Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Мырзакматов: Эл бакиевчилерден жеңилди


Мелис Мырзакматов митингге чыккан элдин алдында сүйлөп жатат. Ош, 15-январь, 2014.
Мелис Мырзакматов митингге чыккан элдин алдында сүйлөп жатат. Ош, 15-январь, 2014.

Ош шаарынын мурунку мэри, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Мелис мырза, күндүн жылышы менен саясий күрөштү баштаймын деген элеңиз. Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

Мырзакматов: Азыр көпчүлүк катары үй-тиричилиги, бала-бакыра менен болуп жатам. Анан негизинен партиялык иштер менен алек болуп атабыз.

“Азаттык”: Күндүн жылышы менен саясий күрөштү күчөтөм деген элеңиз. Ал күрөш кандай мүнөздө, формада болот?

Мырзакматов: Эмне себептен ал сөз айтылды? Себеби карапайым калктын, укугу тебеленген калктын үнүн укпаса, бийлик башындагылар узурпацияны уланта берсе, демократиянын жолунан тайып кете берсе, укук талаасына кайтып келбесе, биз мындан ары саясий күрөштү уланта беребиз дегенбиз.

Бүгүн Ошто боздогон эл, укугу тебеленген калк Бакиевдин желдеттеринен жеңилип калды. Мырзакматов жеңилген жок, эл жеңилди. Бакиевдик-Атамбаевдик кара өзгөйлүктөн, зомбулуктан жеңилди.

“Азаттык”: Узурпация деген нерсеге сиз кандай түшүнүктү киргизип жатасыз?

Мырзакматов
: Эми биздин конституция таптакыр бөлөк, а жүрүп жаткан башкаруу бөлөк. Башкаруу кандай болуп жатат? Бардык бийликти президент басып алган. Прокурор да өзү, сот да өзү, шайлоо комиссиясы да өзү, милиция да өзү.

“Азаттык”:
Азыркы Конституция менен муну өзгөртүү мүмкүнбү же Конституция өзгөрүүгө тийишпи?

Мырзакматов: Конституцияга тийбеш керек. Болгону ар ким өзүнүн мыйзамдагы укуктарынын чегинде иштеш керек. Бүгүн Кыргызстанда теңирден тескери болуп жатат. Азыркы бийликтин сүйлөгөнү бир башка, жасаганы бир башка.

“Азаттык”: 15-январдагы шайлоодон кийин сүйлөгөн сөзүңүздө “чабышкан менен чабышам, басташкан менен басташам” деген сөздү айткан элеңиз. Мына Украинада азыр чабышып, кырды-бычак болуп жатат. Ошондогу сөзүңүз кимге каршы багытталды? Бизде да Украинадагыдай абал түзүлүп калбайбы?

Мырзакматов: Эми биздин өлкөдө жалган идеология, жалган экономика, жалган мамлекеттик түзүлүш түзүлүп калды. Кээ бир күчтөр Мырзакматов ким менен чабышат, ким менен атышат дегендей суроону коюп, түндүк менен түштүктү карама-каршы коюп атат деп атайлап регионалдык ажырымды күчөтүп, бири-бирине карама-каршы коюп жатышат. Бул жагынан өзгөчө бийликчил КТР, ЭлТР, 5 каналдар эмне деген гана жалган ушактарды таратпады.

Биз айтып жатабыз, биз Атамбаевдин “бандиттери” менен күрөшөбүз деп жатабыз. Алар Мырзакматовду Шоноевдей аттырып коёбуз деп атат. Биз ошол бандиттер менен күрөшөбүз. Бирок аны тескери кылышып, бул жакта карапайым калктын башын айлантып жатышат. Маселен, Жаныш Бакиев Үрүмчүдө жатып алып, акча берип Ошто тополоң баштайт экен деп ушул КТР айтып чыкты. Кечээ Токон Мамытов биз текшерип көрдүк, Жаныш Бакиев Үрүмчүдө жок экен дегендей кылды.

Бүгүн Ошто боздогон эл, укугу тебеленген калк Бакиевдин желдеттеринен жеңилип калды. Мырзакматов жеңилген жок, эл жеңилди. Бакиевдик-Атамбаевдик кара өзгөйлүктөн, зомбулуктан жеңилди. Муну эмне үчүн айтпайт?..

“Азаттык”: Мелис мырза, телеканалдар жөнүндө айтып калдыңыз. Мына КТР бийликти кандай мактаса, Ош ТВ Мырзакматовду ошондой эле мактап жатат. Демек кокус сиз бийликке келип калсаңыз да, Ош ТВнын үлгүсүндө, мурдагыдай эле көрүнүш кайталанат деген ойду жаратат. Маселен, Бакиев кетип, Атамбаев келсе өзгөрөт же Акаев кетсе, Бакиев келсе өзгөрөт деп эч нерсе өзгөрбөгөндөй, мына ошону сиз Ош ТВ менен далилдеп койгон жоксузбу?
Биз 15-январдагы шайлоону тааныбайбыз деп сотко берип жатабыз. Мына видеотасма турат. Кайсы жерде жазылып турат, прокурор менен милиция башчысы шайлоо өткөрөт деп? Милиция башчысы кабинаны минип алып отурду...


Мырзакматов: ОшТВ Мырзакматовду мактаган жок. Ош шаардык мэриясынын ишин калкка жеткирип жатышы мүмкүн. Ошол эле мезгилде бүгүнкү бийликтин жалганын ачып, кайсыл жерде кемчилиги барын ачып көрсөтүп жатат.

“Азаттык”: Сиздин партия менен депутат Бакыт Төрөбаевдин партиясы менен биригип жатканы айтылган эле. Бирок акыркы кезде ал жөнүндө кабар чыкпай калды. Айрым маалыматтарга караганда, Төрөбаев бийлик тарап менен жакындашууда. Эмне болуп жатасыздар?

Мырзакматов: Ал эл тарапта. Бакыт Төрөбаев менен кечээ жолуктук. Бүгүн да жолугабыз. Мындан аркы иштерибизди координациялап жатабыз. Бириктирип жатабыз. Максатыбыз бирөө гана - элге кызмат кылуу. Элге кызмат кылганыбызды көрө албай, кылдыра койбой жатат. Анын агасын иштен алып, кысты. Мага каршы “таштанды машинасын” иштетип, жамандатып, регионалдык маселени көтөрүп, тигил тигинтип жатат дешүүдө. Акыйкатта эмне болуп атат? Бүгүн Оштун тургундарынын акыйкаты тебеленип, мукурап отурат. Ошол Карашев баштаган бакиевчилерден жеңилип отурат.

“Азаттык”: Оппозициялык күчтөр мэрлик шайлоонун алдында биригет деген сөздөр болгон. Анан 15-январда шайлоо, ошол эле күнү Сарууда курултай болду. Биригүүнүн баш-аягы чыкпай калды. Ушул жараян эмне болуп жатат?

Мырзакматов:
Мүмкүн биригип жаткандыр. Биз эмне жарыялап биригет белек? Мүмкүн биригип, бирге жумуш аткарып атат. Максат бирөө эле - мамлекетти оңдоо, узурпацияга жол бербөө. Мамлекетти укук талаасына кайтарып келүү.
Биз бүт кошуна мамлекеттерге уят болуп жатабыз. Мына Тажикстанга байланыштуу кырдаалды алалы. Алар бастырып киришти. Ошол эле мезгилде Кыргызстан жарандары көчүп кетип жатат. Балдар мектепте окубай калды. Эмне үчүн аны айтышпайт? Эмне үчүн аны көрсөтүшпөйт?

Ош шаарында азыр 200 адамдан турган ОМОНду түзүп атат. Алар Ош шаарында жайгаштырылууда. Эмне үчүн ошол күчтөрдү Тажикстан менен чектешкен жерге алып барбайт? Караколго танкалык бригаданын кереги эмне? Аларды эмнеге алып барбайт? Эмнеге Ош шаарындагы күч органдарына бөлүнгөн каражатты чек арага бербейт?

Булар өздөрүнүн бийлигин гана коргоп жатат. Мамлекетти эмес, чек араны эмес, бийлигин гана коргоп жатат. Демек, мына ушул жалгандан чыгыш үчүн колдон келген күрөштү улантабыз.

“Азаттык”: Бул күрөш парламенттик шайлоого даярдыкпы же жазында саясий акциялар менен белгилүү болобу?

Мырзакматов: Өзүбүздүн жумуш жөнүндө айта турган болсок, биз 15-январдагы шайлоону тааныбайбыз деп сотко берип жатабыз. Мына видеотасма турат. Кээ бир дежур журналисттер, серепчилер шайлоо таза өттү, мыйзам чегинде өттү деп жатышат. Бизде видеотасма турат. Коюп берели. Кайсыл жерде жазылып турат, прокурор менен милиция башчысы шайлоо өткөрөт деп? Милиция башчысы кабинаны минип алып отурду. Камап атышат. Өлгөнгө чейин жеткирип жатышат. Мындай нерселер кайсы мыйзамда жазылган?

Бизде факты турат. Биз соттошобуз. Мен айтып коёюн, саясий күчтөргө, партияларга айтып коёюн, үмүтүңөрдү үзгүлө. 2015-жылы Атамбаев айткандай шайлоо болот. Анын турпаты мурда эле түзүлүп коюлган. Орундар бөлүштүрүп коюлган - “Эмгек”, “Бүтүн Кыргызстан” деп. Бөлөктөргө жок. Бийлик алдын-ала жасайт. Добуштарды жасашат. Ошондуктан 2015-жылкы шайлоодон үмүт жок. Себеби булардын ыплас технологиясын бардык саясий күчтөр билип турат. Эч качан таза шайлоо болбойт. Атамбаев айткандай шайлоо болот.


Мырзакматов: Шайлоо бийлик каалагандай өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:29 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG