Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Узап бараткан жумада Кыргызстанда башкы прокурор алмашып, Салянованын ордуна Жолдубаева сунушталды. Оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга сапар алышты.

Салянованын кызматтан кетүүсүнүн сырлары жана чырлары

Өткөн жылдын соңунан бери “кетет экен, арызын жазыптыр” деген имиштер чындыкка айланып, узап бараткан жумада Аида Салянова башкы прокурорлук кызматтан кетти. Бирок артында табышмак жана түрдүү түкшүмөл кептерди калтырды.

Аида Салянованын кызматтан кетери же кетүү жөнүндө арыз жазганы тууралуу сөздөр өткөн жылдын аягында башталып, анын кыска мөөнөткө эс алууга чыгуусу түрдүү түкшүмөлдөрдү күчөткөн.

27-декабрда жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевге журналисттер Аида Салянованын арызы боюнча суроо менен кайрылганда, ал минтип жооп берген эле:

- Аида Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтайын мурда мындай учурлар болгон. Анткени Аида Жеңишбековнаны түшүнсө болот. Жумушу абдан кыйын. Найзанын учунда жүрөт дайыма. Эс алууга суранды. Мен да уруксат бердим. Анткени аны түшүнсө болот.

Бирок кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсү аяктаганга карабай, жаңы жылдан кийин Аида Салянова кызмат ордуна, андан тышкары президенттин жардыгы менен “Манас” ордени ыйгарылганда аны алууга да келген жок. Жуманын башында болсо Салянованын кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганы расмий түрдө тастыкталып, ага удаалаш күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгону кабарланды. Мына ушул окуялардын тизмеги Аида Салянова менен бийлик башындагылар ортосунда кандайдыр чатак чыкканынан кабар бергенсийт. Бул чатактын булагы саясат жана киреше булактарын талашууга байланыштуу экенин бир катар окуялар тастыктап турат.

Киреше маселесине келе турган болсок, Аида Салянованын бийлигине таянып, күйөөсү Бакыт Абдыкапаров түркүн бизнес жана коммерциялык иштерге, ар кандай маселелерди чечкенге аралашып жүргөнү айтылып келген.

Алардын бири өткөн жылы чоң жаңжал жана камакка алуулар менен коштолгон. Белгилүү болгондой Кыргызстанда энергетика тармагы туташ коррупциялашкан тармак саналат, анын ичинде Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу иши да.

“Электр станциялар” акционердик коому өткөн жылы көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, соңунда казак жараны Александр Машкевичке таандык “Прогресс компаниден” - бир булактан көмүр сатып алууну камсыздоого умтулган. “Электр станциялардагы” тендердик комиссиясынын мүчөлөрү Качкын Булатов менен Расул Үмбөталиев жогорку бийликтегилер тендерлерди атайын үзгүлтүккө учуратып, бир булактан көмүр сатып алууга алып келгенин, бул коррупция экенин бир нече жолу билдиришкен.

“Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилиги тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, “Прогресс компаниге” жол ачууга далбас уруп жаткан учурда көмүр бизнесине башка күчтөр да аралашып, казакстандык дагы бир компания “Жезказган энергосбытты” алып келишкен. Ал күчтөр башкы прокурор Аида Салянованын жанындагы адамдар болуп чыкты. Дал ошолор Башкы прокуратуранын күчү жана каары менен “Электр станциялардын” жетекчилигин “Жезказгандан” дагы көмүр сатып алуу боюнча келишим түзүүгө аргасыз кылган. Муну “Электр станциялардын” ошол кездеги жетекчиси Абдылда Исраилов тастыктаган.

Бирок “чыныгы бийлик” же борбордук бийлик “Жезказганды” алып келгендерге катуу сокку уруп, УКМК үч кишини камакка алган. Камакка алынгандардын бири Башкы прокуратуранын башкармалыгында бөлүм башчы Нуртазин Жетибаев болуп чыкты.

Качкын Булатов бул жерде Нуртазин Жетибаев өз алдынча эмес, башкы прокурор жана анын жакындары менен сүйлөшүү аркылуу “Жезказганды” колдоого барган дейт:

- Сүйлөшүү болбой калган деп айтпайм. Сөзсүз болгон. Мисалы, Нуртазин Жетибаев өзү Башкы прокуратуранын чарбалык бөлүмүн жетектөөчү. Ошол ортого түшкөн болуш керек. Себеби ал атбашылык. Аида Салянова нарындык. Нуртазин Жетибаев өзү футбол боюнча тренер экен. Анан кандайча прокуратурага барып, чарбалык бөлүмдү жетектеп калганы табышмактуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги да УКМК менен эриш-аркак иштеп, “Жезказгандын” көмүрү талапка жооп бербейт деп, Башкы прокуратуранын таасири менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарган. Мына ошентип көмүр ташуудагы коррупциялык акырдан “Жезказганды” сүрөгөндөр өздөрү сүрүлүп салынган. Бул окуялар өткөн жылы күз айларында болгон. Башкы прокурорго жакын күчтөр мына ошентип жеңилүү ызасын тартышкан.

Албетте башкы прокурор Аида Салянова менен борбордук бийликтин кызыкчылыктарынын мындай карама-каршы келиши башка тармактарда да болушу толук ыктымал. Алардын бири саясат. Белгилүү болгондой президент Алмазбек Атамбаев Камчыбек Ташиевдин соттолгону жоюлушу керектигин ачык жактаган. Башкы прокурордун бул маселеде позициясы башкача болуш ыктымал. Башкы прокурор менен президенттин Камчыбек Ташиев эле эмес, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Урмат Аманбаеванын иштери боюнча да карама-каршылыктары бар экени айтылып келет.

Аида Салянованын аталаш агасы Калый Саляновдун 17 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүндө ысымы аталышы бийлик үчүн Саляновага басым жасоого дагы бир мүмкүнчүлүк жаратты. Эми күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголуп, анын мизи Аида Салянованын өзүнө багытталганы айкын болуп турат. Мына ушулардын баары Салянованын кызматтан кетүүсүнө алып келген жагдайлар катары каралышы ыктымал.

21-январда Жогорку Кеңеште Аида Салянованы кызматтан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды. Кээ бир депутаттар Салянова өзү келип, кызматтан кетүүсүнүн чоо-жайын айтып берсин деген маселени көтөрдү. Бирок ал келген жок. Бийликчил депутаттар аны алып келүүнүн кажети жок деп чыкты.

“Азаттыктын” кабарчысы менен байланышканда Аида Салянова күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго коюлган күнөөлөр жалган экенин, ал убагы келгенде тастыкталарын билдирди. Бирок өзүнүн кайда экени жана эмне себептен кызматтан кетип жатканы тууралуу сөз улаган эмес.

Жолдуу чыккан Жолдубаева

Аида Салянова кызматтан кетери менен анын ордуна Индира Жолдубаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү. Президенттик аппаратта Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеп келген Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 22-январда башкы прокурорлукка сунушталып, 23-январда Жогорку Кеңештин “Республика”, КСДП фракциялары тарабынан колдоого алынды. Кийинки жумада Индира Жолдубаеваны дайындоого макулдук берүү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралышы күтүлөт.

1979-жылы туулган, 36 жаштагы Индира Жолдубаева прокуратура кызматында буга чейин бир күн да иштебегени анын өмүр баянында көрүнүп турат. Бирок анын жакын тууганы Чолпон Баекова кезинде Конституциялык сотту башкарса, бир тууган жездеси Аалы Карашев учурда Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп турат.

Ошондуктан Индира Жолдубаеванын башкы прокурорлук кызматка көрсөтүлүшү өлкөдө ар кандай кептерди жаратпай койгон жок.

Оппозиция өкүлдөрү Вашингтонго аттанды

Кыргызстандагы бир катар оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга жөнөп кетишти. Алар Вашингтондо бир катар таасирлүү саясатчылар менен жолугушуп, Кыргызстандын тагдырына байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөшүүдө.

АКШга сапарды уюштуруунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков сапардын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Барганда сүйлөшө турган негизги эки багыт бар. Биринчиси - кризис шартында биз АКШ жана Европа мамлекеттеринен Кыргызстан үчүн атайын программа иштеп чыгууну сүйлөшүүнү көздөп жатабыз. Мисалы, алар азыр Украина, Грузияга жардам берип жатат. Чыгыш Азиядагы мамлекеттердин көпчүлүгүнө кыйын учурда жардам берип, аларды цивилизациялуу, өнүккөн, демократиялык мамлекет кылууга салым кошкон. Биздин дагы ошондой программа сурасак деген аракетибиз бар. Экинчиси - бүгүнкү күндө Кыргызстанда эгемендүү массалык маалымат каражаттары боюнча кыйынчылыктар пайда болуп калды. Бүгүнкү күндө биз бир гана Кремлдин массалык маалымат каражаттарынын алдында калдык. Бүт бардык телекөрсөтүүлөр ошолорго таандык. Демократиялык багытта, улуттук багытта, цивилизациялык багытта чагылдырган маалымат каражаттары аз. Биз ушул багытта дагы альтернативдүү булактарды ачуу жагын талкуулайлы деген оюбуз бар.

АКШга сапардын алдында Улуттук оппозициялык кыймыл Кыргызстанды кризистен чыгаруу боюнча программасын жарыялады. “Максаттуулук жана сабыр” деп аталган программада мамлекеттик органдарга кетип жаткан чыгашаны кескин кыскартуу, мамлекеттик органдардын өздөрүн дагы кыскартуу, мамлекет катышкан акционердик коомдордо, ири ишканаларда корпоративдик башкарууну, ачыктыкты киргизүү каралган. Салыктарды кыскартуу, сот, тартип коргоо органдарын реформалоо, АКШ жана Европадан эмгек мигранттарына квота алуу сыяктуу максаттар да программага киргизилген.

АКШга баруучулардын катарында туруп, бирок жеке маселелерине байланыштуу барбай калган саясатчы Кубатбек Байболов оппозициялык саясатчылардын Вашингтонго сапарынан ызы-чуу чыгаруунун кажети жок деп эсептейт:

- Москвага ат тезегин кургатпай, шакектешип, бириндешип барып, Кремлдин улагасын жыртып, дарбазада тургандарына жолугуп келгенине сүйүнүп жүрүшөт айрымдар. Муну биз кадимкидей эле кабыл алып жатабыз. Эми ошончо мезгилден бери Америкага бүгүн бир тобу барат экен. Аларды кайсы деңгээлде кабыл алат, кандай сөз болот, маалым деле эмес. Бирок эми тим эле ызы-чуу түшүшүп, энчисин алып кеткендей болуп жатышат. Адатта Америка тарап өзгөчө бир маани деле бербейт. Жардам деле бербейт. Булар чоң, салабаттуу мамлекет. Алар демократиясын айтып эле туруп алат.

Кандай болгон күндө да оппозициялык саясатчылардын Кошмо Штаттарга аттануусу геосаясий таймаштын уландысы катары кабылданып, ошого жараша экинчи тарапта реакция жасалып жатат. Анткени санкция жана мунайга баанын кескин арзандоосунан Орусиянын катуу каржала башташы Кыргызстандагы Орусияга ыктаган күчтөрдү да күчтүү күмөндөргө салып жаткандай.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG