Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

УКМК: депутаттын сурагы бүтө элек


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду суракка алуу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал депутат сурак берип жатканын айтуу менен чектелди.

Шыкмаматов УКМКга бүгүн саат 10дон өтүп барган. Атайын кызмат имаратынын алдында аны бошотууну жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу, Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылган митинг уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG