Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

АКШ Гуантанамодогу акыркы орусиялыкты бошотот


Он төрт жылга түрмөгө кесилген теги орусиялык Равиль Мингазовду бошотуу тууралуу чечим 25-июль күнү кабыл алынды. Ал Гуантанамо түрмөсүнө камалган тогуз орусиялыктын акыркысы.

АКШ бийлиги Мингазовду Аль-Каида террористтик уюму менен байланышы бар деп айыптап, камакка алган. Мингазов Пакистанда террордук уюмдар менен байланышы бар деп айыпталган Абу Зубайденин үйүндө кармалган.

Орусия Равиль Мингазовдун камалышын сындап, ал мекенине кайтарылууга тийиш экенин билдирген болчу. Бирок, Пентагон маалымдагандай, Мингазов Орусияга баруудан баш тартып, ал жактан “мусулмандарга жасалган мамиледен улам” кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG