Ала-Бука жолун бөгөп алуу боюнча өзбек чек арачыларынын атайын операциясы президент Алмазбек Атамбаев Аксыга баргандан туура бир күндөн кийин болуп отурат. Мунун артында кандайдыр бир ишарат болушу мүмкүнбү?

Эмил Жураев: Болушу мүмкүн. Муну жокко чыгарууга болбойт. Анткени мындай кадам бир күндө эле боло калчу иш эмес. Өзбекстан тарап ал жерге президент Атамбаев барарын алдын ала билген. Атамбаев менен Каримовдун мамилеси жакшы эмес экени буга чейин эле белгилүү болгон. Эки ортодо айтылган жакшы эмес сөздөр болгон. Менимче, өзбек тарап азыркы кыйчалыш кырдаалдан пайдаланып, мына ошолорго карата символикалык белги бериши дагы мүмкүн. Эки ортодо көп маселе болгондуктан биз Өзбекстан менен маанилүү бир мамиле курушубуз керек эле. Азыркы кезде эки ортодогу алакабыз аябай солгун. Ошондуктан президент Атамбаев Аксыдан кеткендин эртеси мына ушул окуянын жүз бериши, бул жөн жеринен эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG