Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жээнбеков Жогорку Кеңешке төрага болду


Кыргыз парламенти, 15-декабрь.
Кыргыз парламенти, 15-декабрь.

Коалициялык көпчүлүктүн талапкери, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков 78 добуш менен Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланды.

21-декабрда добуш берүүнүн натыйжасында, Асылбек Жээнбековго 78, ал эми Курманбек Осмоновго 25 депутат добуш берди. Бул тууралуу добуштарды санап чыккандан соң, депутаттык эсептөө комиссиянынын төрагасы Акылбек Жапаров маалымдады.

- Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында, депутат Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги үчүн “макул” 78, ал эми депутат Курманбек Осмоновдун талапкерлиги үчүн “макул” 25 адам. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР ЖКнын төрагалыгына депутат Асылбек Жээнбеков бекитилсин.


Социал-демократтардын үстөмдүгүбү?


Добуш берүүгө чейин КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков менен оппозициялык азчылыктан талапкер болгон “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Курманбек Осмонов спикерликке талапкерлигин коюп жаткандагы максаттарын баяндашты.


Асылбек Жээнбеков, 2009-жылдын 25-февралы.
Асылбек Жээнбеков, 2009-жылдын 25-февралы.
​Депутаттар алар Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып калса, кандай иштерди алып барышарына кызыгышты. Талапкерлерге Баш мыйзам, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана спикердин чыгымдары тууралуу суроолор жаады. Мындан тышкары, айрым депутаттар спикерликке талапкерлигин коюп жаткан Асылбек Жээнбековго Социал-демократтар партиясы бийликте үстөмдүк кылып бараткан жокпу деген суроолорду беришти. Алар президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Социал-демократтардын жетекчиси болгонун, эми болсо спикер да бул партиядан шайланганы жатканын белгилешти.

Ал эми Асылбек Жээнбеков спикерликке шайлангандан кийин буларды билдирди:

- Биз Кудай буйруса чогуу иштейбиз. Ыйык трибунадан айтылып жаткан көп сөздөрдү ишке ашыруу үчүн мен дайыма ар бириңиздер менен иш алып барам. Кудай буйруса, абийир менен ушул чоң жоопкерчиликти сезип, сиздер көрсөткөн ишенимди аткарып кеткенге мен убада берем.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы спикерди куттуктап жатып, буларга токтолду.

- Асылбек Жээнбековду куттуктайм. Саясат деген бул - күрөш. Күрөштө жеңүүчү болот, жеңилген болот. Бүгүн жалпы эл колдоп, спикерликке шайланды, ишине ийгилик каалайм. Сиздерден бир гана өтүнүч. Казып бир нерсени издебей, кемчилик кетсе, убагында айтып, түздөп, каалоо айтуу керек. Бул жакшы нерсе адатка айланарына мен тилектешмин.


Коалиция - оппозиция


Айта кетсек, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны башталар замат Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын 91 депутатынан турган “Биримдик” коалициясы түзүлгөндүгүн ырасмий билдирди.

Камчыбек Ташиев, 2010-жылдын 12-октябры.
Камчыбек Ташиев, 2010-жылдын 12-октябры.
Ошол замат “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев да өздөрүнүн фракциясы оппозиция кеткендигин ырасмий жарыялаган

-Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, көпчүлүк коалиция түзүлгөндүгүн жарыялангандыгына байланыштуу “Ата-Журт” фракциясы өзүнүн оппозициялык маанайдагы фракция экендигин жарыялайт.

“Ата-Журт” фракциясы” “Биримдик” коалициясынын келишиминин көпчүлүк пункттары Баш мыйзамга каршы келерин жыйында көтөрүп чыгышты. Ал кемчиликтерди жойбостон спикерди шайлоого бара турган болсо, анын мыйзамдуулугу шек туудуруп каларын белгилешти. Алардын жүйөөсү боюнча коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке гана бирдиктүү талапкерди көрсөтө алат, ал эми Жогорку Кеңештин төрагалыгына бирдиктүү талапкерди алып чыгуу Баш мыйзамда каралган эмес.

Камчыбек Ташиев буга чейин эле “эгер жаңыдан куралып жаткан коалиция өздөрү түзгөн келишим боюнча иштей турган болсо, Бакиевдин мезгилиндеги “Ак жол” фракциясынан айырмасы жок болуп калат” деп келишимди сындап келаткан болчу.

XS
SM
MD
LG