Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленүүдө.

Мыйзам долбооруна ылайык саясий уюмдардын каржылык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө сунушу кызуу талаш-тартышты жаратууда. Бул мыйзам Кыргызстандагы саясий партиялардын демократиялык негизде өнүгүшүнө өбөлгө түзөбү же бийликтин көзүн караган чектөөлөргө баратабы? Деги өлкөдө көп партиялуулукту өнүктүрүүнүн келечеги барбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна "Бир бол" саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев, саясий илимдеринин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев жана көз карандысыз юрист Эрик Ирискулбеков катышты.

"Азаттык": Эрик мырза, сиз кечээ ЖКнын тармактык комитетинин саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуусуна катышкан экенсиз. Мыйзам демилгечиси Юстиция министрлиги болууда, алар кандай сунуштар менен чыгууда?

Эрик Ирискулбеков: Бул мыйзамдын долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралган. Азыр экинчи окуусу комитеттин демилгеси менен болууда, кечээ аларды биз карап чыктык. Ал кандай өзгөрүүлөр?

Биринчиден, саясий партиялардын каржылоосунун ачыктыгы, экинчиден, партиялардын устав, программасы интернет сайтта илиниш керек деген талап бар.

Үчүнчүдөн, мурда партияларды уюштурууда, каттоодо 10 адам эле жетиштүү болчу, азыркы долбоордо алардын санын 120га көтөрүү каралууда.

Анан мурдагы мыйзамда деле партиялар сырттан каржыланбашы керек деген жобо бар болчу, азыркыда ошолор тагыраак жазылууда. Ошондой эле партия кайрымдуулук уюмдардан, диний мекемелерден каржыланбайт. Мындан сырткары партиялар эки жылда бир жолу Борбордук шайлоо комиссиясына кеңири отчет бериши керек деген жобо жүрөт. Дагы жеке адамдар партияларга туура эмес акча которууларды жүргүзсө, административдик жазалар да киргизилип жатат.

“Азаттык”: Досалы мырза, эгер ушул өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, саясий партиялардын кадыр-баркын көтөрүүгө, аларды сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгууга шарт түзүлөбү? Саясий партиялардын акчасын эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына көзөмөлдөш керек деген суроолор көп.

Досалы Эсеналиев: Чындыгында партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиш керек, бул заман талабы. Бир гана нерсе, ал өзгөрүү кайсы тарапка болуп жатат деген суроо жаралат. Парламенттик башкарууга өтүп жаткан биздин шартта саясий партиялардын орду өзгөчө.

Сиз сурап жаткан БШК орду таптакыр башка жакта. Анын негизги функциясы шайлоону, референдумдарды өткөрүү. БШКнын партиялардын каржысын текшерүү функциясы Конституцияга каршы келип жатат. Ошол эле аудиттик текшерүү да туура эмес. Ар бир партия укуктук тарап катары ошол эле салыкка, Социалдык фондго, Статистикалык комитетке отчет берип турат. Кошумча аудит өткөрүш үчүн, төлөш үчүн партияда 10-20 миң доллар акчасы жок.

Бирок ошол эле учурда бул мыйзам долбоорунун колдой турган жактары бар экен. Айталы, 10 кишиден турган норманы 120га көтөрүүнү колдосок болот. Жүз жыйырма адамды топтоо, аны партиянын программасына, идеологиясына ынандыруу, мүчөлүккө алуу оңой иш эмес.

“Азаттык”: Айталы, бул мыйзам долбоорунун өзөгү партиялардын каржылык ачыктыгы деп жатпайбы, сиздердин “Бир бол” партиясы 2015-жылы канча салык төлөдү, маалымат ачыкпы?

Досалы Эсеналиев: Биз өткөн жылдын жыйынтыгы менен эки отчет бердик. Биринчиси - салыкка жана Социалдык фондго, экинчиси - 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо партиянын каржылык отчету да тиешелүү мамлекеттик органдардын баарына берилген.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, сиз саясат таануучу катары демократиясы өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында Кыргызстандагы партиялардын укуктук базаларын чыңдоо боюнча кандай тажрыйбаларды сунуш кылар элениз?

Чолпонбек Сыдыкбаев: Өнүккөн мамлекеттерде да саясий партиялардын каржы булактары өтө маанилүү. Себеби, бул маселе мамлекеттин коопсуздугу менен тыгыз байланышта. Чет мамлекеттерде мамлекет өзгөчө ири партиялардын каржысын көзөмөлдөйт, ачыктыгын талап кылып турат. Мисалы, Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмуна кирген өлкөлөр 1998-жылы атайын келишимге да кол коюшкан.

Партиялардын каржылык булактарынын коопсуздугу боюнча нормалар бекитилген. Ошолордун көпчүлүгү сакталат, аткарылат. Ошентсе да эки башка мамлекеттеги эки ири партиялардын өз ара кызматташууларынын артында каржылык маселе турат деп эсептешет. Канткен күндө да, сырттан каржылык салым болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Партиялардын ишин көзөмөлдөө илгери “Ак-Жол” партиясынын маалында көтөрүлгөн, өткөн чакырылышта дагы партияларды мамлекет тарабынан каржылайлы деген демилгелер болгон.

Досалы Эсеналиев: Азыркы аракеттеги мыйзамда деле сырттан, чет өлкөдөн, диний уюмдардан каржыланбайт, деген норма бар, ал иштеп жатат. Партиялар мындай жоболорду сактаганга аракет кылышат, эгер бузса, аттап өтсө, партиянын коом алдында, эл арасындагы абройуна шек келип каларын жакшы билебиз. Ошондуктан буларды кайрадан киргизүүнүн зарылчылыгы жок.

XS
SM
MD
LG