Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

«Биримдик» бириндей баштады


Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын башчылары.
Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын башчылары.

“Ар-намыс” фракциясы башкаруучу коалициядан чыгуу чечимин кабыл алса, “Ата Мекен” андан чыгуу ниетин билдирди.

Фракциялардын бул аракети Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттү отставкага кетирүү аракети экени белгиленүүдө. Ал эми өкмөт башчынын “Республика” фракциясы башкаруучу коалициянын жана өкмөттүн маселеси сентябрда парламентте талкууланып, андан кийин гана чечилиши керек болчу деп эсептешет.

Кармаштын чеги кеңейдиби?

“Ата Мекен” фракциясынын 21-августтагы жыйынында бир катар депутаттар башкаруучу “Биримдик” коалициясынан чыгуу демилгесин көтөрүштү. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев аны партиянын жер-жерлердеги өкүлдөрү да талап кылып жатканын белгилеп, бул боюнча бир жаңсыл чечим шаршемби күнкү жыйында кабыл алынарын айтты.

- Коалициянын келечеги боюнча маселени кабыргасынан коюшубуз керек. Эмне үчүн аны эртең карайбыз? Мисалы, аны караганга бүгүн деле жетишерлик добуш бар. Анткени бизден дайындалган министрлер, агентстволордун жетекчилери бар. Аларга биз өзүбүздүн чечим боюнча айтып, түшүндүрүп, кеңешип коюшубуз керек.

Тасмада: Өмүрбек Текебаев бул күнкү жыйында абактагы Абдулла Юсупов аттуу адамдын өзүнө каршы айтып жаткан айыптоолоруна да жооп берди.
(автордун тарткан тасмасы)

Текебаевдин айыптоолорго жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00


Бул күнү башкаруучу коалициядагы “Ар-намыс” фракциясы да жыйын куруп, коалициядан чыгуу чечимин кабыл алды. Фракцияс лидери Феликс Кулов муну өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов коалициялык келишимди сактабагандыгы менен байланыштырды. Жогорудагы эки фракция тең буга чейин эле өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин билдирип чыгышканы маалым.

Ушул эле күнү өкмөттү колдогон жана ага каршы турган бир катар коомдук уюмдар карама-каршы билдирүүлөр менен чыкты. Маселен, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана Социал-демократтар партияларынын Чүй облусундагы өкүлдөрү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, өкмөттүн кетишин талап кылышты.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Иманбек Асылбеков өкмөт башчы үмүттү актаган жок деген ойдо:

- Бабанов мурда Бакиевдин командасында иштегенине карабай КСДП биринчи ишеним көргөзүп чыккан. Ушул жигитти колдоп бергиле, дурус иштеп берет, чыгаан жигиттердин бири, мамлекетти көтөрөт деп... үмүтүбүз чоң эле.

Ошол эле кезде бул күнү премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдогон Бишкектеги маалымат жыйындарда бир катар уюмдар өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткан фракцияларга нааразычылыгын билдирди. Бириккен улуттук кыймыл деп аталган аты анчейин белгисиз коомдук уюм өкмөт эмес, парламент тарашы керек деп эсептейт.

Аталган уюмдун төрагасы Асылбек Кудайбердиев буларга токтолду:

- Азыркы өкмөткө 1-1,5 жыл иштегенге мүмкүнчүлүк беришсин. Анан Текебаевдин өзүнө жакпай калса эле өкмөт кетсин дейт. Азыркы өкмөттү алмаштыруу менен сумма өзгөрбөйт.

Белгилүү болгондой, өкмөткө ишеним көрсөтпөө, аны отставкага кетирүү боюнча фракциялар ортосунда башталган кармаштын чеги кеңейип бараткандай. Бул сыяктуу карама-каршылыктар өлкөдө нааразычылык акцияларын өткөрүү, митинг-пикеттерди уюштуруу менен да коштолбосо экен деп чочулагандар да жок эмес.

Фракциялар шашып кеттиби?

Ал эми парламенттеги “Республика” фракциясынын башчысынын орун басары Курманбек Дыйканбаев коалициянын ыдырашын табийгый көрүнүш деп санайт. Бирок ал ошол эле кезде бул маселелер парламентте талкуулангандан соң чечилиш керек болчу деген пикирде:

- Коалициянын аты “Биримдик”, бирок бүгүнкү күндө биримдик жок болуп жатса, демек ал биримдикти биз кагаз менен жасай албайбыз. Ошон үчүн бул табигый нерсе болсо керек. Эгер алар чыгабыз десе, ал жараянды эч ким токтото албайт. Эгер баарыбыздын көз карашыбыз келишпей жатса, аны биз күзүндө сессия башталып, өкмөттүн ишин укканда карайлы дегенбиз. Ошондо балким жаңы өкмөт же жаңы коалиция куралмак. Ошон үчүн менимче, баары сентябрда каралышы керек болчу.

“Ата Мекен”, “Ар-намыс", Социал-демократтар жана “Республика” фракцияларынан куралган “Биримдик” коалициясы өткөн жылы 16-декабрда түзүлгөн. Келишим боюнча эки фракция коалициядан чыккандан кийин ал ыдырады деп эсептелет.

Буга чейин Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдогону менен аны фракцияда талкуулай элек. Ал эми өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, аларды орунсуз деп атап келатат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG