Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Бабанов Бишкек мэрлигин мелжеп жатабы?


Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынын жыйынында. Бишкек, 11-октябрь, 2012.
Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынын жыйынында. Бишкек, 11-октябрь, 2012.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов бир аз тыныгуудан кийин кайрадан чоң саясатка аттанууда.

11-октябрда ал башкарган “Республика” партиясы курултай өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышаарын жарыялады. Ал арада Бабанов борбор калаанын мэрлигине аракет кылып жатканы тууралуу кептер тарап жатат.

Эки айлык тыныгуудан соң экс премьер-министр Өмүрбек Бабанов чоң саясатка кайтып келди. Анын "Республика" партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешке камданып жатат.

Бабанов премьерлик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткенине карабай, 100 күндүк программасынын негизинде чиновниктердин санын кыскартып, кызматтарды кайра түзүп, көп реформалар жасалды деп эсептейт. Азыр өзүнүн партиясын конструктивдүү оппозицияда экенин белгиледи:

- Биз Кыргызстандын саясий жашоосуна жаңы түшүнүк киргизели деп жатабыз. Оппозиция бул – жалаң гана сын, ушак таратуу эмес. Ал өкмөт туура эмес иштеп жатса, каталарын факты менен, иш жүзүндө көрсөтүү, туура жери болсо колдоо дегенди түшүндүрөт.

Ал арада "мурдагы өкмөт башчы борбордун мэрлигине камданып жатат" деген сөздөр айтылууда. Партиянын 11-октябрдагы жыйынында Бабанов журналисттердин “мэрликке камданып жатасызбы” деген суроосуна арсар жооп берди.

- Мындай кылсак жакшы болот эле. Биринчи, мына шайлоону тынч өткөрүп алалы, анан экинчи маселени карасак туура болот го деп ойлойм.

Бишкектик эксперт Аскарбек Мамбеталиев "Өмүрбек Бабановко мэрдин орду убадаланган үчүн ал мурдагы кызматынан унчукпай кетти окшойт" деп божомолдойт.

- Эгерде чындап шайлоо болсо, “Республика” партиясы өтпөйт. Менимче, бул партиянын колдоочулары Бишкекке караганда Таласта, же башка аймактарда көбүрөөк. Бирок партияга жогорку бийлик жактан колдоо болсо анда өтүшү мүмкүн.

Эксперт Аскарбек Мамбеталиев "өкмөт башында турган саясатчы үчүн бир шаардын жетекчиси болуу - анын саясий беделин түшүрүшү мүмкүн деген пикирлерге кошулбайт:

- Бишкектин мэри болуу бул – чоң нерсе. Азыр өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү борбордо жашап жатат. Бишкектин мэрлиги көп кызматтардан кирешелүү деп айтсак болот. Бир аялдаманы сатса эле канча акча түшөт. Борбордун мэрлиги спикердин ордунан, керек болсо премьер-министрдин ордунан да майлуу.

Саясат таануучу Алыбек Акунов “Республика” партиясынын борбордун башкаруусуна келүү аракетин мындай баалады:

- “Республика” партиясы дегенде эле Бабанов эске келет. Бабанов вице-премьер-министр, премьер-министр болуп турганда Кыргызстанды сызга отургузбадыбы. Бюджеттин таңкыстыгы 30 миллиард сомдон ашты, кийинки жылы түшчү салыкты азыр жеп алса... Шайлоочулар деле ким эмне иш кылганын карайт. 2010-жылдан бери эле бийликте болуп келатпайбы. Ошентип азыр же кышка даяр эмеспиз, же бюджетте каражат жок, же көмүр жок. Ошого карабай эле партиянын акчасы көп, мүчөлөрү байлар болгондуктан баары бир өтөт деп айтууга кайсы эксперттин оозу барат?

“Республика” партиясы 2010-жылы түзүлөөрү менен эле парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештен 23 орун алган. Партиянын өзөгүн жаш жана бай депутаттар түзөт.

Өмүрбек Бабанов өткөн жылы декабрда өкмөт башчылыгына дайындалган. Быйыл күзгө жуук "кыңыр иштерге аралашкан жана экономиканы кризистен чыгара алган жок, бюджет тартыш" деген кинелер менен кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG