Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

“Республиканын” эсеби башталды


Президент Роза Отунбаева "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго парламенттеги көпчүлүк коалиция куроо мандатын тапшырууда, 4-декбарь.
Президент Роза Отунбаева "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго парламенттеги көпчүлүк коалиция куроо мандатын тапшырууда, 4-декбарь.

Коалиция түзүү аракетин “Республика” фракциясы дүйшөмбү күнү баштап, фракция башчыларын кеңешмеге чогултту.

"Республика" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” жана “Ата-Журт” фракцияларынын башчылары менен кеңешме өткөрдү.

Бабанов баштады, Атамбаев катышпады...

Бирок бул кеңешмеге ден соолугуна байланыштуу КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев катышпай калганы кабарланды. Коалиция түзүү боюнча мандатты президент Роза Отунбаева “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго ишемби күнү тапшырган эле.

Бүгүн, дүйшөмбү күнү түшкө чейин “Республика” фракциясы жыйынга чогулуп, мүмкүн болуучу коалицияны талкуулады. Түштөн кийин калган үч фракциянын лидерлерин чогултуп, жабык жыйында коалиция түзүү маселесин талкуулады.

“Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жолугушууда кеңири коалиция түзүүнү, эгерде ал ишке ашпай калса төрт фракциянын катышуусу менен коалиция түзүүнү сунуштаган. Кеңешүүнүн соңунда коалиция түзүүнүн алдындагы маселелерди чечүү үчүн жумушчу топ түзүлдү.
Акматбек Келдибеков

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Акматбек Келдибеков “Республика” фракциясы уюштурган алгачкы жыйында кеңешүүлөр болгонун билдирди:

- Эми ал жерде консультация болду. Алмаз Атамбаев ооруп аткан экен, ал катышкан жок. Ошондуктан төрт фракциянын лидерлери чогулуп, пикир алмаштык.

Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” фракциясы түшкөн сунушка жараша коалицияга кирүүнү чечерин да кошумчалады.

“Республиканын” аракетин колдоого анын өнөктөшү Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы даярдыгын билдирүүдө. Бирок КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы боло турган шартта.

Чыныбай Турсунбеков
Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун ишениминде, “Республиканын” лидери коалициянын уюштуруучусу гана болуп, өкмөт башчылыкты, төрагалыкты башка фракцияларга бериши ыктымал:

- Эми өзүңүз билесиз, Бабанов төрагалыкка дагы, өкмөт башчылыкка да баргым жок деп айткан. Ошондуктан ал ошол сөзүндө турууда жана турат деп ойлойбуз.

“Ар-Намыс” фракциясы КСДП түзүүгө аракеттенген коалицияга кирүүнүн шарты катары аларга өкмөттү берүүнү атаган эле. “Республика” түзүүгө киришип жаткан коалицияга “Ар-Намыс” кандай шартта кирээри азырынча белгисиз.

Бул маселе фракциянын жыйынында талкууланып жактанын фракция мүчөсү Бөдөш Мамырова билдирди:

- Азыр фракцияда кандай шартта коалицияга кире турганыбыз талкууланып жатат. Албетте, өкмөттү тез арада түзүш керек.

Амбициялар парады


Феликс Кулов
Байкалып тургандай азыркы кезде “Ар-Намыс” жана КСДП фракциялары өкмөттү жетектөө амбициясын ачык билдирүүдө. “Ата Мекен” Жогорку Кеңештин төрагалыгын көздөп жаткан. “Ата-Журт” фракциясы да коалицияга кирүүнүн шарты катары Жогорку Кеңештин төрагалыгы, аны менен катар жергиликтүү бийлик органдарында өзүнүн өкүлчүлүгүн күчөтүү шарттарын коюп келатканы белгилүү.

Мына ушундай карама-каршылыктуу амбициялар кагылышкан шартта “Республика” фракциясынын кеңири коалиция түзүү аракети ийгиликтүү болобу, же мурунку өнөктөштөрү КСДП менен “Ата Мекенге” кайрылууга аргасыз болобу деген суроо ачык бойдон турат. Бирок “Республика”, КСДП жана “Ата Мекендин” коалиция түзүү аракети мурункудай эле кыйрап калышы да мүмкүн.

Маалым болгондой “Ата Мекен” фракциясы КСДП куроого аракеттенген коалициянын кулап калышына “Республика” фракциясы күнөөлүү деп эсептеп, бул фракция түзө турган коалицияга кирүү үчүн алгач “республикачылар” кечирим суроого тийиш деген пикирде болууда. Муну “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев жашырган жок.

Кандай болгон күндө да “Республика” фракциясынын алдында коалиция түзүү боюнча жеңил эмес маселе турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG