Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Кыргызстандын түштүгүндө эки база курулат


АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушууда, Вашингтон, 2011-жылдын 7-марты.
АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушууда, Вашингтон, 2011-жылдын 7-марты.

Бул тууралуу 15-мартта президент Роза Отунбаева Европа Биримдиги жана АКШга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Анда айтылганга караганда, Орусия Ошто, АКШ Баткенде аскердик багыттагы машыгуу борборлорун курат.

Европага сапардын жыйынтыгы

Президент Роза Отунбаева февраль айынын соңуна Европа Биримдигине сапар жасаган. Европадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Биримдик Кыргызстанга 30 млн. евро өлчөмүндө бюджетти колдоого, 51 млн. еврону үч жылдык программанын алкагында социалдык, билим берүү жана укуктук тармактагы реформага бөлөт. Дүйнөлүк банк 6 млн. доллар үрөн үчүн бөлүп берүүгө даяр турат.

ЮНЕСКОдогу жолугушууда Кыргызстан “Манас” эпосу боюнча жаңы номинация киргизүүгө даярдык көрүп жатканы кабарланган. Президенттин айтымында, “Манас” ЮНЕСКОдо Кыргызстан атынан катталууга тийиш. Бул үчүн мамлекет дагы тийиштүү каржылоо иштерин жүргүзүүгө даяр болуш керек.

АКШдан моралдык колдоо мол болду

Кошмо Штаттардагы жолугушууда мурунку бийлик учурунда убада кылынган 20 млн. доллар жөнүндө сөз болгон. Бул каражаттын ичинен Вашингтон өткөн жылы 12 млн. доллар гуманитардык жардам жөнөткөн экен. Эми 4 млн. доллар бөлө турган болууда. Ал түштүктөгү окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо үчүн берилмекчи. АКШдагы сапарда Роза Отунбаева ошондой эле “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” прогаммасы тууралуу сөз козгогон. Ал программа боюнча АКШ мурунку бийлик учурунда 15 млн. доллардан ашуун каражат бөлгөн. Бирок бул ирет Кыргызстан ал программага татыктуу эмес деп табылгананын президент белгиледи:

- Биз “Миң жылдыктын көйгөйлөрү боюнча” маселени козгодук. Бизге силердин көрсөткүчүңөр ал программага туура келбейт деп жооп беришти. Мурунку бийлик учурунда бул долбоор боюнча судьяларга программалар түзүлгөн экен. Биздин судьялар болсо эл аралык масштабда сынга кабылууда. Сот тармагына чоң реформа керек жана ал башталуу алдында турат.

Коопсуздук багытындагы сүйлөшүүлөр Кыргызстандын чек арасын бекемдөө, тартип коргоо органдарын реформалоого арналган. Бул багыттагы НАТО менен кызматташуулар уланмакчы. Ал эми Кошмо Штаттар бөлө турган каражатка Баткен же Кызыл-Кыя шаарында антитеррордук машыгуу борбору курулат. Ошондой эле багыттагы борборду Орусия Ошто курарын дагы президент белгиледи:

-Чындыгында түштүктө эки обьект курулат. Бири Орусиянын каражаты менен, экинчиси АКШнын акчасы менен курулат. Мен ойлоймун, мунун эч кандай жамандыгы жок. Биз бул маселеде прагматик болушубуз керек. Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ага эч кандай күмөн жок.

Ички саясатка баа

Президент Роза Отунбаева коррупцияга каршы күрөш министрликтердеги байкоочулар кеңештери аркылуу жүрүп жатканын, энергетика тармагындагы коррупцияга каршы аракеттердин натыйжасында жоготуулар 19.5% болуп калаарын билдирди. Эмне үчүн президент өзүнүн аппарат башчысы Эмил Каптагаевди коррупция боюнча олуттуу айыптоолорго жооп

бербей жаткандыгы тууралуу суроого мындай жооп берди:

- Азыр бул иш каралып жатпайбы. Финансы полициясы, баары карап жатат. Мен келип эле тактап, атайын билдирүү жасайынчы. Каптагаев, анын уулу бул ишке аралашты деп мен да уктум эле. Ошону тактайын деп чечкен элем.

Президент Өмүрбек Бабановдун күйүүчү май тармагындагы ишкерлиги боюнча да иликтөөлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Башкаруучу коалициядагы кырдаалга токтолгон президент баары парламенттик системанын ишин үйрөнүү жолунда экенин белгилеп, коалиция мүчөлөрүнүн үч айдан бери жолукпаганын сынга алды.

Отунбаеванын айтымында, ал жакында эле Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүү өткөрдү. Ташиев менен Алмазбек Атамбаев дагы жолугушту. "Биз коалицияны сактап калууга аракет жасайбыз. Иш тескерисине кетсе тирешүү парламенттен сыртка чыгып кетиши ыктымал", - деп белгиледи президент.

Президент Роза Отунбаева Өзгөн жана Кара-Суу районундагы кырдаалга тынчсызданып жатканын маалымдап, кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкерлер жөнөп кеткенин, эгерде зарыл болсо өзү да бараарын кошумчалады. Президенттин маалыматы боюнча, бул аймактарда эки улуттун өкүлдөрү бири-биринен шектенип, чочулоолор күч алууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо кырдаал опурталдуу эмес экендигин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG