Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Жаңы коалиция куралууда


Жаңы коалициянын курамы, өкмөттүн түзүмү “Азаттыктын” таңкы “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.


Талкууга Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Дамира Ниязалиева, Эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинин статс-катчысы Тынычбек Табылдиев, ЖК депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков катышты. Булардан тышкары угармандар телефон аркылуу өз ой-пикир, сунуштарын билдирип, суроолорун беришти.

Талкуунун биринчи бөлүгү




Мамлекеттик кызматтарды бөлүү процесси башталдыбы?


“Азаттык”: СДП коалиция түзүү сунушу менен кошо башка фракцияларга сунуштаган долбоордо бир катар министрликтер: Мамлекеттик мүлк министрлиги, жаратылыш ресурстары, Суу чарба жана мелиорация комитети жоюлган экен. Тынычбек мырза, булар менен кошо Эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министрлиги, калкты социалдык жактан коргоо министрлиги да жоюлганына пикириңиз кандай?

Табылдиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарга жумшалып жаткан чыгымдарды сөзсүз түрдө азайтуубуз керек. Бул жөнүндө азыркы президент Атамбаев өкмөт башчы болуп турган учурда анын токтому менен алты ай ичинде мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу боюнча иш жүргүзгөнбүз. Ошонун жыйынтыгы боюнча биздин министрликти 20% кыскартып, мамлекеттик чыгымдарды 11 млн. сомго азайтууну сунуш кылганбыз. Бирок бүгүнкү күндө жаңы сунушталып жаткан өкмөттүн түзүмү чындыгында түшүнбөстүктөрдү жаратып атат.


Ачык эле айтайын, бул сунушта саясий бөлүштүрүү көрүнүп турат, себеби дегенде, мында эч кандай экономикалык өнүгүүнү көздөгөн кызыкчылыктар жок. Тескерисинче министрликтерди бөлүп алуу максаты менен түзүлгөнү көрүнүп турат. Долбоордогу жаңы түзүм боюнча 25 статс-катчы алмашат, алардын ордуна өз адамдарын коюп, анан шайлоолордо чуркап иштеген адамдарын мамлекеттик кызматка тартуу аракети билинип калды. Былтыркы парламенттик шайлоодо түзүлгөн коалиция айыл өкмөттөргө чейин бөлүштүрүп алса, бул жолу мамлекеттик-административдик кызматтарды бөлүү процесси башталды.

Жээнбеков: Өкмөттүн жаңы түзүмү азырынча долбоор түрүндө сунушталып жатат. Парламентке алып келгенде өзгөрүп кетүүсү да мүмкүн. Чынында эле бүгүнкү күнү биз бирөөнүн калпагын бирөөгө кийгизбей, чындап кыскартуу керек. Мамлекеттик кызматчылардын саны дагы, аларга сарпталуучу чыгымды да кыскартуу керек. Мен өкмөт башчылыкка даярдыгымдагы экономикалык программамда да айткам, 50% сан түрүндө кыскартуу керек, эгер андай болбой, биринин калпагын бирине кийгизүүдөн кыскаруу болбойт.

Ниязалиева: Бир аз туура эмес маалымат болуп атат, бул долбоорду Социал-демократтар фракциясы эмес, азыркы өкмөт башында турган команда, тагыраак айтканда Өмүрбек Бабановдун командасы апкелип сунуштады. Биз муну беш фракцияга ой-пикирин айткыла деп таратып бердик. Ооба, кыскартуулар болуш керек, бирок кыскартуу болгон кезде, ал кандай кыскартылды, эмне себеп менен, кыскарган ведомстволордун иши кимге өткөрүлүп берилди, ушул маселени тактап алышыбыз керек. Бүгүн буйруса жумшак рейтинг менен өткөн өкмөт башчы, коалицияга кирген депутаттар менен ишемби күнү муну талкуулап туруп, чечимин жалпы жыйынга алып чыгабыз. Эмгек министрлиги, социалдык коргоо министрлиги бүгүнкү күндүн эң керектүү, көйгөйлүү министрликтерди кыскартып салуу туура эмес деп мен да эсептейм.

Талкуунун экинчи бөлүгү




Өкмөт башчылыкка кайра эле "өз киши" тандалабы?


“Азаттык”: Равшан мырза, мына сиз өкмөт башчыны жумшак рейтинг менен тандоо сынагына катышып жатасыз. Азыр саясатчылардын ичинде, эл арасында “баары бир өз кишиси тандалат” деген ишенбөөчүлүк болуп атат, өзгөчө акыркы убактарда бул кызматка азыркы өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун аты көбүрөөк аталууда, мүмкүн сизге байкалып жаткандыр?..

Жээнбеков: Бизде дайыма эки жүздүү саясат жүрүп келет, мурдагы президенттер Акаевдин, Бакиевдин тушунан бери эле. Азыр деле жалпысынан ошондой болушу толук ыктымал, анткени кечээ социал-демократтар фракциясы чогулуп, чечим кабыл алынган. Мына, сөз жүзүндө жумшак рейтинг деп айтылганы менен, факт түрүндө кайсы бир талапкерди колдоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Бирок ошентсе дагы бизде саясий атаандаштык жаратуу үчүн, өлкөнү өнүктүрүү программалары менен тааныштыруу үчүн каалагандар өкмөт башчылыкка өздөрүнүн талапкерлигин коюп көрүшсө болот. Кептин баары өкмөт башына келген адам эртең мамлекетти, экономиканы, өкмөттү өзгөртө алабы, мына ушул жерде жатат. Бүгүн ким кимди кааласа, ошону колдой берсе болот, бул - элге чыгып бирди сүйлөп, иш жүзүндө башканы кылып аткан президенттин, арабыздагы айрым саясатчылардын абийириндеги иш.

Табылдиев: Биз азыр Акаевдин, Бакиевдин кадры, алардын учурунда иштеген деп бөлбөшүбүз керек, алардын ишин, кесипкөйлүгүн карайлы. Фамилиясын эмес, алардын программаларын карашыбыз керек. Быйыл коалиция түзүлүп, кызмат бөлүштүрүүгө келгенде элдин турмушун оңдоп кете турган кишилерге мүмкүнчүлүк түзүп берүүбүз керек.

Ниязалиева: Бир жылдан бери кээ бир депутаттар жалаң саясат менен алектеништи, көптөгөн социалдык маселелер каралбай калды. Ошондуктан, азыркы түзүлө турган коалициянын мүчөлөрү эл үчүн иштейбиз, элге ынтымак, ийгилик алып келебиз деген ураандын алдында иштейбиз деп үмүттөнөм.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG